Мээрим Жунушбек кызы: “КҮЙҮП КЕТСЕМ ӨЛҮГҮМ ТААНЫЛБАЙ КАЛБАСЫН ДЕП 5-КАБАТТАН СЕКИРДИМ”

Каарманыбыз Мээрим Жунушбек кызы 5 жылдан бери майыптык менен күрөшүп келе жатканын айтат. “2018-жылы Түркияда иштеп жүрүп кырсыкка кабылгам, ошондон бери адам чыдагыс сыноолор башымдан өттү”,- деп кейиштүү тагдырын айтып отурду маңдайымда.

“ТИРҮҮ КАЛАМ ДЕП ОЙЛОГОН ЭМЕСМИН”

– Аты-жөнүм Мээрим Жунушбек кызы, 29 жаштамын. Ош шаарында төрөлүп өсүп, кийинчерээк ата-энем менен Бишкекке көчүп келип окуп калгам. Борбордогу Кыргыз-орус билим берүү академиясынын котормочулук бөлүмүн бүтүргөм. Окууну бүткөндөн кийин мугалим болуп иштейин деп айлыгы аз болгондуктан тааныштар аркылуу Түркияга иштегени кеттим. Ал кезде мугалимдердин айлыгы чынында аз эле. Түркияга барып жайгашып, бирок жумушка орношо элек болчумун. Бир тааныш кыз үй кызматчысына жумуш чыгып жатат дегенинен ошол жумушту күтүп жүргөн элем. Биз жашаган мейманканада оңдоо иштери жүргөндүктөн куруучулар бир жерин начар жасашканбы, айтор, электр тогунан өрт чыгып, биз жашаган 5-кабатты жалмап кетти. Өрт чыкканын байкабай калдык, таңкы саат жети болчу, баары уктап жатышкан. Ойгонсом түтүндөн демим кысылып жатыптыр, эшикке чыга турган жакта от алоолоп кетиптир. Терезеге барып боюмду таштап жибердим. Тирүү калам деп ойлогон эмесмин, эгер өлүп калсам өлүгүм өрттөнүп кетип, мени тааныбай калышпасын, андан көрө сырттан өлөйүн деп секирип кеттим. Ошол өрт учурунда 5-кабаттан секирген учурумдун видеосу түркиялык маалымат каражаттарына чыгып талкуу болгон. Ал кырсыктан кийин жашоомду кайгы артынан кайгы торуп келет. Эгер жашоом учурдагыдай тирүүнүн өлүгүнө айланып, ушунчалык кыйналарымды билгенде ошондо эле өрттөн чыкпай өлүп калсам болмок экен дейм кээде. Түркияга акча издегени кетип, азыр минтип ден соолук издеп жүрөм.

“БУТУМДУН ШАЛ БОЛУШУНА АЗ КАЛЫПТЫР”

– 5-кабаттан секиргенде белим сыныптыр, көпкө өзүмө келе албай Түркияда дарыланып жаттым. Кийин Кыргызстанга которулуп операция жасалды, бел омурткам сынган жерге темир коюшту. 2022-жылы жараат бүтөлдү деп темирди алып коюшкан эле, башка адистерге барсам “темирди алдырбашың керек эле, талкаланган сөөктөрдү топтоп ошол темир кармап турчу, эми белиң ийилип бүкүрөйүп кете берет” дешти. Негизи ал темир өмүр бою омурткамда кала турган темир болчу. Кырсыктагандан кийин өз алдымча баса албай калгам, бутумдун булчуңдары салмагымды көтөрө албайт, шалактап, кыйшыйып басам. Бел омурткамдын жаракат алган жерине кайра темир койдурушум керек, азыр абдан этияттап жүрөм, туура эмес кыймылдасам эле сынган белиме күч келип кетет. Бел оорумдун кесепети бутума да өтүп согончогум шишип, ириңдей берчү болду. Кээде бастырбай оорутат. Бутума эле 4 жолу операция жасалды. Жакында кайра операция жасатышым керек, бирок эмчектеги балам бар. Аны эне сүтүнөн ажыратууга кыя албай турам. Дарыгерлер “бутуңдун шал оорусуна жетишине аз эле калыптыр” дешти. Азыр бутумду сактап калуу үчүн болгон күчүмдү жумшап жатам, күндө укалоого барам, ийнелерди сайдырам, Кудайга шүгүр, кыймылы, сезүүсү жакшы.

Өзүм иштебейм, Бишкекте ата-энемдин жанында эмчектеги балам менен чогуу жашайм. Жардам колун сунам дегендер жардам берсе айыгып кетет белем дейм.

“КАЙНЕНЕМ МАЙЫП КЕЛИНДИН КЕРЕГИ ЖОК ДЕДИ”

– Кыргызстанда дарыланып жүргөндө учурдагы жолдошум менен таанышып калгам. Ооруганымды түшүнүп эле кабыл алган. Ага жолукканда айыгам, басып кетем деген каалоом күчтүү болду. Кийинчерээк экөөбүз нике кыйдырып, үй-бүлө катары жашап баштадык. Күйөөм ата-энесинин уруксатын телефон аркылуу алып, алыс тууган бөлөлөрү биз жашаган үй-жайды көрүп конок болуп кетишкен. Кийин төрөдүм. Баламдын кыркы чыкканда кайненем келип ызы-чуу салды. Көрсө, күйөөм мага үйлөнгөнүн ата-энесине айтпаптыр. Биз балалуу болгондо бөлөлөрү айткан окшойт. Кайненем мени көрө элек болчу, келип алып “менин сендей майып келиним жок, жалгыз уулум болсо сага үйлөндүрүп коймок белем, сен менин баламды кармап калыш үчүн төрөп алгансың” деп кошуналардын көзүнчө уят кылып, ит акмагымды чыгарып сөгүп кетти. “Бирди төрөмөк турсун онду төрө, баламды сени менен жашатпайм. Балаң өлүп калсын” деп кичинекей наристени каргаганга чейин барды (ыйлап). Өзүң оорукчан болсоң эмнеге төрөйсүң деп жээригенде жерге батпай кеттим. Кайын журтум азыркыга чейин кабыл албайт, мен жөнүндө укса эле ызы-чуу кылат экен. Жолдошум баласы үчүн кээде келет да, кайненем артынан аңдып менин үйүмө чейин келип ызы-чуу салып баласын алып кетет. Кайненемдин ызы-чуусунан тажаганда күйөөмө “келбей эле койчу, тынч жашайлы, баламды өзүм багып кете алам” деп уруксат бердим. Учурда күйөөм да эки анжы болуп жүрөт, же энесин кыя албайт, же бизди кыя албайт. Ажырашам деп талагын берген эмес, жашайм деп да айтпайт, аябай чайналып кеттим.

“АЧУУ ЧЫНДЫКТЫ КАБЫЛ АЛБАЙ ЫЙЛАДЫМ”

– Айыккым келет, буга себептер абдан көп. Балким, жакшы болуп түз басып кетсем кайын журтум кабыл алмакпы деп ойлойм. Балам чоңойгондо “сенин апаң майып” деген сөздөрдү угушун каалабайм. Кайненемди деле түшүнсө болот, балким, жалгыз уулун дени-карды соо адамга ыраа көрүп жаткандыр. Мен ал аялдын айтканына өкүнүп ыйлаган жокмун, ал айткан сөздөрдүн ачуу чындык экенин кабыл албай ыйладым. Абдан жарама туз сепчү сөздөрдү айтты. Балам сентябрь айында бирге чыгат, жолдошум күн алыс баласы менен телефон аркылуу сүйлөшүп турат.

“ЖАКШЫ АДАМДАР ЖҮРӨГҮМДҮ ЖЫЛЫТТЫ”

– Ооруп жүргөн 5 жылдын ичинде канча күн күлүп жашаганым эсимде жок. Дарыланып Түркияда жатканымда, ал жакта иштеген, жашаган окуган кыргыздар келип кабар алып, колдон келген жардамын көрсөтүштү, жакшы адамдар жүрөгүмдү жылытышты. Алыста жүрсө да бири-бирине кол сунган кыргыздын пейилинен айланса болот. Жаш болсом да жашоодо оор сыноолорду баштан өткөрдүм, бир нерсени түшүндүм – эң баалуу нерсе адам көңүлү экен. Андыктан бири-бирибиздин көңүлүбүздү калтырбай жашасак дейт элем. Чет өлкөдө иштеген мекендештерге ден соолук, чыдамкайлык тилейм. Өзүңөрдү этияттап, сактап, кырсыктан оолак жүргүлө.

Жардам берүү үчүн реквизиттер: 9417 0394 4211 0678 M.ZH Элкарт 0508011793 Balance.kg

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1028, 19-25-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан