КЫРГЫЗСТАН КЫЛМЫШТУУЛУК КҮЧ 40 ӨЛКӨНҮН ИЧИНДЕ

Кыргызстан эң криминалдуу 40 өлкөнүн катарына кирди. 2022-жылдын алгачкы 6 айындагы кылмыштуулуктун деңгээлин чагылдырган рейтингди Numbeo порталы жарыялады. Изилдөөгө ылайык, Кыргызстан 36-орунда турат.

Казакстан 47-орунда, Беларусь 32-орунда, Орусия 94-орунда, Өзбекстан 104-орунда, Армения 136-орунда жайгашты.

6 айдын жыйынтыгы боюнча 1-орунду Венесуэла ээледи, тагыраагы кылмыштуулук абдан жогору өлкө деп табылды. Алдынкы ондукта Ооганстан, Түштүк Африка Республикасы, Гондурас, Ямайка, Сальвадор, Сирия жана башкалар бар.

Эң жакшы көрсөткүчтү Катар өлкөсү ээледи. Бириккен Араб Эмираттары жана Тайвань дагы кылмыштуулук көрсөткүчү эң төмөн мамлекеттер деп табылды.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1028, 19-25-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан