Мадияр Русланов, ырчы: “АЙГЕРИМДЕ КӨПЧҮЛҮК АЯЛДАРДА ЖОК САПАТТАР БАР”

Чыгармачыл үй-бүлөлөрдүн саны дагы бир үй-бүлөгө көбөйдү. Актриса Айгерим Саматова менен ырчы Мадияр Русланов баш кошту. 3-августта Бишкектеги тойканалардын биринде актриса Айгерим Саматованын кыз узатуу тою болуп өттү. Турмуш жолуна сапар алып жаткан таттуу түгөйлөр менен той башталар алдында маектештик.

– Айгерим, Мадияр, түптөп жаткан пайдубалыңар бекем болсун! Бүгүн өзгөчө толкундоолор болуп жатса керек...

Айгерим: – Рахмат. Кош келипсиздер. Азырынча өзүмө сезиле элек. Той башталганда толкундоолор башталса керек.

Мадияр: – Рахмат. Толкундоолор акырындан башталды окшойт, мага сезилип жатат.

– Кыз алуудагы салт-санааларды колдонуп жатасыңарбы? Таласта калың кымбат дешчү эле...

М.: – Ошо кымбат экенин билип туруп дароо токтоттук (күлүп). Эми канча жылдан бери чогуу жүргөндүктөн салт-санаа боюнча баарын экөөбүз чогуу чечтик.

А.: – Эч кандай калың, сеп, кийит деген нерселер жок эле, заманбап кылалы деген чечимге келдик. Ата-энелерибиз дагы биздин чечимди колдоп, андан көрө ошол каражатты өзүңөр каалаган нерсеңерге керектегиле дешти.

– Мадияр, окурмандарга өзүңдү тааныштыра кетесиңби?

М.: – Мен Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш деген айылдан болом. Үй-бүлөдө беш бир туугандын экинчисимин. Мектепти бүткөндөн кийин Бишкек шаарындагы Искусство университетине тапшыргам. Чыгармачылык менен алектенгениме 5 жылдай болуп калды.

– Экөөңөрдү табыштырган жолдун башы кайдан, кантип башталды эле?

М.: – Айгерим экөөбүз Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство университетинен таанышканбыз.

А.: – Экөөбүз курсташпыз. Бизди досторубуз жакындатты. Мадиярдын эң жакын досу менен менин курбу кызым кыз-жигит болуп сүйлөшүп калышты. Биз студенттик жатаканада жашачубуз. Жигити келгенде ал мени ээрчитип алат, жигити Мадиярды ээрчитип келет. Ошентип алар менен чогуу жүрүп эле бири-бирибизди издеп, “каяктасың?” деген көзөмөлдөр башталып кетиптир. Бул мага кыз-жигит болуу сунушун деле айткан эмес, бир күнү көзүмдү ачсам эле “жаным” дешип калыптырбыз (күлүп). Ошентип студенттик күндөрдү чогуу өткөрдүк, 6 жыл кыз-жигит болуп сүйлөштүк.

– Бул убакытта таарынышкан учурлар болсо керек, алардан кантип өттүңөр? Кызганыч да болбой койбойт.

М.: – 6 жыл көп эле убакыт, мамилебизди сактап калуу оңойго турган жок. Жакшы-жаман күндөр болду, таарыныштык. Бирок баарына туура көз караш менен карап, жакшы жакка чечип келдик. Ар бир мамиледе кызганыч болот эмеспи, бизде деле кызганыч болот. Бирок түшүнүшүүгө аракет кылабыз. Айгерим кээде өзү бир нерсе кылып алып деле мага таарына берет.

А.: – Үй-бүлөнү, мамилени сактоодо мырзалардын туруктуулугу маанилүү окшойт деп ойлоп калдым. Биздин мамилебиздин сакталышына Мадиярдын салымы көбүрөөк. 6 жыл ичи айлап-жылдап таарынышып сүйлөшпөй калган учурлар болгон жок. Биз 2-3 саат, эң көп дегенде 2 күн таарынышкан учурларыбыз болгон. Мен күнөөлүү болсом да, болбосом да биринчи мен таарынам, Мадияр таарынбайт. Күнөөлүү болбосо да “мейли, менден кетти” деп кечирим сурайт.

– Бири-бириңердеги кайсы сапаттарды баалайсыңар?

М.: – Айгеримде көпчүлүк айымдарда жок сапаттар бар, ошон үчүн айланып жанында жүрөм. Аялзатына тиешелүү жакшы сапаттарга ээ. Айрым мүнөздөрү апама да окшошуп кетет.

А.: – Мадияр аябай камкор, боор тартып турат. Мындай сапат көп эле мырзаларда боло бербейт. Мадиярды ушул сапаты үчүн сыйлайм, баалайм.

– 25 жаштан кийин үй-бүлө курууга олуттуу карап каласың дешет го. Сенде бул кадамдын алдында кандай ой толгоолор болду?

А.: – Негизи 5-10 жыл сүйлөшөсүңбү, качан гана баш кошобуз деп чындап кадам таштаганда ойлонуп баштайт экенсиң. “Сүйдүм, жакшы бала” деп эле тийип кетүү биздин куракка туура келбейт экен. Бул адам мага кандай жолдош, балдарыма кандай ата болот, кайын журтка кандай күйөө бала болот? Менин кайсы кемчиликтеримди толуктай алат? Ушул адам менен түбөлүк жашай аламбы? Кайсы мүнөздөрүбүз келишпейт деп баарына маани бере баштайт экенсиң. Эми кемчиликсиз адам болбойт, кемчилик болсо бара-бара экөөң бири-бириңди тарбиялайт экенсиң. Түгөйлөр окшош болот деп коюшат го, Мадияр экөөбүздүн окшош жактарыбыз бар.

– Чыгармачылыгыңарга кандай көз караштасыңар?

А.: – Биз башында эле бири-бирибиздин чыгармачылыгыбызга тоскоол болбойбуз, тескерисинче, колдоо көрсөтөбүз деп сүйлөшкөнбүз. Съёмкаларга Мадияр мени өзү алып барып, алып келет. Биз бири-бирибиздин ишеничибизден чыгып, кызганычка мүмкүндүк берген эмеспиз.

– Көпчүлүк чыгармачыл түгөйлөр дуэт ырдап калышат эмеспи, силерди дагы көрүп калышыбыз мүмкүнбү?

М.: – Биздин да жакшы план, максаттарыбыз бар. Бирге дуэт ырдап калсак, сиздерге сөзсүз кабарлайбыз.

А.: – Азырынча өз тармактарыбызды колго ала берели, анан көрөбүз.

– Анан бүгүн эле Токтогулга жөнөйсүңөрбү?

М.: – Кыз узатуу той бүтөрү менен дароо Токтогулга жөнөйбүз. Үйлөнүү тоюбуз ал жакта өтөт.

– Убакыт бөлгөнүңөргө рахмат. Бактыңар чексиз болсун!

6 жылда бири-бирин канчалык таанып калышты деп жубайларга өз-өзүнчө суроо берип көрдүк.

Айгерим тууралуу:

– Кайсы жаныбарды жакшы көрөт?

М.: – Коёнду жакшы көрөт.

А.: – Күчүктү жакшы көрөм.

– Ага жаккан эң романтикалуу учур кайсы деп ойлойсуң?

М.: – Анын жанында көп болуп, чогуу кино көргөн учур.

А.: – Колумду сураган учур.

– Эмне жөнүндө кыялданат?

М.: – Мындай кылсак деп көбүнчө жашоо жөнүндө кыялданат.

А.: – Үй-бүлөм менен бир жакка барып эс алууну, чоң үйдө эки тарапты чогултуп бата алып жаткан учурду кыялданам.

– Азыр тырмагы кандай түскө боёлгон?

М.: – Ак го дейм.

А.: – Тырмагым френч.

Мадияр тууралуу:

– Сен эмне кылсаң Мадиярдын жини келет?

А.: – Мен ага бир нерсени айтпай жасаганда же жашырганда жини келет.

М.: – Мага айтпай бир нерсе кылып же бир жакка кетип калса.

– Түнкү клубга барабы?

А.: – Барбайт, ызы-чууну жаман көрөт.

М.: – Түнкү клубга барган эмесмин.

– Сенин кайсы кылыгыңды жакшы көрөт?

А.: – Түшүнүктүүлүгүмдү.

М.: – Эркелеген кылыктарын.

– Калп айткан учурлары болобу?

А.: – Кээде достору менен жүргөндө “чыгып жатам” дейт, бирок айткан убагында чыкпайт.

М.: – Ооба, болот.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1026, 5-11-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан