Таң эртеби, күнбү-түнбү, маанайыбызды көтөрүп, жагымдуу үнү, ажайып күлкүсү, шурудай сөздөрү менен угарманды арбап алчу кесип ээлери бар – алар диджейлер. Радионун да табияты сонун. Бул жолу диджейлер эфир учурундагы кызыктуу окуяларын баяндашат, бир күлүп алыңыз.Лилия Абдыбаитова, “Миң кыял”: “ЭФИРДЕ АЯЛЫНЫН АТЫН ТАППАЙ...”
– Бир ирет эфирге укук коргоо органдарынын 2 өкүлү келген. 23-февралдагы майрамдык эфир болчу. Негизи, көптөр микрофонду көргөндө сүрдөшөт. Алар да эфирге отурганда аябай сүрдөштү. Кең далылуу, салабаттуу, эр жүрөк жигиттер экени көрүнүп турат. Бирок микрофондун алдында толкунданып жатышты. Кызматы жөнүндө сүйлөштүк. Бир маалда “сиздердин жумушуңар жакшы болсун деп аракет кылып тамагыңарды жасап, кийимиңерди даярдаган жубайларыңыздарга салам айтып койбойсуздарбы” дедим. Бирөөсү айтты, экинчисине микрофон сунсам, өзүн жоготуп аялынын атын таппайт десең. “Келинчегимдин аты...” деп токтоп калды, баарыбыз тиктеп турабыз. Таппай туруп калганынан “келинчегиме деп коё бериңиз да” десек, ошентип айтты. Микрофонду өчүргөндөн кийин “үйгө барганда өлдүм” деп коёт. Ошондо “дагы жакшы, башка атты айтып алган жоксуз” деп күлгөнбүз.
Дагы бир окуя, таңкы эфирди Аскат, Нурел үчөөбүз алып барып жатканбыз. Бир маалда “угарман келди” деп калышты. Чыксам, 12 жашар сиңдисин ээрчитип бир айым келиптир. “Студияны көрөлү деп келдик эле” деп калды. Киргизип көрсөтүп жатып “сиңдиңиздин аты ким?” десем, “Лилия” деп калды. Анан студияга киргенде “Аскат, Нурел, таанышып алгыла, бул кыздын аты Лилия экен, менин урматыма коюлуптур” деп жатпаймынбы. Десем, эжеси “жок, сиздин урматыңызга эмес эле, жөн эле койгонбуз” дейт да (күлүп). Аскат менен Нурел “жыгылып” калды. “Өзүңүздү жылдыз сезип менин урматыма коюптур десеңиз ит кылды го” деп күлүштү. Эфирден угармандарга ушул окуяны айтып берсек, “Нурел, баламдын атын сенин урматыңа койгонбуз” деп жазгандар көп болгон. Анан Нурел дердеңдеп калды.Алина Баженова, “Европа плюс”: “ШЕРИГИМ СТУЛДАН КУЛАП КЕТИП КҮЛДҮРГӨН”
– Бир жолу эфирге “Серебро” тобу келген. Топтун кыздары шайыр го, эфирде күлүп, тамашалашып жакшы отурабыз. Бир маалда ыр коюп, эфир сыртында кандай суроолорду берем, кандайларды бербейм деп талкуулап жатканбыз. “Ушул суроого жооп бербей койсоңор болот, бул суроого каалагандай жооп бере бергиле” деп жатсам бир угарманыбыз “биз силерди угуп жатабыз” деп жазып жибериптир (күлүп). Андан кийин да көп билдирүүлөр келди. Көрсө, микрофонду өчүрбөй коюптурмун. Сүйлөшкөнүбүздүн баары угулуптур.
Бир ирет Яськов, Душимов үчөөбүз таңкы шоуну алпарып жатканбыз. Айланма креслолордо отурабыз да. Бир маалда Яськов артка жөлөнө коём деп тарс деп эле кулап кетти. Мен каткыра баштадым. Ал тезден туруп кайра отура калды. Ошол маалда эфирден “бул жакта эмне болду билесиңерби?” деп сүйлөп жатам. Угармандар “Яськов стулдан кулап кеткендей үн чыкты” деп жазышкан (күлүп).Алишер Анарбек уулу, “Кыргызстан обондору”: “ТАЛАСТЫК БАЙКЕ АШАТА СӨГҮП САЛГАН”
– “Таңкы тамаша” деген рубрика бар болчу. Таластык бир таксист байкеге чалыш керек болуп калды. Ошол учурда унаасынын мотору бузулуп үйдө жини келип отурган экен. Чалып “ассалому алейкум, байке. Баланча деген бейкесизби? Токтогулга барыш керек болуп жатат” десем, “машинам бузулуп калды” дейт. “Байке, коюңузчу, калп эле анте бербеңизчи, Одиссей айдайт экенсиз, жакшы машина...” деп сүйлөй бердим. “Уксаң, машинам бузулуп калды, үйдө жиним келип отурам, чын эле бузулуп калды” деп жатат. “Канча, байке, негизи канчага барып келесиз?” десем, бир бааны айтты. Андан 2-3 эсе көбөйтүп “15 миң сом берем, байке. Жеткирип коюңузчу, эмне болуп жатасыз?” десем байкенин “кызылы күйүп” калды окшойт, ашатып сөгүп кирди. Чочуп кетип, фейдерди түшүрөм деп башка баскычты түшүрүп алыптырмын, баары эфирден кетип калды. Байке сөгүп бүттү да, өчүрүп салды. Кайра чалып кечирим сурайын десем да окшошпойт. Андан аркы эфириң да окшошпой, бир кызыктай болгом, айтор (күлүп). Тимур Айдаров, “Тумар”: “ЭФИРДЕ ЫРЧЫ МЫРЗА КАНЫКЕЙ ДЕПТИРМИН”
– Бир жолу эфирге ырчы Каныкей келди. Аны тосуп алганда эле толкундандым. Анткени аны аябай жакшы көрчүмүн, чыгармачылыгы, ырлары жакчу. Эфир башталганда “ардактуу достор, эфирде бүгүн ырчы мырза Каныкей” дептирмин. Аны өзүм байкаган эмесмин. Каныкей эже эфирде “сиздер менен ырчы мырзаңыздар мен Каныкей” деп мени какшыктаптыр, аны деле түшүнбөйм. Угармандар “Ай, Тима, ушинтесиң да” деп жазышып, мени уялтышкан. Азыр да Каныкей эжеге жолугуп калсам, “Кандайсың, Тима иним?” деп мырзаларга окшоп сүйлөп тийише берет.
Мен үчүн эң күлкүлүү окуя ушул болгон. Мен жаңы иштеп баштаганда эфирге Согдиана келген. Эң биринчи интервьюм болчу. Болгондо да интервью толугу менен камерага тартылган. Мен, Лейла Рахимова, Оскар Батыров болуп алып барганбыз. Эфир бүттү, баары жакшы болду. Бүткөндөн кийин өзүм отуруп интервьюну көрдүм. 1 сааттык интервьюда мен 2 эле сөз сүйлөптүрмүн. “Ооба” деген гана сөздү айтыптырмын, аны да кесиптештериме (күлүп). Анан “ыхы” деп 3-4 жолу башымды ийкептирмин (күлүп).
Перизат Музуратбекова