ЭРЕНДЕРДИН ЭРЕЖЕСИЗ ЭР ТАЙМАШЫ

Бишкектеги Цирк имаратында 23-24-июнь күндөрү белгилүү каскадёр Үсөн Кудайбергеновдун жаркын элесине арналган панкратион боюнча Евразиянын 7-чемпионаты болуп өттү. Билет баалары 600дөн 1000 сомго чейин көтөрүлдү.
Аталган мелдешке жалпысынан 42 спортчу катышты. Тагыраак айтканда, Кыргызстандан 27, Орусиядан 1, ал эми Казакстандан 14 балбан келип, 75 килограмм салмакка чейинки жана андан жогорку салмак боюнча 8 бурчтуктун ичиндеги килем үстүндө күч сынашты. Мелдешти кыргыз элине таанылып калган Юрий Бобков алып барды.

“БОМБА БАР ЭКЕН, СЫРТКА ЧЫККЫЛА!”

Алгач маркум Үсөн Кудайбергеновдун өмүр-таржымалы тууралуу кыскача тасма көрсөтүлүп, андан соң беттешүүлөргө кезек келди. Аренага алгачкы атаандаштардан болуп 75 килограмм салмактагы кыргызстандык күрөштүн чебери, “Супер саяк” кличкалуу Чыңгыз Бектемиров менен казакстандык боксчу Бейбит Назаров чыкты. Элдин сүрөөнгө алганы таасир эттиби, айтор, чабуул коюуга ыңгайлуу учурду күтүшпөстөн эле бири-бирин былчылдатып киришти. Бирок, мекендешибиз Чыңгыздын тажрыйбасы аз болгондугунан катуу соккуларга дуушар болуп, алматылык Бейбитке жеңилип берүүгө аргасыз болду. Алардын артынан чыгышкан Кыргызстандын өкүлдөрү Бакыт Бекбоев менен Руслан Маматовдун ортосундагы мушташ кызуу жүрүп, беттеш Бакыттын жеңиши менен аяктады.
Ушинтип турнир жаңы эле башталып, спорт күйөрмандары кызый баштаганда кимдир-бирөө циркке телефон чалып, бомба коюлгандыгы тууралуу кабарлаганын мелдештин алып баруучусу Юрий Бобков билдирди. Беттешүүлөр заматта токтотулуп, чуру-чууга түшкөн элди (Юрий Бобковдун айтымында, элдин саны 1000ге жеткен) топуратып сыртка чыгарышты. ИИМдин, Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери жана бомба издегичтер келип текшеришкен соң эч нерсе табышкан жок. “Бомба бар” деген маалымат жалган болуп чыкты. Сапёрлор Цирктин имаратын текшергичекти мелдеш 2 сааттай үзгүлтүккө учурап, 21:30дарда башталып, түнкү 1лерге чейин созулду. Мелдешке келген айрым адамдардын пикиринде, “бомба коюлду” деген жалган маалыматты анын ичине кире албай калгандар атайын беришкен. Себеби, жогоруда көрсөтүлгөндөй, 600-1000 сом баасындагы билетти сатып алууга бардык эле спорт күйөрмандарынын чама-чаркы чак келбейт. Ошол эле учурда «Улуттук коопсуздук кызматы атайын машыгуу сыяктуу иш-чара өткөрүшү мүмкүн» деген ойду карманышкандар да болбой койгон жок.

ШОУ КАЙРА БАШТАЛДЫ

Ошентип, кайрадан балбандар биринин артынан экинчиси чыгып, болгон өнөрүн эл алдында тартуулап жатышты. Алардын арасында эң кызыктуусу деп панкратион боюнча Азиянын 2 жолку чемпиону, “Бөрү” кличкалуу атбашылык Алмаз Акун менен Алматыдан келген Дилмухаммед Азимовдун таймашын айтса болчудай. Калың элдин катмарына аты буга чейин угулуп калган Алмаз беттеш майданына чыгаары менен аны “Атбашы, Атбашы...” деген үндөр сүрөөнгө алды. Алмаз спортчу атаандашын 30 секундга жеткирбей жерге көтөрүп чаап, муунтуу ыкмасы менен жеңишке жетишти. Мындан тышкары, публиканын кайрадан күүлдөп чыгышына жердештерибиз эрежесиз эр уруш боюнча Евразиянын бир нече жолку таланттуу чемпиону кызылкыялык Замир Сыргабаев, Улан Эралиевдин атаандаштарын укмуштай ыкмалар менен жеңип чыккандары себеп болду. Анткени, Улан атаандашын беттешүү учурунда улам-улам көтөрүп чаап, башка-көзгө соккулап ышкыбоздордун мактоосуна татыды. Панкратион боюнча мелдештин 1-күнүндө 20 жуп беттешип, алардын кимиси башкы мөөрөйдү талаша тургандыгы аныкталды.

ӨЖӨРЛҮК ӨЛҮМГӨ ДА АЛЫП КЕЛЕТ

Ошентип, 24-июндагы финалдык таймашка да кезек келип жетти. Бирок, чемпионат афишада жазылгандай 18:00дө эмес, 2 сааттай кеч башталды. Аренага 75 килограмм салмакка чейинкилер арасындагы баш байге үчүн Алмаз Акун менен Дүйшөн Төрөкулов, 75 килограмм салмактан жогоркулар арасындагы чемпиондук титулга самбо боюнча Орусиянын үстүбүздөгү жылдын чемпиону Владимир Кученко менен жердешибиз Замир Сыргабаев чыкмак. Бирок, Замир 23-июндагы таймаштар учурунда колун сындырып алганынан улам анын ордуна Руслан Зубков беттешти. Бирок, алчы-таасын жеп калган Владимир Русланды оңой-олтоң эле утуп алды. Андан соң Алмаз менен Дүйшөн дүн беттешүүсүнө кезек келип жетти. Дүйшөн бул жолугушууга чейин Алмаз менен 3 ирет килем үстүндө кездешип, үчөөндө тең жеңилип калгандыгы бар. Бул жолу абдан катуу даярдык көрүп, мушташты активдүү баштады. Дүйшөн бир маалда кайра-кайра жасаган чабуулдарынын арты менен Алмазды жерге жыгып алып, үстүнөн колу менен уруп, буту менен тепкилеп жатып калды. Жамгырдай жаап жаткан соккуларга туруштук берген Алмаздын өжөрдүгүнө, намыскөйлүгүнө күбө болгон эл жапырт орундарынан тура калып сүрөп киришти. Айласы кеткен Алмаз өйдө турууга кылган аракети пайда алып келбегендиктен, оңтоюн келтирип, атаандашы Дүйшөн­дүн бутун кайрып кирди. Жаны ачыган Дүйшөн да “мен калмак белем?!” деген кыязда Алмаздын бутун кайрый баштады. Аларды көргөндөр “кимисинин буту сынып кетээр экен?” деп күтүп турушту. Бирок, Дүйшөндүн чекеси менен бутунан алган катуу жаракаты реферилердин таймашты токтотуп, чемпиондук курду Алмазга тагууга түрткү берди. Ушул жерден айта кетчү нерсе, панкратион таймаштарына бир рефери жана эки секундант көзөмөлдүк кылат. Андыктан, алардын моюнунда чоң жоопкерчилик жатканын унутпоо керек. Себеби, мелдешке катышкан атлеттердин денсоолугу эле эмес, өмүрү да секунданттардын колунда деп ачык айтса болот. Панкратион боюнча Европа чемпионаттарынын биринде бир атлет экинчисин муунтуп жатканда беркинин “болду” деген белгисин секунданттар байкабай калышкан. Ошолордун айынан бир спортчу тигил дүйнөгө сапар алган. Анткени, панкратиондун катышуучулары башка спортчулардан өздөрүнүн өжөрдүгү, көктүгү менен айрымаланышат. Дал ушул сапаттар кээде аларга жеңишти, кээде аларга өлүмдү алып келээрин баса белгилеп кеткибиз келет.

ЭРЕЖЕСИЗ МУШТАШТЫН ЭРЕЖЕСИ БАР

Панкратионду эрежесиз мушташ деп айтышканы менен күч сынашуунун өзүнүн эрежелери бар. Алып айтсак, ар бир таймаш 5 мүнөттөн 2 раундга созулуп, анда тиштеп, апчып-тытууга, көздү чукууга, жука чурайга урууга же тебүүгө жана кекиртектен кыса кармоого болбойт.
Панкратион боюнча өткөн мелдештердин баарын абдан кооптуу деп айтууга толук негиз бар. Себеби, ар бир спортчу мелдешке катышаардын алдында “турнирдин уюштуруучулары менин өлүмүмө эч кандай жоопкерчилик тартышпасын” деген документке кол коюшат. Анысы болсо нотариус аркылуу бекитилген соң гана спортчулар күчүн сыноо үчүн аренага чыгышат.
Ошентип, Евразиянын 7-чемпионатында 42 спортчунун күчтөрү сыналып, алардын арасында мекендешибиз Алмаз Акун менен Санкт-Петербургдун тургуну Владимир Кученко айырмаланды. Анткени, бири жеңил салмакта, экинчиси оор салмакта Евразия чемпиондору аталышты да калышты. Спорт адистеринин айтымында, 3 өлкөнүн баш-аягы 50гө жетпеген спортчулары катышкан турнирди Евразия чемпионаты деп атоого болбойт.
Кыргызстандагы Панкратион федерациясынын президенти Эдил Молдалиевдин сөзүнө таянсак, башка өлкөлөр­дүн спортсмендеринин аталган чемпионатка келбей калышынын башкы себеби Кыргызстанда өткөрүлгөн беттештерге төлөнө турган гонорардын аз экендигинде.

Даярдаган Улан МАМБЕТОВ

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Кыпчак
2011-04-28 17:47:45
Алмаз акундун телефон номерин кандай тапсам болот
0
№ 243, 29-июнь-5-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан