КАПКАН (бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушу чагылдырылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

xxx

Айсара отургучтан кулап түштү. Нурзат тапанчаны мыкчыган бойдон шалдырап отуруп берди. Ал жөн гана коркутуп, Айсаранын маанайын түшүрүп, бактылуу күнүн бузуп койгусу келген. Бөлмөдөн атылган ок Тимурдун жүрөгүнүн үшүн алды. “Жок, жок, сен мени таштабашың керек” Тимур жан талашып жетип келип кызды кучактады. Кыздын дем алып жатканына кубанды. Кызды көтөрүп унаасын көздөй чуркады. Бул учурда атылган октун үнүн угуп сырттагылардын айрымдары чуркап келе жатышкан. Тимур аларга үн деген жок, түз эле унаасына жетти. Кызды унаага салып, эч нерсеге карабай шаардын көчөлөрүн чаң ызгыткан бойдон бейтапкананы көздөй кетип бара жатты. Эски көз эмеспи, аяштары жетип келип Нурзатты жерден тургузуп, отургучка отургузушту. Аял нес абалында экен, катып калыптыр. Аңгыча бири суу алып келип бетин жууду. Бир аз өзүнө келгенсиди. Көзүнөн сызылып жаштар ага берди.

– Муну кылмак эмесмин. Эмне болуп кеткенин билбей калдым. Мен эми кылмышкермин. Менин ордум эми түрмө болмой болду,- Нурзат жерде жаткан тапанчаны карап күбүрөндү.

– Кой, Нурзат, андай жаман ойдон алыс бол, жарааты олуттуу эмес чыгар,- деди бир аял.

– Кандай болгон күндө да мен кишиге ок чыгардым. Милицияга өзүм барам,- Нурзат ордунан туруп сыртты көздөй басты. Буттары араң шилтенип, колунун титирегени дагы деле байкалып жатты.

– Эч жакка барбайсың, бас, үйгө барабыз,- аяшы Нурзатты ээрчий басып, унаанын арткы орундугуна отургузду да, Нурзаттын үйүн көздөй айдап жөнөдү.

Качан гана Айсараны бейтапканага жайгаштырып бүткөндө Тимур коридордо турган досторун көрдү. Ичкериден чыгып келе жаткан Тимурду утурлай басышты.

– Эмне дейт, ыя? Жакшы эле бекен?

– Кудайга миң мертебе шүгүр, бактым бар экен, ок моюнун жанып өтүптүр. Таамай тийсе эмне болот эле?- Тимур досу менен кучакташып, ага боюн таштады. Врачтардан кеп уккуча ушунчалык чыңалууда, бир чети жоготуп алсам эмне болот деген коркунучта турган неме врачтын жакшы болот деген сөзүн угуп бошой түштү.

– Нурзат эмне болду?- деди бир кезде.

– Сарсанаа болбо, жанында Аиша бар, үйүнө алып кетиптир. Ал нес болуп калыптыр, жанында бирөө болуп турбаса болбойт.

– Энеңдурайындын катыны, айланы кетирмей болду.

– Сени катуу сүйөт экен да.

– Сүйүүсү курусун, акыркы учурдагы кылык-жоругу тойгузду.

– Санжар, келчи бери,- жигиттеринин бирин чакырды. Кире бериште турган жигит шыпылдап жетип келди.

– Балдарга дайындачы тиги Нурзатты. Дагы бир жиндилик жасап жибербесин. 24 саат бою көздөн оолак кылышпасын.

– Макул,- жигит артка кайрылып эшикти көздөй жөнөдү.

– Анан тиги тапанчаны көзүмө көрсөтпөй жогот,- деп дайындады. Бир кезде бул тапанчаны үйүнө өзү алып келген эле. Нурзат жашаган батиринде тапанча бар экенин деле эсинен чыгарып коюптур.

ххх

Кең Москва Карлыгач менен Байышты да кучагына алды. Экөөнү аэропорттон Байыштын досу тосуп алды. Ошол досунун батиринин бир бөлмөсүнө жайгашмай болушкан.

– Жакшы келип алдыңарбы, Кыргызстан кандай, туугандар жакшыбы?- унаага отургандан тартып досу бакылдап кубанычтуу сүйлөп баратты.

– Жакшы, Кыргызстанга көптөн бери барбай сагынып калгансың го.

– Сагынбай анан, буюрса, 2-3 айдан кийин он чакты күнгө барып келебиз. Өзүңөр канча убакытка келдиңер, кафелер эмне болду?

– Кафелер иштеп жатат. Жумуш жакшы болсо көпкө эле иштейбиз, кредиттерди жабыш керек дегендей.

– Жакшы. Бүгүн силерди келет деп атайын жумушубуздан бошодук. Аяшың үйдө дасторкон жайып күтүп жатат.

Досунун батиринин бөлмөлөрү өтө чакан экен. Батирдин калган 2 бөлмөсүндө да мигрант мекендештер жашаары маалым болду. Тамактанып болушкан соң Байыш менен Карлыгач өздөрү жашай турган төрт тарабы тең дубал болгон чакан бөлмөгө жайгашты. Жарыкты өчүрүп койсоң бөлмө көөдөй караңгынын кучагында калат. Бул бөлмөдөн сыртта күнбү-түнбү айырмалоого мүмкүн эместей.Кыргызстанда кенен үйдө жашап көнгөн немелерге бул бөлмө караңгы үңкүргө кирип кеткендей эле түр калтырды.

– Ушуну кааладың беле?- деди Байыш кийимдерди жыйнаштырып жаткан Карлыгачка жини келгендей.

– Эми айла жок, иштеп жашайбыз да. Уктаганга жараса эле болбодубу, кредиттерди төгүп бүтсөк, анан жакшы шарты менен батирге чыгып алабыз.

– Ай, жакшы жашообуздан козголдукпу деп да ойлонуп кетип жатам. Эми андан көрө Кудай өзү жардамдашып, ишибиз жүрүшсүн.

ххх

Бир заматта айыл эли арыдан-бери боз үй тигип, аялдар боорсокко камыр жууруп казан-аяк чогултуп башташты. Эки жакка кабар айтылып, түш оой тууган-урук четинен келе баштады. Огороддо жылкы союлуп, эшик алдында жүргөн кишинин саны уламдан-улам көбөйө берди. Бул учурда Марат гана ичинен эңшерилип, өзүн коёрго жер таппай кыйналып турду. Улам киши келген сайын апалап өкүрүп боз үйдүн капталында жалгыз отурду. Анда-санда айылдагы туугандарынын бири жанына отуруп караан болуп коюшат.

Туугандардын улуулары чогулуп Америкадагы кызына кабар айтуу боюнча сүйлөшүп калышты.

– Тиги Америкадагы кызды эмне кылабыз?

– Азыр айтканыбыз менен келе албайт да. Биротоло кыркылыгына келсин. Кырк-ашка чукулураак айталы.

– Кийин анан бизге капа болуп калбайбы?

– Капа болгондо эмне, сөөк эртең жерге берилет. Күн болсо түштөн ооду, жетип келе калбайт да. Кыркылыкка чукул айталыбы?

– Жеңеме телефон чалат ага чейин, эмне дейт элек?

– Андай болсо сөөктү жайга берели, анан шашпай чалып угузалы,- акыры ушуга токтолушту.

– Ай, тиги Маратты жалгыз үңкүйтпөй жанына бириң алмак-салмак барып тургулачы,- деди шаардан келген агасы.

Ошентип кемпирдин сөөгү жерге берилди. Түштөн кийин туугандар четинен кете башташты. Киши азайган сайын Маратка апасынын мындан ары жер үстүндө жоктугу катуу сезиле баштады. Сөөк жерге берилгенине бир нече саат болсо да Марат өксүп ыйлаганын токтото албай жатты. Ар ким кайрат айтат, бирок айтылган кайрат жан дүйнөнүн өксүгүнө кайдан жардам берсин?..

– Ата, ыйлабачы,- кичинекей уулу атасынын жашын сүртүп алдына отурду.

– Марат, мына могу уулдарың үчүн чыйрал. Жеңемди эми артка кайтара албайбыз, айла жок. Биздин өсөрүбүз калган жок деп мен сага эскерттим эле. Дагы жакшы, сен үйгө келип жанында болгонуңа, аз да болсо кубанып жашады.

– Кеч келдим, кеч. Эртерээк ойлонсом эмне? Байкуш апам кейип жүрүп өтпөдүбү...- Марат көзүн жашылдантып колун мыкчып коюп жатты. Анын сырткы көрүнүшү ичиндеги чыңалууну даана чагылдырып турду.

– Эх, уулум, өлмөйүн тирүүлөр бааланбайт деген ушул тура. Өлбөчүдөй көрүп учурунда эч нерсени ойлонбойбуз да. Жеңем сен өкүнгөндөй деле жаман жашоодо жашаган жок. Дайыма барчылыкта жашады. Эми агамдын көзү өткөнү үйдө жалгыз болуп, жалгыздыктан эле кейип калбадыбы. Курулай өкүнө бергениңди токтот. Белиңди бууп, могу эки балаңды жакшылап кара. Аялым кетти деп жүрө бербей үйлөн, сенин дагы теңиң бардыр...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1026, 5-11-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА