Күрөш боюнча кыргыз улуттук курама командасынын мүчөсү Тынар Шаршенбеков бул жылы жакшы жыйынтык көрсөтүүдө. Жакында Польшада өткөн мелдештен жалгыз алтын байгени куржунга салып келген балбанды кепке тарттык.
БАЛБАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы – 1997-жыл, 14-май
Туулган жери – Талас облусу, Манас району, Бала-Саруу айылы
Бою – 168 сантиметр
Салмагы – 63 килограмм
Жеке машыктыруучусу – Шухрат Ушуров
Учурда күрөш боюнча кыргыз улуттук курамасынын мүчөсү
Үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы
– Салам, Тынар, медаль кут болсун! Польшада өткөн мелдештен жалгыз алтынды сен алып келдиң, турнир сен үчүн кандай өттү?
– Рахмат. Бул мелдешке баарыбыз эле жакшы даярданып, алтын алабыз деп барганбыз. Буйрук экен, мен чемпион болдум, калган балбандар экинчи, үчүнчү орунду камсыздашты. Негизи 12-августта Түркиянын Конья шаарында өтө турган Ислам оюндарында күрөшөбүз. Бул турнир ошонун алдында даярдык катары өттү десем болот. Польшада бир жума болдук. Жалпысынан турнир жакшы өттү, өзүбүздү көрдүк, каталарыбызды билип келдик. Эми ошол каталардын үстүнөн иштеп жатабыз. Азыркы тапта Ысык-Көлдө Ислам оюндарына карата улуттук курама команда даярдыктан өтүп жатабыз. – Жыл башында байланышканымда “быйыл жыйынтык көргөзүшүм керек” деген элең. Ошол пландарды ишке ашыруунун үстүндө иштеп жаткандайсың.
– Ооба, быйыл Кыргызстандын биринчилигин уткан маалда байланышкансыз. Өлкө чемпиондугун утуп эле интервью берүүнү туура көргөн эмесмин. Кудайга шүгүр, андан бери ийгиликтүү жыйынтык көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк болуп жатат. Күрөштө жыйынтык көрсөтсөм деген менин көптөн берки кыялым болчу. Бул жылга жакшы даярдангам, Кудай мээнетимди текке кетирген жок. Буюрса, кыялым акырындык менен ишке аша баштады.
– “Мээнетиң катуу болсо, татканың таттуу болот” деген сөздүн далили болгон экен да. Спорт менен алектенип, бирок жыйынтык көрсөтө албай жатканы үчүн спортту жыйынтыктоого белсенгендерге эмне дээр элең?
– Эң биринчиси – бул талыкпаган эмгек. Эмгекти кылганга жараша адал кылыш керек. Эки жакка көп баспай, кечинде эрте жатып, эртең менен эрте туруп, машыгууну өз убагында жасап, режимди сактоо абзел. Той, туулган күн, оюн-зоок, клубдарга алаксыбай эмгектене бериш керек. Кудай баарын көрүп турат да, мээнетиңе жараша жыйынтыгы болот.– Жакшы, апрель айында Улан-Батордо Азия чемпиону болдуң. Карьераңдагы маанилүү учурду аттап кетсек болбос.
– Азия чемпиондугуна жакшы даярдык менен баргам. Ага чейин салмагым 70 килограммга чейин көтөрүлүп кеткен. Салмак кубалап, калыпка келтирип баргам. Алгачкы беттеште индус балбанын далысын жерге таза басуу ыкмасы менен уттум. Экинчи айлампада өзбек балбаны менен кармашып, аны да далысын жерге таза басуу ыкмасы менен жеңдим. Финалда казак балбаны менен кез келдим, экинчи бөлүктө анын дагы далысын жерге таза басып жеңишке жетише алдым.
– Жалаң далысын жерге басып жеңүүнүн учуру болуптур да?
– Ошондой болду көрүнөт. Негизи упай менен деле алдыга кетип жаткам. Бирок ошол ыкмага ылайык келип калып жатты. Бул чоңдор арасындагы эл аралык деңгээлдеги менин биринчи жолку алтын медалым десем болот.
Бул башталышы гана деп ойлойм. Кудай буюрса, алдыда көптөгөн ийгиликтерге жетем деген ниетим бар. Ушул жылы менин максатым – Дүйнө чемпиондугун утуу. Анан келечекте ар бир спортчудай эле Олимпиада чемпиону болуп, Кыргыз деген элди дүйнө элине таанытып, желегин бийикке желбиретсем экен деп кыялданам. Ошого аракеттенебиз.
– Жогоруда каталар деп калдың. Килем үстүнөн эле кандай ката кетиргениңди сезип каласыңбы же оюндагы видеону көрүп анан анализдейсиңби?
– Машыктыруучуларыбызга чоң рахмат айтам. Алар биздин кандай ката кетиргенибизди ошол учурда дароо айтат. Машыгуу учурунда ошол каталардын үстүнөн иштейбиз. Видеолорду дагы көрүп, өзүбүз карап, ошол катаны кийинкиде кайталабоого аракет кылабыз.
– Күрөштү кандайча тандап калдың эле?
– Негизи чоң аталарым, атам, агаларым кыргыз күрөшү менен күрөшүп калышчу. Айылда кыргыз күрөшү менен күрөшүп жүрчүбүз. Айылда шарт жок болчу да, атам бизди шаарга алып келип күрөшкө берген. Грек-рим күрөшүн Жоламан экөөбүз Бишкек шаарына келип баштадык. Биздин ушул даражага жетишибизге атамдын салымы чоң. Алгач атам мени Хаким Махмудовго алып барган, жарым жылдан кийин Жоламанды ээрчитип бара баштадым. Ошол учурда Хаким агай Жоламандын шыгын байкаптыр. Бир жылдан кийин Жоламан жумасына 3 жолу өзү залга бара баштады. Ошону менен ал дагы кызыгып кетти. Эми өзүнүн салмагында лидер болуп жүрбөйбү.
– Ортодо тыныгуу алган учурларың болду көрүнөт?
– Ооба, жаракатка байланыштуу тыныгуу алып калган учурлар болду. Өткөн жылы үйлөнгөм. Үйлөнгөндөн кийин беш айдай тыныгуу болду. Анан шаарга келип, машыгууну баштагам. Кудайга шүгүр, жемиштүү жылдардан болуп жатат. Үй-бүлөдө уулдуу болдук, спортто ийгилик жылмаюуда.
– Cпортчулар карьерага тоскоол болот деп үйлөнүүнү кийинки планга жылдырышчу эле...
– Ар кимге ар кандай таасирин берет окшойт. Мага тоскоолдук деле жараткан жок. Тескерисинче, мага колдоо болуп жатат. Жубайым башында түшүнө албай жүргөн. Азыр көнүп калды, сборго кеткенде “жакшы барып кел” деп эле узатып жиберет.
– Ар бир турнирден келгенде Таласка барасың, ээ?
– Таласка бат-бат барып турбасам сагынып кетем. Ата-энем Бишкекте, чоң ата-чоң апам Таласта жашайт. Мен чоң ата-чоң апамдын колунда өсүп, өз ата-энемдей эле болуп калган. Бир ай шаарда болсок, 2 ай айылдабыз.
– Маегиңе рахмат. Максаттарың орундалсын!
Динара Акимова