Мурат Жалиев, шоумен: “БИРИНЧИ МАЯНАМА АПАМ ДАСТОРКОН АЛГАН”

Бул жолку рубрикабыздын коноктору шоумен Мурат Жалиев жана анын апасы Мыскал Думанаева болду. Эне менен баланын ортосундагы сүйүү, энелик даража тууралуу мыкты маек куруп беришти.

– Саламатсыздарбы? Кепти анда Мыскал ападан баштасак, өнөрлүү уулуңузду биринчи жолу колуңузга алган күндү эстеп берсеңиз?

Мыскал Думанаева: – Саламатсыңарбы? Мурат 14-январь күнү түнкү саат 12 чамасында төрөлгөн. Эсимде, ошол күнү кыламык кар жаап турган. Ден соолугу жакшы эле төрөлгөн, бирок эки айдан кийин катуу ооруп калып, абдан кыйналдык. Эки уулум бар, Мурат кичинесинде аябай шок эле. Кичүү уулум, тескерисинче, жоош эле, азыр шок болуп кетти. Мурат эч жөн отура алчу эмес, жок эле дегенде колун кыймылдатып турчу. Көзү мени карап турса да колу бир нерсе кылып жиберчүдөй болгон элеси азыр да көз алдымда (күлүп). Мектепте жакшы окуду, эске тутуусу аябай жакшы болчу. Үйдө сабак даярдабай эле, мугалим айтканды дароо илип алып, ошол замат айтып берип койчу.

– Уулуңуз чыгармачыл адам болору кичинесинде байкалды беле?

Мыскал Думанаева: – Элдин адамы болорун байкаган деле эмесмин. Балким, атасы экөөбүз анча көңүл бурган эмеспизби, билбейм. Университетке баргандан кийин уулумдун өнөрү чыкты. Сөзгө чечен экенин байкачу элем, анткени менин атам да сөздөн алдырбаган киши эле. Азыр Мураттын той алпарганын көргөндөр “таятасынын өнөрү ушунда калыптыр” деп калышат. Мурат сахнада ачылып кетет, үйдө мүнөзү бир калыпта, кээде ичимтап болуп жүрө берет. Уулумдун сахнада ачылып кеткенине кээде ишенип-ишене албай кетем.

– Мурат, сырыңызды үй-бүлөдө кимге айтасыз?

Мурат Жалиев: – Көп учурда апама айтат окшойм. Атам катаалыраак, көп сүйлөбөгөн киши, айтканын айткандай кылдырат, андай мүнөзү мага кээде жакпай кетет (күлүп). Байкашымча, бардык эле уулдар апасы менен сырдашат, бирок кеңеше турган иштер болгондо атам менен дагы кеңешип турам.

– Апаңыздын кайсы тамагын жакшы көрөсүз?

Мурат Жалиев: – Оромону сонун жасайт. Жолго чыгарда апама оромо жасатып жеп алып чыкканды жакшы көрөм. Мурун “Тамашоудо” ойноп жүргөндө баарыбыздын апаларыбыз бир нерсе салып беришчү жолдон жейсиңер деп. Мисалы, Бишкекке барып КВНге катышып жүргөн алгачкы жылдары жаш элек да, акчабыз да жок эле. Ошол учурда апаларыбыз салып берген тамактарды жеп курсак тойгузчубуз.

– Мыскал эже, уулуңузга “баланчанын кызы түзүк окшойт” деген кеңештерди айткан учуруңуз болду беле?

Мыскал Думанаева:– Жок, Мурат өзү таап, жактырып жүрүп үйлөндү. Балдарымдын баары эле өздөрү таап жактырышып баш кошушту.

– Мурат, апаңызга берген эң биринчи белегиңиз...

Мурат Жалиев: – Малазияга концерт коюп барганбыз, ошол жактан апама жакшы жоолук алып келгем. Ал эми эң алгачкы акчамды 7-классымда таап апама алып келип бергем. 5 сом болсо керек эле, бирок ал акчага көп нерсе келчү.

Мыскал Думанаева: – Баламдын биринчи маянасы деп мен ал акчага дасторкон сатып алгам. Ошол дасторкон бүгүнкүгө чейин бар.

– Уулуңузду тентектик кылганда кантип жазалайт элеңиз?

Мыскал Думанаева: – Башка балдарымды жазалап койчумун, бирок Муратты анткен жокмун. Анткени кичинесинде катуу ооруп ооруканадан башыбыз чыккан жок. Эртең менен кээде оорукананын жандандыруу бөлүмүнө чуркап барчумун, “аман болду бекен” деп коркор элем. Бир жолу 20 мүнөттөй дем албай калган, ыйлап турсам бир врач келин сактап калган. Ошол келинге дайыма рахматымды айтып келем. Бул ооруганда мен тамак ичпей калчу элем. Кичинесинде ийне көп сайгандан коркуп калганбы, азыркыга чейин ийне сайдыргандан качат.

Мурат Жалиев: – Уколдон коркуу 1-классымда башталган. Айылда уюбуз кутурма оорусу менен ооруп калыптыр, аны биз бир топтон кийин билдик. Уйду терең казылган жерге көмүп салышты. Анын сүтүн биз билбей иче бергенбиз да, ошондо врачтар келип баарыбыздын киндигибизге ийне сайышкан. Ийне сайган кишинин кебетеси коркунучтуу болсо керек эле, ошондон кийин коркуп эле качып калгам.

– Кандай ыкмалар менен тарбияладыңыз балдарыңызды?

Мурат Жалиев: – Апамдын “атаңар келгенде көрөсүңөр” деген эле бир ыкмасы бар болчу (күлүп).

Мыскал Думанаева: – Үйдө иш кылганда колго тийбей дайынсыз кеткен балдарым атасы үйгө келген учурда кайдан-жайдан пайда болуп калышчу.

– Неберелериңизден уулуңуздун сапаттарын көрө аласызбы?

Мыскал Думанаева: – Ооба, Бурулай деген неберем атасына окшош. Баскан-турганынан бери окшош. Бурулайды ээрчитип жүрсөм Мураттын кызы экенин элдин баары байкашат.

– Уулуңуздун эсиңизде калган өзгөчө окуясы...

Мыскал Думанаева: – Балдар жай бою же таятасыныкында же чоң атасыныкында каникулда жүрүшчү. Мурат аттан жыгылып, кабыргасы сыныптыр. Биз ошол убакта атамдыкына барып калдык. Акырын келип учурашты, ичибизден “буга эмне болгон?” деп коёбуз. Көрсө, кабыргасы сынып кеткенин жашырып жүрө бериптир. Оюнда дагы “тентектик кылдың” деп урушат деген окшойт.

Мурат Жалиев: – Эмнеге жашырдым дебейсизби (күлүп)? Мен да башкалар минип жүргөн кадимки атты минбей, азоо, эч ким мине элек жылкыны кармап алып минип жатпаймынбы. Бир аз бастыргандан кийин эле жылкы силкип таштады да. Эки кабыргам сынып кетиптир. Аны айтсам, азоо атка мингеним билинип калганы жатпайбы? Бирок ат мингеним билинбей калат деп жаңылышчу экенмин, чоң атам дөңгө чыгып баарын байкап турчу экен.

Иши кылып оюма эмне келсе жасап көргүм келе берчү. Телевизордон букаларды минип алып чапкан оюнду көрүп алып, уйга да минип көргөм. Эки мүйүзүнөн кармаганда эле ыргытты. Эл аттан жыгылса, мен уйдан да жыгылып көргөм (күлүп).

– Анда маегибиздин аягында бири-бириңиздерге айткан каалоолоруңуздарды уксак...

Мурат Жалиев: – Эмне баягүнү акча бербей койдуңуз мага (апасын тиктеп)? Тамаша, апа, мен сизди аябай жакшы көрөм. Мен университетке тапшырып жатканда анчалык шартыбыз жок эле. Ошондой болсо да апам бар күчүн жыйып туруп мени окуткан. Ошондо апамдын күчүнө баа бергем. Апа, бар болуңуз, оорубаңыз, төрүбүздүн көркү болуп аман жүрүңүз.

Мыскал Думанаева: – Уулум, мен да сени менен сыймыктанам. Элдин уулу болуп бала-чакаң менен аманчылыкта жүр.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1029, 26-август-1-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан