ЖАГЫМДУУ СЮРПРИЗДЕР

«Жаңы жылды кандай тоссоң, жылды ошондой өткөрөсүң» деген кеп бар. Андыктан сүйүшкөн түгөйлөр Жаңы жыл түнү бири-бириңерге сюрприз тартуулаңыздар. Чогуу рахатка батып, ортодогу мамилени бекемдеңиздер. Муну менен сүйүүңүздөрдүн күчөшүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

ЭРОТИКАЛЫК БЕЛЕК
Сүйүктүүңүзгө билгизбей секс-шоп дүкөнүнө баш багып, ага арнап эротикалык белек алып, катып коюңуз. Жыл жаңырган түнү андай белек жаныңыздын жартысын бир каткырткандай болсун.

АНЫК СЮРПРИЗ

  • Жан биргеңиз башка бөлмөдө жүргөндө тезинен жылаңачтана чечинип, башыңызга Аяз атанын баш кийимин кийип, мойнуңузга узун мишура иле коюңуз. Колуңузда, албетте, шампан куюлган 2 бокал болсун. Бул кейпиңиз аны дүүлүктүрө турганын бөркүңүздөй көрүңүз.
  • Уктоочу бөлмөгө түркүн түстөгү шамдарды жагып, жеңил салат менен шарап дайындаңыз. Анан үстүңүзгө халат гана жамынып, сүйүктүүңүздүн көзүн таңып алып кириңиз. Окуя андан ары өзүнөн-өзү өнүгүп, унутулгус кумар менен аяктаары айтпасак да белгилүү.

СЕКСУАЛДЫК КААЛООНУ АТКАРУУ
Сүйүктүүңүз экөөңүз сексуалдык каалооңуздарды жазып, эки башка коробкага салыңыздар. Анан коробкаларды алмашып, андагы жазылгандар боюнча бири-бириңиздердин каалооңуздарды аткара баштаңыздар.

  • Шеригиңиз менен шахмат же шашки, же карта ойноңуздар. Жеңилгени түгөйүнүн сексуалдык каалоосун аткара турган болсун. Мисалы, өп деген жерин өбүү. Же шоколад сыйпалган денени жалагылап, өпкүлөп тазалап чыгуу.
  • Экөөңүздөр бет маңдай жакын туруп, курсагыңар менен кичине резина топту кысып кармайсыздар. Эми топту түрткүлөп, моюнга дейре жеткирүү керек. Оюн учурунда ким топту түшүрүп алса, ал шеригинин каалоосун аткарат.


ЭРОСАЛАТ

  • Сүйүү бул – баштан бутка чейин өтүп, анан кыздар, балдар жаралчу чекитке барып бир тийүүчү электр тогу.
  • Сен экөөбүздү ойлогонумда сени жанымда отургандай элестетем. Болгондо да жылаңач!
  • Сага берип жаткан нерсени баала!
  • Кечки тамак даярдай албай жатам. Бирде бадыраң, бирде банан алаксытат. Эртерээк келчи, жаным!
  • Көздөрүм колум каалаганды эңсеп жатат: сени чечинтүүнү.
  • Сүйүктүүм, кечээ ресторанда сен мага төлөп, акысына секске ээ болдуң. Эми бүгүн мен сага төлөп, акысына никеге ээ болсом болобу?
  • Аялдар саатын сатам: бир сааты – 50 доллар.
  • Сүйүү – төшөк режимин талап кылган оору.
  • Философ ар дайым үстүңкү позицияны ээлеши керек.
  • Венеролог: “Кыздардын баары пайда апкелбейт!”
  • 100 доско ээ болгуча, алардын 100 дос кызына ээ бол!
  • Фигурасы 90-60-90 Аяз кызга Жаңы жыл түнү кымбат белеги бар Аяз ата керек.
  • Ойлоп табуучу: “Сүйүп, азап тартып убара болбогула! Жолдордун баары керебетке алып барат”.
  • Секс – бийдин эң интимдүү формасы.
  • Адам секстин аздыгынан эмес, сүйүүнүн жетишсиздигинен өлөт.


Алигидот

Жаңы жылдан кийин эки гей жолугуп калышат.
– Уксаң, Жаңы жылда менде бир укмуш окуя болду. Эшикти ачсам, эркек турат. Көздөрү укмуштай капкара, бети кыпкызыл. Кызыл чапан кийип, белек салынган кап көтөрүп алган...
– Ой, ал деген Аяз ата да.
– Ошондой, эмне эле төшөктө муздак сезилип жатты дейм да.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Baizakk11
2010-12-30 16:24:05
Жаны жылга Жакшы кенеш дайардапсынар Маладессинер Супер инфо жамааты
0
Arstan
2010-12-30 19:08:56
Пайдалуу кенештер экен.
0
juka
2011-01-03 13:37:12
эн соонун экен рахмат сиздерге!!!
0
Alhas
2011-01-03 21:03:00
норм экен
0
№ 426, 29-декабрь - 6-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан