Эсте калган Жаңы жыл
– Мен эс тарткандан бери Жаңы жылды көбүнчөсү кичи мекенимде, кээде борбордо тосуп келем. 2008-жылы Кытайга соода-сатык иштери менен кире калбаймбы. Анда Жаңы жылга 10 эле күн калган эле. Апам, эжемдер “жыл жаңырарда үйдө бол, чогуу тособуз” дешкен болчу. Тилекке каршы, товарымды алып жолго чыгып, чек ара маселесинен улам Кыргызстанга кайта албай калдым. Кытайларда Жаңы жыл кеч майрамдалат эмеспи. Мен бир күйпөлөктөп жүрөм, үйдөгүлөргө чалайын десем байланыш жок. Ошентип, Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында 10 күндөй жүрүп калдым. Ий, жүдөп, кыйналганымды айтпа. “Тиричилик деген оңой эмес турбайбы, келбей эле койбой” деп кейип жүрөм. Ошентип, ошол жылдын Жаңы жылын чек арада тосуп, документтерим бүтүп, Кыргызстанга келдим. Апам ыйлап, эжемдер аябай урушушту. Аларга Кытайдан ала келген белегимди берип, көңүлдөрүн алгам. Ошондон кийин майрамдарды тынч эле өз жеримде өткөрөйүн дедим. Буюрса, Коён жылын жакындарым менен 12ге чейин, андан кийин досторум менен клубда тосоюн деп жатам.