АЛИМЕНТ: ТИЛ ТАБЫШЫП ЖЕ ӨЛҮП ГАНА КУТУЛАСЫҢ

Адатта, алимент десе жашы жете элек балдарга атасы тарабынан берилген жардамды эстейбиз. Ажырашкан эркек кош бойлуу аялына, курсактагы ошол бала 3 жашка чыккыча, баланын майыптыгы болсо 18 жашка чыккыча аны баккан энеге өзүнчө алимент төлөөгө милдеттүү экенин билчү белеңиз?

Алимент (лат. alimentum “камсыздоо”) – жашы жете элек баланы багууга ата-эне милдеттүү түрдө төлөөчү акча каражат. Ал ыктыярдуу же сот чечими аркылуу мажбур өндүрүлөт. Алимент – үй-бүлөнүн жумушка жарамсыз мүчөсүнөн бөлөк жашаган жакынынын мыйзам боюнча көрсөткөн материалдык камсыздоосу десе болот. Түрүн жана формасын ар бир өлкө өз алдынча аныктайт. Кыргызстанда алимент жөнүндө мыйзам 1990-жылы кабыл алынган. Адатта, алименттин суммасын жубайлар өз алдынча макулдашып алышат. Эгер макулдашуу болбосо, анда сот чечет.

АЛИМЕНТ ӨНДҮРҮҮ ҮЧҮН СОТКО КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР

• Алимент өндүрүү жөнүндө доо арыз – түп нускасы жана көчүрмөсү

• Ар бир баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү

• Арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү

• Нике күбөлүгүнүн же ажырашкандыгы тууралуу документтин көчүрмөсү

• Ишке тиешеси бар тараптардын кирешеси тууралуу маалымкат (киреше тууралуу маалымат алууга мүмкүн болбой жатса, сотко өтүнүч менен кайрылыш керек, сот жоопкер тараптан маалымат берүүнү талап кылат)

• Баланын жана ата-эненин жашаган жеринен маалымкат

АЛИМЕНТТИ КИМДЕР АЛА АЛЫШАТ?

  • 18 жашка чыга элек балдар
  • 18 жаштан ашкан, эмгекке жөндөмсүз, жардамга муктаж жарандар
  • Окуу жайда окуп жаткан 18-21 жашка чейинки балдар
  • Ишке жарамсыз ата-эне, чоң ата, чоң эне, таята, таянелер
  • Жардамга муктаж 18 жашка чыга элек неберелер
  • Кош бойлуу кезинде ажырашкан аял – баланы 3 жашка чейин бакканы үчүн
  • Майыптыгы бар баланы 18 жашка чейин баккан жаран
  • Нике бузулганга чейин же бузулгандан кийинки 1 жылдын ичинде эмгекке жөндөмсүз болуп калган жубайлардын бири

– Ажырашканыма 6 жыл болду, башында күйөөмдүн шартына карап алимент талап кылган эмесмин. Азыр ийгиликтүү бизнесмен, ошол 6 жылдын алиментин өндүрүп алсам болобу?

– Кыргызстандын Үй-бүлө кодекси боюнча, болбойт. Алимент сиз сотко кайрылган күндөн баштап эсептелет. Өтүп кеткен жылдар үчүн алимент өндүрө албайсыз. Бизде көпчүлүк айымдар ушул маселеде жаңылыштык кетиришет. Ажырашкандан кийин күйөөңүз менен жакшы мамиледе калсаңыз да алимент кестирип ала бериңиз.

– Алиментти кандай учурда өндүрүп алууга болбойт?

– Мыйзамда жылчыктар бар, алимент өндүрүүнүн да, кантип алимент төлөбөй кутулса болот дегендин да жообу бар. Расмий ажыраша элек, бирок 3-4 айдан бери чогуу жашабаган жубайлар бар. Көпчүлүгү нике кагазы кесилип, расмий ажырашкандан кийин алимент өндүрсө болот деп түшүнүшөт. Жок, жубайыңыз менен расмий ажырашпасаңыз деле алимент өндүрүп алсаңыз болот.

– Орусиянын жарандыгын алып алгандардан алимент өндүрсө болобу?

– Болот. Сотко алимент өндүрүп берүү боюнча арыз жазуу керек. Сот аткаруучу соттун чечимин Орусияга жөнөтөт. Алимент төлөөчүнүн Орусияда тапкан айлыгынан кармалып, алардын банктагы эсебине ай сайын которулуп турат. Атасынын жашаган жери боюнча Орусиянын сотуна арыз менен кайрылуу керек.

– Алименттин суммасы кандай, бир балага канча төлөнөт?

– Бир балага – ата-эненин кирешесинин төрттөн бири, эки балага – үчтөн бири, үч же андан көп балага – жарымы төлөнүүгө тийиш. Бул үлүштөр сот аркылуу азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн. Кыргызстанда эң аз алимент катары 2000 сом төлөнүп жүрөт.

– Күйөөм 2 жылдан бери алимент төлөбөй жүрөт...

– Соттун чечими 30 күндө күчүнө кирет. Ал чечим сот аткаруучуларга кетет. Сот аткаруучулар жоопкерди таап өндүрүшөт. Бизде сот аткаруучулар жоопкер кичине тыйын карматып койсо ишти чоюп жүрө беришет. Негизи сот аткаруучунун иши: Жоопкерге кароол желегин (сторожевой карта) тагып коёт, ал поезд, автоунаа, аэропорт кызматы менен өлкөдөн чыга албай калат. Экинчиси – паспортун, банктык эсептерин тоңдуруп коёт. Күйөөсү соттун чечимин аткарбай жатса, милицияга кайрылсын. Ал абакка отурбаса да кылмыш иши козголуп “соттолгон” деген аты калат. Соттолсо да карызы моюнунда калат жана алименттин суммасы өсө берет.

– Колунда эч нерсеси жок, жумушсуз адамдан кантип алимент өндүрсө болот?

– Баланын атасы бекерчи, майып, аталык укуктан ажыраса да алимент төлөөгө милдеттүү. Майып болсо, мамлекеттен канча жөлөк пул аларын аныктап ошого жараша алимент чегеришет. Бекерчи болсо да сот жеке жагдайын эске алып белгилүү бир суммада алимент кестирип берет. Башкача айтканда, алимент төлөөчүнүн эки гана жолу бар: баланын энесинен тосмо арыз алат же өлүп гана кутулат.

– Баланы “меники эмес” деп тангандардан кантип алимент өндүрүлөт?

– Атасы “бала меники эмес” деп танган учурда генетикалык экспертиза дайындалат. Ишти чойгусу келсе, эспертизага макул эмесмин, ишенбейм десе комиссиялык, комплекстүү экспертизалар дайындалат. Айрым кылмыш иштерин жарандар ушинтип чоюп жүрүп, акыры кылмыш ишинин мөөнөтү эскиргенине байланыштуу деген тыянак менен жаап салышат.

– Баласын таштап кеткен энеден да алимент өндүрсө болобу?

– Мыйзамда атанын да, эненин да балага жоопкерчилиги бирдей. Мурунку мыйзамдарга ылайык, сот 7-8 айлык эмчектеги баланы энеси менен калтырчу. Азыр андай эмес, эмчектеги баланы атасы да алып коё алат. Керек болсо сот “энеси баланы күнүнө 2 жолу келип эмизип кетсин” деп милдеттендирип коюшу да мүмкүн. Ата балага канча алимент төлөсө, эне деле ошончо төлөйт.

– Карыган ата-энесин карабай койгон балдардан да алимент өндүрсө болот дешет...

– Ата-эне пенсия курагынан ашса, ар бир эмгекке жарамдуу баласынан алимент өндүрсө болот. Ата-эне майып болсо, майыптыгы тууралуу документтерди чогултуп, 60 жашты күтпөй деле алиментке арыз берсе болот. Анткени мыйзамда ата-энеден балага кандай алимент төлөтүлсө, кийин ата-эне жумушка жарабай калганда балдары да ага ошондой кам көрүүгө милдеттүү.

Бул макаланы даярдоого көмөктөшкөнү үчүн юрист Шердор Абдыкапаровго ыраазычылык билдиребиз.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1031, 9-15-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан