Байнур Куштарбеков, визажист: «МЕНИ АР ТАРАПТАН КЫСЫШАТ, КОРКУТУШАТ...»

Визажист Байнур Куштарбеков пикири, баскан-турганы өзгөчө каарман. Бул жигит 2017-жылы Дача-СУдагы авиакырсыкта жакындарын жоготкон, жанында уктап жаткан эки иниси, бир карындашынан айрылган. “Ошол каргашадан кийин кыялдар өз убагында аткарылышы керектигин түшүндүм” дейт ал. Кызыктуу баарлашуу болду, назар салыңыз.

– Байнур, кандайсыз? “Супер-Инфо” гезитинин окурмандарына Байнурду тааныштыра кетсеңиз...

– Саламатсызбы? Мен Байнур, визажист, бьюти-блогермин. Негизинен өзүмдүн блогумду Инстаграмдан алпарам.

– Анда дароо эле ошол Инстаграм баракчаңыздагы темадан сурайлы, жакында эле талкуу жараткан, тагыраагы, өзүңүздүн “кош бойлуу” сүрөтүңүздү жарыяладыңыз...

– Бул эми жөн эле сүрөт, жөн гана “прикол” үчүн жүктөп койгонмун. Логикалык жактан алып караганда деле бул мүмкүн эмес да. Андыктан бул жөн гана фотошоп сүрөт болчу.

– Демек, эч кандай максаты жок?

– Жок, жо-ок, жөн гана катталуучуларымды ар түркүн ойго түрткүм келди. Көпчүлүк менин аялым бар экен, анын боюнда бар окшойт деп ойлошту. Жок, андай эч нерсе жок. Үй-бүлө кура элекмин, жадакалса мамилем да жок.

– Визажист болом деп качан, эмнеден улам чечтиңиз?

– Визажист болууну 9-10-класстарда чечтим. Анан ашпоздукка тапшырдым, анткени визажист болууга тоскоолдуктар бар болчу. Ашпоз болуу – визажист болуудан кийинки сүйгөн кесибим. Ошол учурда Дача-СУда авиакырсык болуп, баарыңарга белгилүү болгондой, ал каргашада жакындарымды жоготтум. Ушул кырсыктан кийин визажист болом деп толук чечтим. Анткени кыялдар өз убагынды аткарылышы керек экенин түшүндүм.

Негизи бала кезимде бирөөнү боёгонду, өзүм дагы боёнгонду жакшы көрчүмүн. Бирок боёнгонум үчүн “жазасын” алчумун. Эжемдин, таежемдин косметикаларын уурдап алчумун. Апамдыкын көп ала алчу эмесмин, апам тартипке катуу болчу. Бирок ал кезде менде визажист деген түшүнүк жок болчу.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз...

– Үй-бүлөм стандарттуу эле, атам, апам, агам жана иним бар. Апам менен атам иштешет, каякта экенин айтпай эле коёюн. Агам дарыгер, хирург. Иним учурда IT-технологиясы менен алектенип жүрөт.

– Алар сиздин боёнгонуңузду кандай кабыл алышат?

– Жакшы эле кабыл алышат.

– Орусиялык визажист Гоар Аветисяндын “Визажисттер таймашы” шоусуна катышканыңыз карьераңызга ийгилик алып келди окшойт, э?..

– Ооба, ошол шоу менин карьерамда секирик болду. Чынын айтканда, тобокелдикке барбаган адам ийгиликке жетпейт. Анда Бишкекте ишим, баары жакшы болчу, туруктуу айлык акым бар эле, жакшы тапчумун. Бирок мен мындан да көп нерсени жасагым келди да, Москвага бардым. Ал жактан ар кайсы салондордо иштедим. Каржылык жактан колдоом да жок болду, көп акчам да жок эле, ачка-ток калдым дегендей. Көп жолу орун которуп иштедим, адашпасам төрт айда төрт салон алмаштырдым. Ошол учурда Гоардын марафону башталып калды. Марафонго катышуу үчүн салондон бир жумага эмгек өргүү сурадым. Чөнтөгүмдө акыркы 5000 рублум калган. Ошол беш миңди толугу менен марафонго салдым. Ошентип катышып, ийгиликке жетиштим. 5000 рублум бекер кеткен жок.

– Жакшы. Бизде көз караш, түшүнүк башкачараак эмеспи, эркектин боёнуп жүргөнүн кабыл алышпайт дегендей. Сиз үчүн Кыргызстанда жашоо жеңилби?

– Оор. Оор гана эмес, тар, бардык тараптан кысышат. Кечээги эле окуяны айтып берейин, кечинде дүкөнгө кирсем, сатуучу эркек киши экен, менин тырмагымды көрүп туруп дароо эле “сен эмне тырмагыңды боёп алдың?” деди. Бизде этика, маданияттуулук деген жок. Жеке кол тийбестик деген чекти сактоо жок, эң жөнөкөй нерсе, саламдашуу дагы жокко эсе. Жок эле дегенде алгач саламдашып, анан “сиз эмнеге тырмагыңызды боёйсуз?” деп сураса жакшыраак болмок. Бирок бул деле алардын иши эмес. Албетте, ар кандай коркутуулар болуп турат, социалдык тармактан комментарийлерде, жеке каттарда дагы “мен сени өлтүрөм, мен сени табам, сенин иштеген жериңди билем” деген сыяктуу коркутууларды жазышат. Бирок ушул убакка чейин эч ким мени кармап өлтүрүп кете элек. Көбүнчө онлайн коркутуулар. Офлайн жашоодо мындай жагымсыз кырдаалдар көп болбойт.

– Көчөдө жалгыз жүргөндөн коркосузбу?

– Жок, коркпойм. Мен эч нерседен коркпойм. Көчөдө баратканда жаштар өнүккөнүн байкайм, анткени алар мени суктануу менен карашып, саламдашып өтүшү мүмкүн. Ал эми улуураактар кезигип калса, алар башкачараак. Ошентсе да келип сөгүп-сагып, кол көтөргөн учур болгон жок. Албетте, менин чачым, тырмактарым менен биздин көчөлөрдү аралай басуу кыйыныраак, ошондуктан көбүнчө автоунаа менен жүрөм.

– Баракчаңыздан “үнүңүз деле эркектикиндей экен, эмнеге эркектей болуп жүрбөйсүз?” деген суроону окудум эле, ошол суроого жообуңуз...

– Мындай жүрүү – жөн гана менин каалоом. Кимдир бирөө узун чачты каалашы мүмкүн, кимдир бирөө тармал чачты каалашы мүмкүн да, туурабы? Менде дагы ошондой эле. Мен узун тырмакты, чачым менен эксперимент кылууну каалайм. Мында эч нерсе жок. Жөн гана учурдагы менин каалоом.

– Келечектечи? Ушул бойдон каласызбы?

– Келечек тууралуу азырынча айта албайм, убакыт өтөт, тренддер өзгөрөт дегендей. Андыктан келечекте такыр башкача болушум мүмкүн. Балким, азыр менде жаштык ойноп жаткандыр. Балким, 5 жылдан кийин мунун баары келесоолук көрүнүп, сакал өстүрүп, башкалар айткандай, эркектей жүрүп калармын.

– Пластикалык операция жасаткыңыз келеби, буга чейин жасаттыңыз беле?

– Ооба, жасаткам. Көзүмө сурма жасаткам, денеме дагы, жамбашымды жасаткам. Азырынча бардык жерим өзүмө жагат. Бирок бир учур болуп, бир жерим жакпай калышы мүмкүн. Ошондо жасатып, өзгөртүп салышым ыктымал.

– Визаж боюнча дүйнөлүк стандарт барбы азыр?

– Бүгүнкү күндө стандарт деле жок, кааласаңыз табигый, кааласаңыз ачык кылсаңыз боло берет, азыр мода буга жол берет. Мурда белгилүү бир стандарттар бар эмес беле, мисалы, 2000-жылдары кызыл помада, ичке каш... Сулуулуктун стандарты бар эле. Бизде тойлордо баары “фарфрейшн” болушат. Мен негедир кыргыздардын стилин кавказдарга окшоттум, алар дагы ачылып-чачылууну, кымбат болууну жакшы көрүшөт. Бизде дагы адамдар бай эмес болсо деле бай көрүнгүсү келе беришет. Мен муну жакшы түшүнбөйм, өзүң башкача болуп туруп, башка бирөөнүн кейпин кийгендин эмне кереги бар?..

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1028, 19-25-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан