АЛТЫН, БРИЛЛИАНТ ҮЙЛӨНҮҮ ТОЙЛОРУН БЕЛГИЛЕҢИЗ

Үйлөнгөнүнө 5 жыл болгон түгөйлөр “жыгач той” майрамын белгилесе болот. Ал эми “алтын той” датасына жетүү үчүн 50 жыл бирге жашашыңыз керек. Баш кошконуңуздарга канча жыл болду? Төмөндө түгөйлөр үчүн жылдарга бөлүнгөн жагымдуу даталардын аталышын бердик.

1 жыл – пахта үйлөнүү тою

2 жыл – кагаз тою

3 жыл – тери тою

4 жыл – зыгыр тою

5 жыл – жыгач тою

6 жыл – чоюн тою

7 жыл – жез тою

8 жыл – калай тою

9 жыл – фаянс тою

10 жыл – роза тою

11 жыл – болот тою

12 жыл – никель тою

13 жыл – ландыш тою

14 жыл – агат тою

15 жыл – хрусталь тою

16 жыл – топаз тою

17 жыл – белгиленбейт. 10 жылдык сыяктуу 17 жыл дагы роза тою болуп эсептелет. Андыктан 10 жылдык датаны жакындардын курчоосунда майрамдап, ал эми 17 жылдык "скромно" түгөйлөрдүн ортосунда гана белгиленип калат.

18 жыл – бирюза тою

19 жыл – гранат тою

20 жыл – фарфор тою

21 жыл – опал тою

22 жыл – коло тою

23 жыл – берилл тою

24 жыл – атлас тою

25 жылкүмүш тою

26 жыл – нефрит тою

27 жыл – кызыл дарак тою

28 жыл – белгиленбейт. Бул дата түгөйлөрдүн мамилесиндеги кооптуу учур болуп эсептелет. Бири-биринен тажап, үй-бүлөгө кайдыгер мамиле жасалып калат. 28 жылдыкты белгилейт элем деп ээленбей, бул жылы мамилеге "экинчи өмүр" берүүгө аракет жасоо зарыл.

29 жыл – бархат тою

30 жыл – бермет тою

35 жыл – коралл тою

40 жыл – рубин тою

45 жыл – сапфир тою

50 жыл – алтын тою

55 жыл – изумруд тою

60 жыл – бриллиант (алмаз) тою

65 жыл – темир тою

100 жыл – кызыл платина тою

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1031, 9-15-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан