ЫРЧЫ ЖИГИТТЕРИБИЗДИН САЛМАГЫ ЖАНА АРМАНЫ

Эл көзүндө жүргөн соң сырткы көрүнүшүн көзөмөлдөөнүн кыздарга гана эмес, жигиттерге дагы тиешеси бар. Ал эми азыркы ырчы жигиттерибиз мурдагы муундагы ырчы агаларына салыштырганда эмнегедир арыктай сезилишет. Балким, баралына келгенде булар да агаларындай болушаар. Ага карабай азыркы ырчы жигит-терибиздин салмагы менен арманына азил-чыны аралаш тийишип, бир аз чымчып койдук. Албетте, көгөртө эмес...

Мирбек Атабеков
Учурдун мыкты ырчысы аталган Мирбектин бою 176 сантиметр, салмагы 65 килограмм экен. Эгерде чындап эле бою 176 сантиметр болсо, салмагына 11 килограмм жетпей калат. Өзүнүн айтуусунда, ырларга табити ачылып, жаңы ыр жараткан сайын тамакка болгон табити да ошончолук ачылып жатыптыр. “Мурун 60 килограмм болсом, тамакты эч тандабастан жеп жатып дагы 5 килого семирдим”,- деп мактанды ырчы. Албетте, КТРдин эркин элигиндей колу жеткен көрсөтүүдө так секирип жүрсө, мындан өткөн бакыт барбы Мирбекке.
Арманы: “Кыз болуп калсам Канат байкемдин жанынан жарым карыш чыкмак эмесмин...”

Мирбек Иманбеков
Кара торусунан келген жылдыздуу ырчы Мирбектин бою былтыр ушул маалда 173 сантиметр, салмагы 62 килограмм болчу. Ал эми азыркысы кандай экенин продюсери Асыл Апасова айттырбай койду. Эмнеге анткенин ким билет, балким, бир жылдын ичинде жакшы багып жибергендир. “Таластык кыз” доорунан “Сүйүүнүн керемети” дооруна чейинки өзгөрүү кандай экенин өзүңүздөр баамдап билсеңиздер керек.
Арманы: “Бир аз агыраак болгонумда...”

Султан Садыралиев
Кыздарды кыйкыртмак турсун чаңырткан ырчы Султандын бою 174 сантиметр, салмагы 65 килограмм. Эки элдин эрке баласы болсо да, эмнегедир Султанды семирте албай жатат окшойбуз. Балким, сүйгөн кыздарынан келген каттарды окуп бүтө албай арыктап жаткандыр. Мүмкүн кат жазган кыздардын көптүгүнөн башы айланып, тамакка да табити тартпай жатабы? Же продюсери Динара Эсенгулова диетага отургузуп койду бекен? Эмнеси болсо да, Султан Султан болуп турганда семирбегенде качан семирмек эле?
Арманы: «Динара эже күйөөгө тийбей эле койсо жакшы болмок».

Акбар Сүйүнбаев
Узун бойлуу, терең ойлуу Акбардын бою 180 сантиметр, салмагы 73 килограмм экен. Бул ырчы жигитибиздин оорун колдон, жеңилин жерден ала турган продюсери жоктугунан улам семирбей жатса керек. Эчтеке эмес, Акбар, кыбыраган кыр ашат эмеспи. Андыктан, кыбырай бер, бир күнү кырга чыгып калсаң ажеп эмес. Анан да Нарынга барып эттен көп-көп жеп турсаң, балким, семирип калаарсың.
Арманы: “Бетимдеги тактарым кетсе жакшы болмок”.

Алихан
Канат Култаевдин эрке окуучусу Алихандын бою 175 сантиметр, салмагы 63 килограмм тура. Алик, “казга теңелем деп карганын буту сыныптыр” болуп “Стар Денске” тең келем деп бийлеп жатып бир жериң сынып калып жүрбөсүн. Тушоосу жаңы кесилген бул ырчы жигитибиз азырынча жаш. Мирбек байкесинин артынан калбай эгиз козудай ээрчип, чыгармачылыктын анча-мынча сырларын үйрөнүү­дө. Ким билет, баралына келсе Алихан да мыкты ырчылардын катарында болуп калаттыр.
Арманы: “Эртерээк чоңойсом экен”.

Чыңгыз Мырзаев
Ди-джей, ырчы “красавчик” жигит Чыңгыздын бою 182 сантиметр, салмагы 65 килограмм. Айланайын, Чыңгыз, боюңа тең келиш үчүн дагы 18 килограммга семиришиң керек экен. Коллективиң менен продюсериңдин ортосунда чайналып жүрүп семирбей жатасың го, ээ? Балким, “бойдоктуку бойго жукпайт” демекчи, бул жигитибиз бойдоктугунан улам семирбей жаткандыр. Ошондуктан, Чыңгызга камыр тамактарды жакшы жасоо жагынан эч кимге ат салдырбаган Таластын кыздарын сунуштаар элек.
Арманы: “Эфирде сөз таппай калганда калкалоочу анекдоттор түгөнбөс болсочу, эй”.

Ирлан Таалайбеков
Окуучу кызга ашык болгон Ирландын бою 165 сантиметр, салмагы 60 килограмм. Окуучу кыздардын шамалына жыгылчудай болгон Ирланды Асыл эжекебиз жакшы бага албай жатат го. Эч нерсе эмес, Ирлан, Мирбек агаңа Асыл апчең көбүрөөк убакыт бөлүп коюп жатса керек да. Бирок, сага айтаар кеңеш: Асыл эжеңден эч жакка кетпесең эле Кыргызстандын төрт бурчуна сени жылдыз кылып коюу продюсериңдин колунан келет.
Арманы: “Асыл эжеге Мирбектен мурдараак келсем болмок”.

Ильяз Абдразаков
Аранжировканын акесин тааныткан Ильяздын бою 168 сантиметр, салмагы 60 килограмм экен. Шоу-бизнестин өгөй баласы болсо да өз эмгеги менен нан таап жегенге үйрөнгөн бул жигит. Албетте, ак эмгек менен тапкан тамак сиңимдүү болот эмеспи. Бирок, чоң агаларына кошулуп эрте чоңоюп алганы өкүнүчтүү.
Арманы: “КТРде иштеген бирөөнү продюсер кылсам болмок экен”.

Сапар
“Атага катты” катыра созгон Сапардын бою 175 сантиметр, салмагы 68 килограмм эле. Андан кийин эле Артык акесине окшошом деп 10 килограммга толуп алды. Анан дагы акесин туурап кабагын түйүп алганын кантесиң?! Эч кыймылдабай эле чоң атаңардын төрүндө отургансып отуруп алып ырдай берсеңер силер семирбегенде мен семирмек белем? Продюсериңерге айтып, репертуарыңарга бир чыгыш ырын кошуп койсоңор бир аз бийлеп, кыймылдап, арыктамаксыңар.
Арманы: “Артыктан айрылсам да продюсеримден айрылбасам экен”.

Сема
Каракулжанын бул жигитинин бою 177 сантиметр, салмагы 80 килограмм. Жалаң гана «Гималайда» ырдап, кафенин тамагын жей берип семирип кеткен окшойт да. Ушул жигиттин кызганган бирөөсү бар болсо керек. Ошол адам тамактын түрүн жасап берип жатып бул жигитибизди багып жиберген болушу да мүмкүн.
Арманы: “Мени кыздар сүйүшсө, бирок, кызганышпаса”.

Кайрат Примбердиев
Султандын чыгармачылыктагы иниси Кайраттын бою 165 сантиметрди, салмагы 57 килограммды түзөт. Бул жигит дагы Султан менен бир акырдан жем талашып жеп жаткан кези. Динара эжесине биринчи келген Султан Кайратка караганда көбүрөөк жеп коёт окшойт. Кантсе да Султан акең уядан учуп кетмейинче семирбей калдың го, Кайрат.
Арманы: “Канатым болгондо го, сахнада көп секирип чарчабайт элем”.

Чымчыган Замира Рахманбердиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 243, 29-июнь-5-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан