500 ЖЫЛ МУРУН ТАРТЫЛГАН “МОНА ЛИЗА” ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

  • Көп угуп, көп көрүп жүргөн Леонардо да Винчинин “Мона Лиза” аттуу эмгеги толук “Лиза дель Жоконда айымдын портрети” деп аталат. Ал эми мона сөзү мадонна сөзүнүн кыскартылышы, портретти изилдөөчүлөр ушундай кыскартып атап жүрүп сүрөт “Мона Лиза” болуп калган.
  • Сүрөт XVI кылымдын башында, тагыраак, 1503-1505-жылдары тартылган деген божомол бар. Демек, анын тартылганына 500 жылдан ашты.
  • Азыркыга чейин сүрөткө кайсы айым тартылгандыгы тууралуу так маалымат жок. Бирок көпчүлүк булактарда жибек алып-сатуучу Франческо дель Жоконданын жубайы деп айтылса, кээ биринде Леонардо да Винчи портретке өз апасын түшүргөн деп да айтылат.
  • Портрет Франциядагы дүйнөдөгү эң чоң музейлердин бири Луврда сакталып турат. Ал портретке өзүнчө зал бөлүнгөн жана андан башка экспонаттар коюлган эмес.
  • 1911-жылы Лувр музейинен бул портрет уурдалып, аны эки жылдан кийин таап келишкен. Аны Винченцо Перуджа аттуу музей жумушчусу уурдап кеткен. Анын максаты италиялыктарга таандык болгон тарыхый кенчти кайра кайтаруу болгон. Бул кылмышы үчүн ал 1 жылга абакка кесилген.
  • Лувр музейинин администрациясы портретти уурулардан коргоочу кароолчу системине 7 миллион евро жумшаган. Ошондой эле ал 3 миллиард АКШ долларына камсыздандырылган дүйнөдөгү эң баалуу сүрөт болуп саналат.
  • Канча бир кылымды камтыган бул портретте жаракалар пайда боло баштагандан бери көргөзмөлөргө алып барылбай, ордунан козгобой калышкан. Сүрөттүн боёктору да баштапкысынан кыйла күңүрт тартып калган.
  • Лувр музейине келгенге чейин портрет Франциянын императору Наполеон Бонапарттын үйүндө болгон.
  • ХХ кылымда Мона Лизанын портретине окшоштуруп тартып, аны оригинал деп саткан сүрөтчүлөр көп болгон.
  • Сүрөттөгү айымдын сырдуу жылмаюусунан анын бактылуу, же бактысыз экенин талашкандар көп болгон. 2005-жылы голландиялык изилдөөчүлөр компьютер аркылуу эмоциясын аныкташкан. Анда 83 пайыз бактылуулук, 9 пайыз жек көрүү, 6 пайыз коркуу, 2 пайыз жинденүү сезими чагылдырылган.

Асел Ишенбай кызы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1030, 2-8-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан