– Бул процесс энергетикалык ишканаларда өндүрүштү жана башкарууну автоматташтырууга, чыгымдарды азайтууга, бири-биринин функцияларын кайталаган кызматтарды жоюуга багытталган. Үнөмдөлгөн каражат жаңы долбоорлорду ишке ашырууга, ГЭСтерди модернизациялоого жана карыздарды төлөөгө жумшалат,- деп айтылат маалыматта.
Абоненттерди эми бир мекеме тейлейт, ал – ”Кыргызстан улуттук электр тармагы” мекемеси. Бул ишкананын 7 облуста түзүмдүк бөлүмдөрү болот: “Чүй электр тармактары”, “Ош электр тармактары”, “Баткен электр тармактары”, “Талас электр тармактары”, “Жалал-Абад электр тармактары”, “Ысык-Көл электр тармактары” жана “Нарын электр тармактары”. Мекеме ушул ишканалар аркылуу иш жүргүзөт. Мындан тышкары, “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасы “Электр станциялары” ишканасы менен бириктирилди. Ушуну менен Улуттук энергетикалык холдинг энергетика тармагын башкаруу системин өзгөртүү ишин аяктады.
Айта кетсек, энергетика тармагындагы башкаруу системин өзгөртүү чечими 2021-жылы күзүндө кабыл алынган.
Лунара Бекиева