Аскерде каза болгон жоокердин бир тууганы: “ИНИМ ЧОҢ СЫРДЫ БИЛИП КАЛГАНЫ ҮЧҮН ӨЛТҮРҮЛҮШҮ МҮМКҮН”

29-июль күнү Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан Калыс Абдыкабылов каза болду. Мекеме жетекчилиги “жоокер курал менен кокусунан өзүн атып алды” деп билдирди. Буга маркумдун туугандары ишенишкен жок. “Иним өзүн өлтүрө турган бала эмес эле. Шайыр, жаркыраган, эли-жериме кызмат кылам деген жигит болчу” деп эскерет бир тууганы Кайрат Турдубаев.

“Иним эңсеп, дегдеп жүрүп аскерге кеткен”

– Аскерде каза болгон иним Калыс үйдө 6 бир туугандын бешинчиси. Ак-Суу районунун Челпек айылынан болобуз. Апам мындан 8 жыл мурун каза болуп калган. Иним аскерге кызмат өтөөнү дегдеп, эңсеп жүрүп барды. Бир жолу “байке, биздин үйдөн эч кимиңер аскерге барган жоксуңар, мен барып кызмат өтөп келейин” деди. Бишкекке окууга тапшырам деп кетип, кайра күзүндө “жок, аскерге эле барайынчы” деп айылга келип алды. Чуркап, машыгып, аскерге барам деп өзүн даярдап жатты. Иниме 2022-жылдын 17-март күнү аскер комиссариатынан чакыруу келди. Сүйүнүп Балыкчыга барды, бирок анда орун толуп калыптыр деп кайра келди. Кийин аскерге кабыл алынды, апрель айындагы ант берүү салтанатына үйдөгүлөр барып катышып келишти. Мен ал убакта Москвада болчумун. Экөөбүз социалдык тармактан такай сүйлөшүп турчубуз. “Баары жакшы, кабатыр болбоңуз” дечү. Каза болордон 20 күн мурун иним кызмат өтөп жаткан жерге ырчы Гүлназ Чыныбек кызы барып ырдап кетиптир. Ошондо ырчыны коштоп бийлеп, аябай шаңдуу жүргөнү тартылган видеолор жүрөт. Ал видеону мен да көрүп өзүнө чалгам, “ооба, концерт аябай сонун болду” деп мактады. Жашоону менин инимдей сүйгөн киши жок болчу, ал өзүн-өзү ата турган бала эмес эле.

“Ок каракуштан кирип, эки көздүн ортосунан чыгып кеткен”

– 29-август күнү эртең менен биздин эжебизге бирөөлөр чалып “кайрат кылыңыз, иниңиз Калыстан айрылып калдык” деп кабарлашыптыр. Эжебиз тамашалап жатат го деп трубканы коюп салат. Бир аздан кийин Караколдун аскер комиссариатынын кызматкерлери келип “иниңер өзүн-өзү атып алды” деп кабар угузушуптур. Ошондо туугандар бири-бирибизге чалып ызы-чуу болуп калдык. Баарыбыз нес абалда болдук, агам ооруп учурда ооруканада жатат, атам да кайгыдан ооруп калды. Ал эми экспертизанын жыйынтыгы бир айдан кийин чыгат деп жатышат. Иниме тийген ок кара куштан кирип эки көздүн ортосунан чыгып кеткен. Бир көзү агып калыптыр. Медэксперт болуп иштеген аял “артынан өзүн-өзү атып алган окуяны биринчи жолу угуп жатам, мындай болушу мүмкүн эмес” деди. Төбөсүндө уюган кан бар экен. Атылганда гематома болушу мүмкүн эмес экен, бир болсо башына катуу сокку алган. Биз өзүн-өзү атайын же кокусунан атып алды деген версияга такыр ишенбейбиз. Иним түрмөнү, жабык жерди кайтарып жатат. Ал жакка баңгизат, акча жана башка мыйзамсыз заттарды алып киришерин угуп эле жүрбөйбүзбү. Бир болсо түрмөдөгү мыйзамсыз иштерди билип калган, анан тигилер кылмышты жашыруу үчүн инимдин көзүн тазалашты деп ойлойм. Анткени иним калыс, чынчыл адам болчу, айтчу нерсени балп эттирип бетке айтып салчу.

“Атабыз иниме топурак сала албай калды”

– Атабыз 56 жашта, апам каза болгондон кийин ден соолугу начарлап, жүрөгү, буту ооруп калган. Атабыз кайгысынын баарын ичине жуткан, жумшак, эмгекчил киши. Инимдин өлүмү ага катуу тийди, азыр да ооруп жатат. Атам жайлоодо элдин малын карайт. Ак-Сай өрөөнүндөгү жайлоого бир ай мурун эле чыгып кеткен. Жайлоодо телефон тартпайт. Биз дароо эле малдын кожоюнуна чалып окуяны айтсак, ал атамды алып келгени жолго чыкты. Ак-Сайга барып-келүүгө эки күн кетет. Кожоюну барса атам сезгендей эле “эмне бир нерсе болдубу?” деп шекшип сураптыр. Тиги киши атамды тоодо инсульт болуп кулап калбасын деп айтпай ээрчитип келиптир. Үйгө келип баласынын каза болгонун укканда өзүн жоготуп жыгылды. Тилекке каршы, инимдин жаназасына жетишип келе алган жок. Инимдин сөөгү 4 сааттай ок атылган жерде жатып калыптыр, биз айылга алып келгиче ок тийген жерлери курттап баштагандыктан атамды күтпөй эле жерге берүүнү чечтик.

“Буту менен берип, башы менен алдык”

– Ошентип чырактай курагында, он гүлүнүн бири ачыла электе бир тууганыбызды жерге берип отуруп калдык. Аскерге буту менен кеткен бир тууганыбызды башы менен алдык. Биз алтообуз бири-бирибизге жөлөк-таяк болуп, кичүүбүздү улуубуз багып өстүк. Калыс такыр сыр катчу эмес, жүрөгүндө, оюнда эмне болсо ачык айтчу. Мектепти бүткөндө 3-4 айдай “Тазалык” ишканасында шаар көчөлөрүн шыпырып да иштеп жүрдү, тапканын үйүнө ташыйт эле. Инимди акыркы сапарга узатууда аскер бөлүктөн жооптуу адамдар келген жок. Болгону прокуратурадан келишти.

Учурда ишти аскер прокуратурасы тергеп жатат. Инимдин өлүмү тыкыр жана акыйкат иликтенишин талап кылабыз. Кичинекей дүкөндөрдө видеобайкоо бар, эмне үчүн килтейген түрмө кайтарган жерге видеобайкоо коюшпайт?! Аскердин өмүрү ушунчалык арзанбы? Аскерде өлүп, сабалган окуялар ай сайын болуп жатат, бул окуяларга тиешелүү түзүмдөр анализ жүргүзүп алдын алуу чараларын көрүшпөйбү? Мындай кайдыгер, тоготпос мамиле качан токтойт? Качанкыга чейин карапайымдардын балдары өлө бериши керек? Бул окуянын адилет иликтенишин талап кылып президентке, өкмөт башчыга да кайрылам.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА