МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО: ЭЛЕКТЕН ТАТЫКТУУЛАР ӨТҮП ЖАТАБЫ?

Билим берүү жана илим министрлигинин реформасына ылайык, учурда мектепте 5 жылдан ашык иштеген директорлорду кызматтан бошотуу, жаңы директорлорду сынак аркылуу тандап алуу процесси жүрүүдө. Директорлукка талапкерлер тест тапшырып дараметин сынап жатышат. Реформа максатына жетеби? Сынакта коррупцияга жол берилбейби? Ушул сыяктуу окурмандарды кызыктырган суроолорго жооп издедик.

Билим берүү жана илим министрлиги: “ДИРЕКТОР ТАНДООДО АДАМДЫК ФАКТОР АРАЛАШПАЙТ”

– Учурда өлкө боюнча мектеп директорлугуна талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү иши жүрүп жатат. Директорлорду тандоодо адамдык фактор аралашкан жок, эч кандай комиссия түзүлбөдү. Биринчи этап электрондук форматта өттү. Анда талапкер эч кимдин кийлигишүүсүсүз, сынакка катышуу ниетин билдирип министрликтин сайтына табыштама жөнөттү. Учурда экинчи этап – тест тапшыруу жүрүүдө. Тестте 60-80 суроо болуп, ага жооп берүүгө 80 мүнөт убакыт берилет. Адамдык фактор аралашпагандыктан бир да тест сатылган жок. Тестти толтурууга кирчү кодду эч ким билбейт, ал чет өлкөдө отурган адистерде гана бар. Ал кодсуз эч ким тестке баш багып, суроо-жоопторду карап биле албайт. Тесттер бири-бирине окшобойт, ар бир талапкерге рандом аркылуу өзүнчө жасалып чыкты. Талапкер үчүн электрондук тест беш багытта түзүлдү. Билим берүүдөгү менеджмент, педагогика, психология, билим чөйрөсүндөгү мыйзамдар жана маалымат технологиялары боюнча суроолорго жооп беришет. Сынакка жогорку педагогикалык билими, 7 жылдан кем эмес педагогикалык иш тажрыйбасы барлар катышууга мүмкүнчүлүк алышкан. Бүгүнкү күндө Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 500 бош орунга сынак өтүп, 209 жаңы директор тандалды. Ош облусунда 359 талапкердин ичинен 88и, Жалал-Абадда 220 талапкерден 61и, Баткенде 147 талапкерден 60ы тесттен ийгиликтүү өттү. Чүй облусу боюнча 182 талапкердин 69у, Талас облусу боюнча 75 талапкердин 24 талапкери тесттен өттү. Ал эми 20-августта Нарын, Ысык-Көл облустарында талапкерлер тесттен өтүшөт. Ош шаарындагы 17 мектептин директору 23-август күнү тандалат.

Зейнеп Жамакеева, Билимдин сапатын жана маалымат технологияларын баалоо улуттук борборунун жетекчисинин орун басары: “КӨЧӨДӨ ЖҮРГӨНДҮН БААРЫ ЭЛЕ ДИРЕКТОР БОЛГУСУ КЕЛҮҮДӨ”

– Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунда директорлорду тандоо үчүн компьютердик тестирлөө жыйынтыкталды. Тестирлөөнүн максаты – мектеп директорлугуна талапкерлердин билим сапатын текшерүү болчу. Тестирлөөнү жүргүзгөн адис катары айтсам, көпчүлүк талапкерлердин тесттеги жоопторунун жыйынтыгына канааттанган жокмун, менеджмент, IT боюнча түшүнүктөрү нөл экен. Айрым талапкерлерден документ толтурууда олчойгон катачылыктар кетип жатты, жеке электрондук почтасы жок, аны колдонгонду билбеген талапкерлер бар. Жободо жазылган 8 документти 8 башка почтадан жиберген талапкерлер болду, биз аларды өзүбүз топтоп жаттык. Мисалы, көп талапкерлердин документи жарабай калды. Биринин диплому нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмес, экинчисинин тиешелүү маалымдамасы жок. Жалал-Абад облусу боюнча талапкерлердин 27 пайызы гана босоголук баллдан өтүштү. Көчөдө жүргөндүн баары эле директор болгусу келип жатат. “Мектепте иштегем” деп бир талапкер кайрылды, бирок экономика багытында билим алган экен, аны талапкер кылып каттай алган жокпуз. Анткени, биздин жобого ылайык, директор болчу адамдын жогорку педагогикалык билими болушу керек. “Өмүр бою ИИМде иштегем, мен директор болушум керек” деп дагы бир жаран ызы-чуу салып жатат. ИИМде иштеген адам балдар менен иштей алабы? Азыр балдар мурункудай эмес, абдан прогрессивдүү, алар менен тил табышуу өтө кыйын. Негизи башында талапкердин мектепти өнүктүрүү боюнча 5 жылдык программасы болсун деген талабыбыз бар болчу, тилекке каршы, аны алып салышты. Ошол жобону калтырып коюшса болмок.

Тесттен эң көп упай алган талапкерлерди министрликтин сунушу менен райондук билим берүү бөлүмдөрү директорлукка дайындайт. Жогорку балл алган эки талапкердин упайы бирдей болуп калса, алар үчүн кайрадан сынак уюштурулат.

Кеңешбек Сайназаров, серепчи: “БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА ЧОҢ БОШТУК БАР”

– Мектеп жетекчилерин алмаштыруунун башкы себеби – азыркы окуучулардын билим деңгээли боюнча абал. Кыргызстанда билим берүү тармагында чоң боштук бар. Аталган боштукту билим алуучулардын жетишкендиктерин баалаган PISA (дүйнөнүн булуң-бурчундагы окуучулардын сабаттуулугун жана билимин турмушта пайдалана билүү жөндөмүн баалайт) тестинин жыйынтыктары айгинелеп койду. 2006-2009-жылдары Кыргызстандын окуучуларынын көрсөткүчтөрү абдан начар эле. Учурда кенже класстардагы балдардын 80 пайызы тамга тааныганы менен, окуган нерсесинин маанисин түшүнбөйт. Бул жерде жалпы билим берүү системи гана эмес, директорлордун ролу да көп нерсени чечет. Мектеп бюджетин бөлүштүрүүдөн мугалим, балдар жана алардын ата-энелери менен иш алып барууга чейин, билим берүү процессине, мектептин өнүгүшү, окуучулардын билим деңгээлин жогорулатууга да түздөн-түз катышууда директорлордун ролу чоң мааниге ээ. Азыр мектеп директорлорунун көпчүлүгү билим берүү процесси менен эмес, кагаз иштери, отчёт, мектептерде тартипти жөнгө салуу жана каржыны бөлүштүрүү менен администратордун ролун аткарышат. Азыркы жаңы жобо боюнча директор билимдин сапатына көбүрөөк убакыт бөлө баштайт.

Нуржигит Кадырбеков, Жогорку Кеңештин депутаты: “СОВЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖАКШЫ ЖАКТАРЫН САКТАП КАЛСА БОЛОТ”

– Менимче, мектеп директорлорун 5 жылда бир шайлап туруу туура эле. Мамлекеттерди башкаргандар деле белгилүү бир мөөнөткө шайланып жатпайбы. Президенттер эки мөөнөт иштегенде деле 8-10 жыл иштешет. Мектеп жетекчилери 20-30 жыл иштегени менен, мейли, жакшы иштесин, бирок баары бир мотивациясын жоготуп коёт. Кан алмашып туруш керек. Билим берүү тармагында маселе абдан көп, анын баарын бир күндө чечүү мүмкүн эмес. Окутуучулар арасында советтик ой жүгүртүүнүн тиби дагы деле сакталып келе жатканы чындык. Бирок бул системдин деле жакшы жактарын сактап калса болот. Азыркы замандагы өзгөрүүлөр, инновация, жаңы идеялар, жаңы демилгелер илим-билимдин сапатына чоң пайда алып келе турган болсо ошолор менен интеграция кылыш керек.

Гүлмира Исакова, Баткен облусу боюнча тестирлөөдөн эң көп упай алган талапкер: “МУГАЛИМ ТЫНЫМСЫЗ ИЗДЕНҮҮСҮ КЕРЕК”

– Буга чейин Кадамжайда Орун Абдрахманов атындагы мектепте директор болуп иштечүмүн. Жашым 40та, 3 баланын энесимин. Компьютердик тестирлөөдө 80 суроонун ичинен 74 суроосуна туура жооп бердим. Негизи директорлордун билим деңгээлин ушундай жол менен текшерип туруу ыкмасы мага жакты. Мугалим тынымсыз издениши керек, анткени ал билим булагы. Директор методикалык жактан, заманбап технология жагынан мугалимдерге жардам берүүсү кажет. Тажрыйбамда ушул нерсеге абдан көңүл бурам. Биздин билим берүү системи эски, ал эми дүйнө саат сайын өзгөрүп жатат. Ошол агым менен чогуу кетсек гана окуучуларга сапаттуу билим бере алабыз. Баткен облусу боюнча эң көп упай алганыма буга чейин улуттук машыктыруучу болуп сабак бергеним да себеп болду деп ойлойм.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1028, 19-25-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА