Дасторкон
Элибизде “жыл жаңырарда дасторконуңуз дүйүм тамак-ашка толуп турса, кирип келген жылда эч кандай жетишпестик болбойт” деген ишеним бар. Андыктан Коёнду таарынтпагандай кылып дасторкон даярдоого аракет жасайлы.
ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК ДАСТОРКОН
Коён ачык түстөргө жакын болгондуктан, ачык өңдөгү дасторконду тандап алганыңыз туура. Кол аарчылар да ушул түстө болуп, аны коёнго окшоштуруп бүктөп койсоңуз, дасторконго өзгөчө көрк берет. Бул жылдын стихиясы темир болгондуктан, кашык-айрылар, жадакалса шам салгычтар да темирден болгону туура.
Эгер колуңуздан келсе, Жаңы жылда дасторконуңузга этти, өзгөчө коён этин жолотпой эле койгонуңуз оң. “Апей, кыргыздар этсиз кантип Жаңы жыл тосмок эле?” деп таң калып жатасызбы? Буга эч кандай таң калуунун кереги жок. Өзүңүз билгендей, коён боорукер, эч кимге зыяны жок, коркок жандык. Андыктан эттин ордун балык менен алмаштырып, андан түрдүү даамдарды жасасаңыз, жыл ээсине жагат. Ал эми саат жебеси 12ни какканча эттен жасалган тамактарды, салаттарды каалашыңызча жасап, Жолборс жылын жылуу-жумшак узатып, жыл жаңырары менен дасторконду коён жактырган азыктар менен толтуруп коюуга болот.
2011-жыл сизге ийгилик алып келишин кааласаңыз, анда дасторкондун так ортосуна апельсин, мандарин, алма, сабиз, лимон толтурулган себетти коюуну унута көрбөңүз. Жасаган тамак-аштарыңызды, салаттарыңызды сөзсүз петрушка, укроп, салат жалбырагы менен кооздосоңуз, албетте, бул Коёнго жагат.
Коён ачууну жактырбагандыктан, бул жылы дасторконго ичимдик койбогонуңуз туура. Эгер коюуга туура келсе, аларга «Жаңы жылыңыз менен!» деген жазуусу бар алжапкычтарды кийгизсеңиз, бөтөлкөлөргө өзгөчө көрк берет. Каалаган суусундугуңузду жана сабиз, алма ширесин коюуну унутпаңыз.
“ТОБУРЧАК” САЛАТЫ
Салат тобурчак формасында жасалып, ар бир катмардан кийин майонез сүйкөлөт.
1-катмар: Сууга бышырылган картошка
2-катмар: Ышталган тоок эти
3-катмар: Кайнак суу менен жуулган пияз
4-катмар: Консерваланган жүгөрү, көк буурчак же туздалган бадыраң
5-катмар: Сууга бышырылган жумуртка
6-катмар: Сүргүчтөн өткөрүлгөн сыр жана майдаланган грек жаңгагы.
Аягында бадамдын же өрүктүн данеги, укроп менен кооздоп коёбуз.
ФАРШТАЛГАН БАЛЫК
Керектелүүчү азыктар:
Балык (щука) – 1 даана
Бөлкө нан – 2-3 кесим
Сүт – 1 стакан
Пияз – 2 даана
Жумуртка – 1 даана
Каймак – 100 грамм
Татымына жараша туз жана мурч
Даярдоо жолу:
1. Балыкты тазалап, куйругу менен башын кеспей калтырып, омурткасы тарапты узунунан тилип, этти териден ажыратабыз. Андан соң этти сөөктөрдөн тазалап, майда туурайбыз.
2. Сүткө чыланган бөлкө нанга майда тууралган пияз, жумуртка, майдаланган балык этин, каймак, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз.
3. Туурамжы менен балыктын ичин толтуруп, жип менен тигебиз. Тигип болгон соң үстүн каймак менен майлап, духовкада 20-25 мүнөт бышырып алабыз. Даяр болгондон кийин табакка салып, лимон, көк чөптөр, жашылчалар менен кооздоп коёбуз.
Тамагыңыздар даамдуу болсун!
Жаңы жылыңыздар менен!
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg