Адам эмделген учурда анын белгилүү бир оорудан коргонуу ыктымалдуулугу жогору. Бирок баары тең эле эмдөө ала алышпайт. Ден соолугунда иммундук системин алсыздандыруучу бузулуулары бар же вакцинанын айрым компоненттерине күчтүү аллергиясы бар адамдар эмделе алышпайт. Ошондой эле Кыргызстанда 16 жашка чейинки балдар массалык түрдө COVID-19га каршы эмдөө алышпайт.
Бирок алардын баары эмделген адамдардын арасында жашаган учурда коргоодо боло алышат.
Көпчүлүк мүчөлөрү эмделген коомдо патогендин айлануусу кыйын, анткени көпчүлүк адамдар ага туруштук бере алышат.
Канчалык көп адам эмделсе, ооруп калуу мүмкүнчүлүгү ошончолук аз. Бул жамааттык иммунитет деп аталат.
ЖАМААТТЫК ИММУНИТЕТ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Жамааттык иммунитет — бул калктын көпчүлүгүндө иммунитеттин өнүгүүсүнүн жардамы менен келип чыгуучу жугуштуу оорулардан кыйыр коргоо. Ал эмдөөнүн жыйынтыгында же болбосо мурда ооруп айыккан инфекциядан кийин иштелип чыгат.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму калктын көпчүлүгүн эмдөө аркылуу жамааттык иммунитетке жетишүүнү колдойт.
Коопсуз жана эффективдүү вакциналардын жардамы менен жамааттык иммунитетти камсыз кылуу ооруну кыйла сейрек көрүнүшкө айландырат жана адам өмүрлөрүн жоготуусуз сактап калууга мүмкүнчүлүк берет.
Адамдарды вирустун таасирине дуушар кылуу менен жамааттык иммунитетке жетишүү аракеттери илимий көз караштан алганда көйгөйлүү жана этикага жатпайт. Ар кандай курактык топтогу жана ден соолугу ар кандай калктын арасында COVID-19дун жайылышы жөнсүз инфекцияларга, азап чегүүлөргө жана өлүмдөргө алып келет.
Улгайган адамдар жана ден соолугунда бузулуулары бар адамдар оор дарттарга жана өлүм тобокелчилигине абдан көп дуушар болушса дагы жеке эле алар ушундай тобокелчиликке туш болот дегенге болбойт.
COVID-19га КАРШЫ ВАКЦИНАЛАР ВИРУСТУН БАРДЫК ВАРИАНТТАРЫНА КАРАТА ЭФФЕКТИВДҮҮ
Эмдөө – бул адамдарды инфекциялардан коргоонун жөнөкөй, коопсуз жана эффективдүү ыкмасы.
Вакциналар белгилүү бир ооруга карата кабылданган иммунитетти калыптандырат, белгилүү бир инфекцияларга болгон туруктуулукту жогорулатат жана иммундук системди бекемдейт.
Эмдөө – бул организмде ооруну пайда кылбастан, иммундук жооптуу чакыруунун коопсуз жана акылдуу ыкмасы.
Биздин иммундук системибиз эстеп калуу үчүн түзүлгөн. Вакцинанын бир же бир нече дозалары таасир эткенден кийин, биз эреже катары оорудан бир нече жылга, он жылдап же ал гана эмес өмүр бою корголуп кала беребиз.
Бул вакциналарды вирустун жаңы штаммдарына карабастан ушундай эффективдүү кылып жаткан нерсе. Штаммдардын көбөйүп жаткан саны – бул мүмкүнчүлүк болору менен COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүү керек болгон дагы бир себеп. Адамдар канчалык тез эмделе турган болсо, вирустун жаңы мутациясынын пайда болуу мүмкүнчүлүгү ошончолук азаят.
Оору пайда болгондон кийин аны дарылоонун ордуна, вакциналар биринчи кезекте биздеги оорунун алдын алат.
Сиз вакцина алгандан кийин сиздин иммундук системиңиз:
вирус же бактериялар сыяктуу басып кирген микробду тааныйт;
антителаларды иштеп чыгат. Антителалар – бул оорулар менен күрөшүү үчүн иммундук систем тарабынан табигый түрдө иштелип чыга турган белоктор;
ооруну эстеп калат жана организмди микроб менен күрөшүүгө үйрөтөт.
Эгерде сиз келечекте ушул микробдун таасирине дуушар болсоңуз өзүңүздү начар сезүүнүн астында иммундук систем аны кантип тез жок кылуу керектигин билип калат.
COVID-19га КАРШЫ ЭМДЕЛГЕН АДАМ БААРЫ БИР ООРУ ЖУКТУРУП АЛЫШЫ МҮМКҮНБҮ?
COVID-19га каршы вакциналар жогорку эффективдүүлүккө ээ болсо да алардын бири дагы 100 пайыздык коргоону камсыздабайт.
Жыйынтыгында COVID-19га каршы эмдөөдөн кийин коргоо талаптагыдай өнүкпөгөн адамдардын азыраак пайызы болушу мүмкүн.
Вакцинанын спецификалуу мүнөздөмөлөрүнөн тышкары эффективдүүлүккө таасирин тийгизиши мүмкүн:
Адамдын курагы
Ден соолуктун негизги абалдары
Вирус менен болгон мурдагы байланыш
Максималдуу иммундук жоопту калыптандыруу үчүн вакцинанын 2 дозасынан кийин 4-6 айдан соң кошумча бустердик доза алуу сунушталат.
Бул басылма Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен «Саламаттыкты сактоо системинин туруктуулугун бекемдөө» (LHSS) долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн «Үй-бүлөнү пландаштыруу кыргыз альянсы» коомдук бирикмеси жооптуу, ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.