"КЕЛИНИМ, МЕН СЕНИ АЖЫРАШТЫРАМ..."

– Унчукпадым, мейли, кетсең кет дедим ичимден. Уулумдун маңдайына жазылган дагы бир аялзат тургандыр. Көздөрү мөлтүрөгөн, улам бир кылыгы менен ичимди элжиреткен эки небереме гана ичим ачышканы болбосо сенден көңүлүм муздады. Сени менен тергөөчүнүн кабинетинен көрүшкөндө үмүтүм биротоло өчтү. Тергөөчү жигит мени көрсөтүп “бул аял сиздин кимиңиз болот?” деп сурады эле, мисирейип туруп “мурдагы кайненем болот” дедиң. Уулум менен биротоло ажыраша элегиңде, никеңер кыркыла электе “мурдагы” болуп калганымды угуп оозум ачылды.

Уулум “апа, келиниңиз болот” деп жаңы тааныштырганда эле жаккан эмессиң. Адамды кытмыр тиктеген, карегиңде куулук катылган, улуудан ыйбаа кылышты билбегениң дароо эле байкалган. Жүзү бакытка толуп жадырап турган баламды аядым, сезими муздабасын деп калп айттым, “мага да жакты, башкысы экөөңөр бактылуу болсоңор болду” дедим ичимдегини жашыра. Аттиң, ошондо эле ачыгын айтканымда, балким, азыркыдай жагымсыз абалда калбайт элек. Той өткөрүп элден бата алдык. Кайнене менен чогуу жашагың келбей турганын да дароо сезгем, баары кабак-кашыңдан эле көрүнүп турчу. Абышкамдын “келиндин колунан чай ичсек болот эле” дегенине көнбөй, силерди өзүнчө бөлүүгө шаштым. Апаң, сенин тилиң менен айтканда “мурдагы кудагыйым” жашооңорго кийлигишип жатты. Улам ар кайсыны айтып, өзүнөн артпаган акылын бизге үйрөткөнүн койбоду. Ошенте бергенинен бир жолу жиним келип сылык-сыпаа кагып койдум эле, таарынып көпкө сүйлөшпөй жүрдү. Ошентип Орусияга иштемекке кеттиңер, ишиңер жүрүшүп кичине бутка тура баштаганыңарда мен байкаган ичтеги жылан ойгонуп, көөп кетипсиң. Анын баарын минтип 5 жылдан кийин угуп отурам. Балам “апа, муну менен жашоо болбой калды, кылган жоруктарын уксаңыз жакаңызды кармайсыз” деди бир сүйлөшкөнүмдө. Эмне жоруктар экенин сураганга оозум барбады. Куулук-шумдугу жок, түптүз баламды мен жакшы билем. Бир күнү эптеп шылтоо таап жаңжал чыгарып, ошол эле күнү жүгүрүп барып ажырашууга арыз жазып салыпсың. Алимент, аны-муну талап кылдың. Демек, тымпыйып алып ажырашууну пландап жүргөнсүң. Баламды “подстава” кылып милицияга салып бергениңди укканда абышкам биротоло чалкасынан кетти. “Мага андай келиндин кереги жок, экинчи көзүмө көрсөтпөгүлө” деди. Таарынышып кетсең убактылуу эки бөлөк жашап турсаңар, балким, таарынычың жазылганда кайра жашай берет элеңер дейин дегем, дебедим. Антип айтуунун такыр кажети жок экенин түшүндүм. Мына, эми ажырашасыңар. Балам мага ишеним кат берип, анын атынан сотко катыша турган болдум. Силерди ажыраштырам, кандай жаман сөз, ээ? Эки жолу сотко келбей койдуң, жүздөгөн чакырым жол басып Бишкекке убара болуп келип кеттим. Көзүңдүн кареги менен тең айлансам да, бир жолу үнүмдү бийик чыгарып сүйлөбөсөм да мага мээрим коё албапсың. Буга, балким, менин да күнөөм бар. Тергөөдө сүйлөшмөк түгүл учурашпай да койдуң, айланып-кагылгандан башка эмне жазыгым бар эле сенде? Жашоодо сыноону гана эмес, дөөлөттү да көтөрө билүү керек экен, көрсө.

Мурдагы кайненең

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА