Кыргыздын эстрада жылдызы Айчүрөк Иманалиеванын башына оор сыноо түштү, тун уулу Арген 2 ай мурун мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Эне үчүн орду толгус жоготуу экени талашсыз. Бирок тирүүлүк уланат эмеспи. Оор жоготуудан кийин маек берүү кыйын болсо да сунушубузду четке какпай Эл артисти оор кайгысы менен бөлүштү.
– Айчүрөк эже, саламатсызбы? Ден соолугуңуз жакшыбы?
– Саламатсыңар, биз, кыргыздар, кандай болсо дагы “жакшы” дегенге көнгөн эл эмеспизби. Тирүүнүн күнү улана берет экен...
– Чоң жоготууну баштан өткөрдүңүз, эне үчүн оор болсо да бүгүн уулуңуз тууралуу сурайлы дедик. Аргендин кичине кезин эстеп берсеңиз, кандай бала эле? Мүнөзү кандай эле?
– Мага энелик сезим кандай болорун тааныткан тун уулум Арген болду. Тун уулум, тирегим (ыйлап)... Эне үчүн тун бала өзгөчө орунга ээ болорун бардык эле энелер моюнга алышса керек. Эрте, 19 жашымда балалуу болдум. Ал убакта, чынын айтсам, өзүм деле бала бойдон экенмин. Арген мени жоопкерчиликтүү болууга, башка бирөөгө кам көрүүгө, өзүмдү эмес, биринчи кезекте баланы ойлоого көндүрдү. Арген менен Арлендин жаш айырмасы тогуз жыл. Тогуз жыл бою жалгыз бала болуп, эркелеп, энелик мээримимди толук алып чоңойду. Инилүү болгондон кийин эркелиги бир топ азайып, үйдүн улуусу экенин сезип жоопкерчиликтүү болуп калды. Аргендин жанда жок боорукерлиги бар болчу. Кабагымдан эле эмнени ойлоп жатканымды байкап койчу. Бир туугандарына да күйүмдүү болуп чоңойду. “Аэлитаны (ред.: карындашы) ырдаталы, токтотпойлу” деп көп айтып жүрдү. Колу ачык, берешен эле. Досторуна акыркы тыйынын карматып, акыркы кийимин чечип бергенден да кайтчу эмес. Материалдык дүйнө ал үчүн маанилүү эмес болчу. Бир башкача жан дүйнөсү бар, адамдык мамилени бийик койгон балам эле. Кудайга да жакшы адамдар керекпи, эрте алып кетти...
– Ырчылыкты эмнеге таштап койду эле?
– Азыр ойлойм, баланы кичинекей кезинен ырдатып, эл алдына алып чыккан туура эмес окшойт. Кенедей кезинен жанымда, сахнада жүрдү. Кайда барбайын ээрчитип алчумун. Ырдаганга кызыгып калганынан “Ак бантик”, “Айдана”, “Мөлмөлүм”, “Кетем бүгүн аскерге”, “Жарамазан” деген бир топ ырларды жаздыртып бердим. Дайыма жолдо жүрүү көңүлүнө тийдиби, бир аз чоңойгондон кийин ырдаганга кызыгуусу жоголду. Эл алдында жүрүү, көпчүлүктүн көз алдында болуу жаш баланы жалкытып койдубу дейм. Айтор, өзү бир күнү “болду, ырдабайм” деп чечти. Мен анын тандоосун сыйладым. Чыгармачылыктан такыр алыс кесипти тандады. – Оор жоготууну көтөргөнгө жакындарыңыздан бирөө жардам бергендир...
– Уул-кызым, жолдошум баарыбыз чогуу үй-бүлөбүздүн башына түшкөн оор кайгыны көтөрүп жатабыз. Бири-бирибизди сооротуп, бири-бирибизге күч-кубат берип, бири-бирибизге көрүнбөй ыйлап калабыз. Айтор, азыр мен үчүн эң оор күндөр өтүп жатат. Баламдын кыркын өткөрөрүбүз менен бейитине эстелигин орноттук. “Кийинчерээк орнотсоңор деле болот” дешти. Бирок менин көңүлүм тынчыбай койду. Эстелигин орноткондон кийин баламдын алдындагы дагы бир милдетимди аткаргансып калдым.
“Мен көз жумсам, өмүр бою буркурап,
Энекебай, кара чачың ак болор...”- деген ыр саптары сыяктуу эч бир эненин башына баланы жоготуу күйүтүн салбасын. Тогуз ай курсагыңда көтөрүп төрөп, кылыгына кубанып, түйшүгүнө чыдап чоңойтуп, анан эле колуңдан учуруп жиберүү абдан оор азап экен. Төрөлгөндөн берки ар бир көрүнүшү көзүңдөн сүрөт сыяктуу өтөт. Кучактап, жыттагың келип, бирок караанын таба албай, зар какшап отуруп калат экенсиң. Жакындарым, досторум дагы көңүлүмдү көтөрүп, жанымда жүрүшөт. Аларга абдан ыраазымын.
– Жолдошуңуз, балдарыңыз үчүн күчтүү болуңуз. Кызыңыз Аэлита чет өлкөгө сынакка барат деп жаттыңыз эле...
– Жакшы пландарыбыз бар эле. Аэлита июнда чет өлкөгө эл аралык сынактарга катышууга бармак. Камылга көрүп жатканбыз. Бирок күтүүсүз келген кайгы пландарыбызды өзгөрттү. Аэлитанын да учурда көп нерсеге көңүлү жок, чөгүңкү маанайда жүрөт. Өзүбүзгө келгенге дагы убакыт керектелет го дейм. Бирок чыгармачылыгын улантууга аракет кылабыз. Аргендин да каалоосу ушул болчу. Аны аткарышыбыз керек деп ойлойм.
– Аэлитага продюсер болууну улантасызбы?
– Аэлитаны кичинекей кезинен эле элге чыгаруу кыялым, максатым болчу. Кызым дагы бул жаатта абдан даярданып, тийиштүү музыкалык билим алды. Шубин атындагы музыкалык мектепти аяктады. Кызыгуусу, дарамети күчтүү. Ара жолдо калтырууга акым жок деп эсептейм. Буюрса, ушул оор абалдан чыгып алсак, баары акырындан болот.
– Жоготуунун жараатын эмне айыктырышы мүмкүн? Чыгармачылыкка алаксып жатасызбы?
– Чынын айтсам, эч нерсе айыктыра албайт го дейм. Бул өксүк, кайгы мени менен өмүр бою жүрсө керек. Бала – бооруң, кызыл эт жүрөгүң. Бооруңдун, жүрөгүңдүн жарымынан ажырагандан калган жараат өмүр бою сызылып, сыздатат. Бирок кайсы бир деңгээлде жашоонун агымынан калбай аралашып кетүүгө жардам берсе керек. Эненин дайыма кайгырып отурганын көрүү балдарга да оор. Ошондуктан белимди бекем бууп сабыр кылайын деген менен, кайра эле бошошуп кетип жатам.
– Күчтүү болуңуз. Айта турган сөзүңүз болсо тоскоол болбоюн...
– Мени менен чогуу кайгырып, кайгымды тең бөлүшкөн, жылуу кептерин айтып, алдыга умтулушума күч-кубат берген бардык адамдарга ыраазычылык билдирем. Мен бир нерсени байкадым, чыгармачылыкта аз жүрсө дагы, Арген көпчүлүктүн эсинде калыптыр. Бала кезин эстегендер, көңүл айткандар көп болду. Бала кезинде ырдап, ар бир адамдын өз баласындай элес калтырып кеткенби, көп адамдар чын дилинен кайгырышты. Элдин көбү мага сабыр тилеп, абалымды сурап жатышты. Эл деген деңиз экен. Баарыңыздардын үйүңүздөрдүн эшиги бир гана жакшылыкка ачылсын. Балдарыбыздын кубанычын гана көрөлү, эч бир эне баласын жоготуп сыздабасын. Чын дилимден каалаарым ушул.
Нуржамал Жийдебаева