АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)

(Башы өткөн сандарда)

Узак жолдо кетип бара жатты Эркин. Айсулууну издеп таппаса жаны жай алчудай эмес. Дем ала албагандай абалда эле. Альфиядан алган дарек менен Калия иштеген оорукананы тапты.

– Саламатсызбы?

– Саламатчылык.

– Мен Эркин...

– Кайсы Эркин?

– Айсулуунун жолдошу Эркин, ой, мурунку жолдошу...

Калия бойлуу, келбеттүү жигитти карап турду. Айсулуунун кыйналып жүргөнүн эми түшүнгөндөй болду. Бардык тарабы келишкен жигит тура. Тагдырдын мындай бурулушу болбогондо экөө аябай бактылуу болушмак экен. Аттиң десеңчи...

– Айсулуу сени көргүсү келсе мынчалык алыска кетмек эмес деп ойлойм. Азыр аны өзү менен өзүн койгонуң дурус. Эми араң өзүн колго алып келе жатат.

– Эже, жардам бериңиз. Мен ансыз дем ала албай баратам. Мен ансыз жашап жатканымды билбейм, тамак ичип жатамбы же бир нерсе сезип жатамбы түшүнбөйм. Жашап жатам, бирок жашабай эле турам. Канчалык кыйын экенин айта албайм. Анын үстүнө Айсулуунун бир жабык дүйнөсү бар, ал эч кимге арманын айтпайт, эч кимден жардам да сурабайт. Жок дегенде сыртынан байкап жардам берип турсам... Аз убакта төрөйт, сиздин жардамыңыз менен жок дегенде алыстан көрсөм...

Калия ойлонуп калды. Эркиндин чын дилинен күйүп жатканын байкады. Оор үшкүрдү.

– Ал оор жолдон өтүп келе жатат. Бул жакка келгенде кыйын болчу ага, азыр бир аз өзүнө келип калды. Сени көрсө кайра ошол абалына түшүп калабы деп корком. Өзүң айткандай, өтө назик дүйнөсү бар анын. Кайра-кайра картын сыйрый бербей ал даяр болгондо келсең, балким, жакшы болмок. Мен анын жакшы болуусун каалайм.

– Сиз ага ким болосуз?

– Эч ким.

– Айсулуу сиз менен кеткенине караганда...

– Мен анын атасынын жакшы таанышымын.

– Жок дегенде кайда экенин билсем...

Калия ойлонуп калды. Айсулуу дагы деле Табылды табыптын тоо коюнундагы үйүндө болчу. Эркинге айтуусу керекпи?

– Сен ал үчүн баарын кылам дедиң, ээ?

– Ооба, жанымды сураса аны да берем.

– Анда сени аны менен жолуктурам. Баары бир жай отуруп сүйлөшүп алышыңар керек. Качкандан баары бир эч нерсе өзгөрбөйт. Эртең саат 10:00дө ушул жерге кел. Мен сени Айсулууга алып барам.

– Макул, эже, рахмат.

Эркин сүйүнгөнүнөн Калияны өөп жибере жаздады. Эртеси экөө тоо коюнундагы Табылды табыптын үйүнө жөнөп кетишти.

ххх

– Күчтүү адамдар кечире алышат. Сен балаңдын атасын кечирсең, Кудай дагы сага ырайымын төгөт. Сен бул керемет нерсени сездиң, ээ? Кудайдын сага болгон жардамын сездиң, менимче...

– Ооба, бирок мээмде толтура суроолор. Мен аны менен бир өмүр жашай аламбы? Кайра-кайра эсиме түшкөндө анын да, өзүмдүн да жашоомду тозокко айландырып албаймынбы? Ооба, кандай болгон учурда да мен аны сүйөм. Бирок сүйүү алдыбыздагы каршылыктарды жеңе алабы? Ар бир катасында жүзүнө урсам ал менден тажап...

– Сен мунун баарын ойлонгондон пайда жок. Баары бир кылып көрбөсөң кандай болорун билбейсиң да. Мен сага ишенем, сенин жүрөгүңө ишенем. Азыр силердин алдыңарда бардык тоскоолдуктар алыныптыр. Атасы түрмөдө каза болуп калыптыр.

– Сиз кайдан билесиз?

– Калия айтты.

Айсулуу көзүн жума берди. Атасынын өлүмүнө себепчи болгон адамдарды Кудай өзү эле жазалады. Адамдын жазасына муктаждык барбы?

– Мен бул жерде жашап турайынчы, дагы бир аз сеанс жасайлы. Бейпилдикти сездим, эмнегедир ушул жерден кетким келбей жатат.

– Кызым, төрөшүңө аз калды. Тоо арасында кооптуу болушу мүмкүн. Мен табыпмын, бирок бала төрөтүп көргөн эмесмин,- деди аста жылмайган Табылды табып. Анткени ал чын эле келиндин толгоосу жакындап калганын жүзүнөн билип жаткан эле.

Ошол учурда сыртка машине келип токтогон добуш угулду. Боз үйдөн сыртка чыккан Айсулуу Калия менен Эркин келе жатканын көрдү. Көздөрү чоңоюп кетти. Качкысы келди. Шарт бурулуп алып бет келди басып бара жатты. Эркин анын аркасынан жөнөдү.

– Кайдан таптың муну?

– Издеп келиптир, жалдырады, ыйлады. Жок дегенде бир жолу көрүп алайын деди. Эмне кылмак элем? Алып келдим.

– Жакшы жагына чечилсе эле болду,- деди кабатыр болгон Табылды табып.

– Айсулуу, токто...

– Келбе дедим мен. Издебе дегем.

Жете келген Эркин Айсулуунун колунан алды. Энтиге дем алышкан экөө бирин-бири тиктеп туруп калышты. Кыздын сулуу көздөрүнөн көзүн ала албады Эркин.

– Кет дедим!

– Кетпейм, эми кандай кылсаң да кетпейм. Мен сенсиз жашай албайм, түшүнүп жатасыңбы?

– Баары бир биздин жашообуз болбойт.

– Бир күндүк бактыбыз миң күнгө татый тургандай өмүрүбүз болот. Сен уруксат берсең, ушунчалык бактылуу болобуз.

Кыз энтиге тиктеп турду. Жүрөгү бул адам деп тургандан кийин бир карыш да алыс кете албасын сезип турду. Эркиндин жүзүнө карап аны ушунчалык сагынганын сезди. Мындан ары качканга, тагдырына каршылык көрсөткөнгө алы жок экенин билди. Кайда качпасын, ушул жүз, ушул өң, ушул жүрөк аны баары бир ээрчип ала турганын анык түшүнүп турду. Андай болгондон кийин качып кереги барбы? Алы кетип жерге отура калды.

– Мен кыйналган жок дейсиңби? Мен азап чекпеди дейсиңби? Мен билем, дагы да азап чегем. Бирок баары бир сенден баш тартып кете албайм, Айсулуу. Кандай жазаңа болсо да чыдайм. Мейли, мени жек көрө тикте, мени сүйбө, ар бир көз карашың ийне болуп сайылсын мага. Мен баарына даярмын. Ошондой тозоктун арасынан бир көз ирмем бакытты таап жашаганга даярмын. Болгону мени жашооңдон чыгара көрбө. Муну так сезип турам. Сенсиз жок болуп кетем.

Эркин ыйлап жатты, Айсулуу анын жүзүндөгү жаштарды колу менен сүрттү. Аргасы жок, күйөөсүнүн көкүрөгүнө жыгыла берди. Аалам, дүйнө жылып бараткандай сезилди. Сагыныч, жек көрүү, сүйүү, тагдырга тапшыруу, бул жерде бардык сезимдер бар эле. Эч качан айрылбаш үчүн биригип жаткан тагдыр сыноосу ушу менен бүтүп жаткандай эле. Күн калкылдап батып баратканын тиктеп экөө үн-сөз жок отура беришти. Мүмкүн болбогон жерден бирин-бири таап алышканына сүйүнгөндөй аалам да аларга жылмайып турду. Бир учурда Айсулуу ичи ооруп, бели сыздай түшкөнүн байкады. Көздөрү алайып кетти. Табылды табыптын “тоо арасында төрөйсүңбү?” деген сөзү угула түштү.

– Эмне болду?

– Толгоо..

– Кандайча, азырбы?- деди карбаластаган Эркин.

– Ооба.

Табылды табып менен Калия чай ичип отурушкан эле. Айсулуунун кебетесинен эле толгоо башталганын билишти. Экөө тең коркуп кетти, анткени врачтар төрөт оор болорун алдын ала айтышкан эле.

– Эмне кылабыз?

– Шаарга, ооруканага жетиш үчүн бир топ саат бар. Кыйналып калат,- деди табып. – Сен доктурсуң, сен төрөттү кабыл аласың...

– Мен кардиологмун, гинеколог эмесмин,- деди Калия алдастай.

– Эч нерсе болбойт, айла кеткенде гинеколог да болосуң.

Айсулуу тер кетип чабалактап жатты. “Толгоо деген ушул белем? Ар бир аял ушундай кыйноодон өтөбү?” деп ойлоп коёт. Өзүнөн бетер карбаластаган Эркинди, Калияны карап алардын көзүндөгү коркууну сезип жатты.

– Эмне болду?- деди сыртка чыккан Калиядан Табылды табып.

– Менимче, терс кеткен бир нерсе бар, төрөй алчудай эмес. Баланын жүрөгү да алсыздана баштады. Эмне кыларымды билбей калдым,- деп отура калып ыйлап жиберди Калия.

– Эркин, өлүп баратам. Эгерде мен... Мага бир нерсе болсо баламды жакшы кара. Убада бер, менин уулумду жакшы карайм деп убада бер!- деди Айсулуу энтиге.

– Жок, жок, жок, сен өлбөйсүң!- деп бакырып жиберди Эркин...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА