КАПКАН (бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушу чагылдырылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Үйдө топурап жүргөн туугандар четинен кетип отуруп эч ким калган жок. Караан тутканы эле эки уулу, алар дагы жүдөп, бүжүрөп эле отуруп калышты. Үйдүн нуру өчүп, кадимкидей сумсайып, аңгырай түшкөнү Маратка эми катуу билине баштады. Эч бир нерсе апасы бардагыдай эмес. Эч нерсеге көңүлү чаппай, ичи эңшерилип турган неменин жадакалса куурай сындырууга каалоосу жок эле. Бирок эки уулун карап отуруп аяп кетти. Акыркы күндөрү алардын эмне ичип, эмне жегенин деле караган киши жок. Өздөрү менен өздөрү болуп уулдары чоңоё түшкөндөй сезилди Маратка. Ошолорду карап шалдайып отурган ордунан туруп, тамак жасоого белсенди. Балдарынын курсагын тойгузуп жаткырып коюп, өзү уктай албай койду. Эшикте басып жүрдү эле, бир учурда дарбаза ачылып, досу кирип келди.

– Кандай, дос? Билдим ушул сенин уктабай жүргөнүңдү. Айла жок эми, ажалга баш ийебиз да, апаң кишинин мыктысы эмес беле,- бакылдап бир аз ичимдик ичкен кебетеси бардай, кызып калыптыр.

– Кайдан сен мындай кеч? Кел, отур,- эшик алдына орнотулган отургучтун бир жак четине жыла берди Марат.

– Сага атайын келдим, көпчүлүктө көңүл айта албай калдым, таарынган жоксуң да, ээ?- Коюнунан бөтөлкөнү сууруп чыкты.

– Ошого да таарынчу беле, аныңды кой, андан көрө сүйлөшүп отуралы.

– Ой, ачууну ачуу басат деп коёт. Муну ичкенчекти сүйлөшүп да отурабыз. Ичиң күйүп турса керек, энени жоготуу эле оңой бекен?- бакылдап отуруп желим стакандарга арак куя баштады. Бири, артынан экинчиси болуп отуруп билинбей бөтөлкөнү түбүнө түшүрүп коюшту. Жанатан ар нерсени ойлонуп отурган Марат эми өзүн жеңилдей түшкөндөй сезип, көңүлү сергий түштү. Ичиндегиси жөн отургузбай, экөө экинчи бөтөлкөнү алып келишти. Таң сүрүп калганда экөө чай ичкен үйдө үстөлдү тегеректеп уктап калышты.

ххх

– Таң атканы же кеч киргени билинбейт, качан болсо караңгы,- Байыш наалып төшөктөн туруп телефонунан саатты карады.

– Саат жок болсо бир жөн, качан эле терезени карап ойгончу элең? Ойготкучка карап эле ойгоносуң да. Жөн эле кейип-кепчий бербечи. Иштеп акча чогултам деген мигранттын жашоосу ушундай эле болот. Наалыбай жумушка жакшы маанай менен бар андан көрө,- деди Карлыгач терезесиз бөлмөнүн жарыгын жандырып жатып.

– Каяктагы жакшы маанай, могундай үйдөн ойгонсоң? Сен кайсы жумушка чыкмай болдуң?

– Азырынча соода түйүнүндө товар тизип турсам, анан кассага өткөнгө аракет кылам. Берки бала багуучу жумуштун акчасы жакшы экен, бирок графиги ылайык келчүдөй эмес, ошол жакта түнөш керек экен.

– Дүкөнгө эле чык, ал жактын деле акчасы жаман эмес чыгар. Мен болсо бир бригадага кирип жатам. Көп кабаттуу үйдүн ичин жасайт экен, иштебеске чара жок. Кредиттин да төгүлө турган күнү келе жатат.

Чай берип Байышты жумушуна жөнөтүп, өзү жумушка камына баштады. Бишкектен кетсе эле жан дүйнөсү жай тапчудай болгон. Бирок жер эле алмаштырганы болбосо, дүйнөсү өзгөрүп кеткен жок. Кайрадан эле өтмүшүн, балдарын ойлоп ичинен кейигени башталды. Жаңы жашоодо жашап жатканы менен, башындагы көйгөйдү биротоло унтуп салууга кайдан мүмкүн болсун. Болгону өткөндү аңтара бербөөгө үйрөнүү керек. Өткөндү аңтара берип учур менен жашаганды таптакыр унутуп салабыз. Карлыгач да ошондой абалда жашап жатат. Сүйүүгө мас болуп турган кезинде гана баарын унутуп салып, учур менен жашап калган. Бирок ал учур бат эле өтүп кетти.

ххх

Тимур Айсаранын палатасын айланчыктап жүрөт. Үйгө кеткени менен, жай алып отура алчудай эмес. Ооруканада жүрүп, Айсараны улам көрүп турганда санаасы тынып, жүрөгү жай алып жатты.

“Тынч, өзүбүз менен өзүбүз болуп жашап калган күнгө качан жетер экенбиз? Улам бири бүтсө, бир башталат. Беймарал, тынч жашоо, сен ушунчалык бийик же алыс белең?” деп ойлонду Тимур. Ойлоп көрсө, өмүрүнүн көбү эле кымкууттукта өтүп келе жатыптыр. Ушунчалык жан дүйнөсү тынчтыкка чулганган бир жашоону самап турду. Ушул жашына чейин жумуш, көңүл ачуу деп жүрө берип, жашоосуна, жан дүйнөсүнө эч качан үңүлбөптүр. Ушул тапта жан дүйнөнүн тынчтыгы бакыт экенин түшүнүп турду.

– Тимур мырза, кирсеңиз болот,- ак халатчан медайым палатаны көздөй кол жаңсады. Ушуну эле күтүп тургандай Тимур тура калып шашыла палатаны көздөй жөнөдү. Кирип эле шыпты тиктеп жаткан Айсараны көрдү. Аяп кетти.

– Кудайга миң мертебе шүгүр, сен жанымдасың,- Айсаранын саамайынан акырын өптү да, колун кармап жанына отурду.

– Балким, бул Кудайдын жазасыдыр. Мен ушуну ойлондум,- деди кыз көзүнөн жашын сызылтып.

– Андай дебечи, сага эмненин жазасы болсун?

– Үй-бүлөнү бузган Кудайга жакпаса керек.

– Айсара, антип айтпа, сен үй-бүлө бузган жоксуң. Ал үй-бүлө башта эле жок болчу. Жөн гана эл үчүн аты бар үй-бүлөнү жокко чыгарып койдук. Ошол эле, бул жерде сенин кымындай күнөөң жок. Сен ушуну бил, өзүңдү эч качан күнөөлүү сезбе.

– Анда эмнеге бизге ушунчалык тоскоолдуктар болуп жатат?

– Жакшы жашоо дейинби, же жан дүйнө каалаган нерсе дейинби, айтор, булар бийик турат көрүнөт. Аларга колуңду сунуп эле оңой жетүүгө мүмкүн эместей. Ал үчүн бир аз чыдамкайлык, анан сабыр керек өңдөнөт.

– Жолдун башында гана ушунча нерсени жашадык. Алдыда дагы эмнелер болорун бир Кудай билет, Нурзаттын кылыгына чыдайлы дейсиңби?

– Жок, сен муну кайдан алдың? Нурзат эми бизге жолобойт, сүйлөштүм. Сый менен калалы дедик эле, болбоду, өзүнөн көрсүн.

– Билбейм, ай, тапанча көтөрүп жетип келген немеден баарын күтүүгө болот го дейм.

– Ишенимдүү айтып жатам. Эми ал бизге жологондон дагы коркот.

ххх

Нурзат үйдөн эч жакка чыкпай кайтарууда жатып өзүнө келди. Ошол күнү тапанчаны көтөрүп жетип барганына өкүндү.

– Эмне кереги бар эле, өлтүрүп алсаң колуң канга булганып отурмаксың, дагы Кудайың бар экен,- деп өзү менен өзү сүйлөшүп отурду.

– Өмүр өтүп жатат. Өзүң үчүн жашай берсең болбойбу, жакшы жашоо үчүн сөзсүз, Тимур керек беле? Тимурсуз деле жашоо бар да, болгону сен жашаганды билбейсиң,- күзгүдөн өзүн карап турду. Ушул тапта эмнегедир ушул учурда өзүн психологмун деп тааныштырган Эрмек Таиров эсине түштү. Сумкаларынын ичин төгүп баягы визиттик карточканы издей баштады.

– Өх, акыры таптым. Жоготпоптурмун,- деп алып дароо номерди телефонуна тере баштады.

– Саламатсызбы, Эрмек? Сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүгүңүз барбы?

– Угуп жатам сизди. Кандай суроо боюнча байланышып жаттыңыз эле?

– Атым Нурзат. Эсиңизде барбы-жокпу, билбейм, экөөбүз кофейнядан жолуккан элек. Мен сиздин китебиңизди окуп отургам. Сиз...

– Аа, эстедим. Менден кандай жардам керек?

– Тез арада сизге консультацияга барышым керек болуп жатат. Мен сиздин жардамыңызга муктажмын. Мени кезексиз кабыл ала аласызбы?

– Демек, тез арада. Сиздин ушунчалык муктаждыгыңыз болсо кечинде кабыл алсам болот. Азыр күндүз кенен убакыт жок.

Экөө жолуга турган дарегин такташып алып коштошушту. Нурзат жолугушууга камына баштады, анын бул кадамы жаңы жашоого белсенгени эле...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1027, 12-18-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА