Жан дүйнө жаңырыгы
Биз баарыбыз анын ырларын эргүү менен угабыз. Кыргыздын маңдайына ушундай таланттуу жигит жазганына кубанып, сыртынан сыймыктанабыз. Жакындан билгендер “эр көкүрөк” дешсе, да бири “менменсинген” дешет. Чын эле ошондойбу, азыр байкап көрөбүз. Айтылуу ырчы, обончу Бек Борбиев биздин мейман төрүбүздө.
БАЛАЛЫК
– Балалыкты эстесем, эски Токтогул көз алдыма келет. Үч суу келип кошулган, ажайып кооз жер эле. Азыр аксакалдар “бейиштин эле өзү болчу” дешет, ошол чын. Ал жерлер кийин суу сактагычтын астында калган.
Атамдын жумушуна байланыштуу улам бир жерге көчүп жүрүп, 5 мектепте окугам. Өтө тентек бала элем. Атам мени катуу кармачу, ошентсе да анын көзүн жазгырып, тентектик кылууга жетишчүмүн. Кошуна кыз бар эле, балдарды көп ыйлатчу окшойм, айтор, тажаганда ошол кыз менен ойночумун. Кыпы деп койчу элек, аты Кымбат экенин кийин билдим. Кийин башка айылга көчүп кеттик, бирок мен эс тарткыча эле үйдөгүлөр ошол Кыпыга мени жамап, чычалата беришчү.
Анан чоңойдук... Политехке тапшырып, окуп калдым. Бизде эркек балдар көп да. Ошол кезде достук тайпаларын түзүү салты бар болчу. Женпеддин бир тайпасы менен таанышып, кафеге чогулуп калдык. Старостасы тыкылдаган кыз экен, баарыбызды тизип, тааныштыра баштады. Кезек мага келгенде тиги староста “мени тааныдыңбы, Кымбатмын” дейт. “Кайсы Кымбат эле?” деп ойлонуп, таппай бушайман болуп турсам, “баягы Кыпымын да...” дейт. Ошентип, чыт курсак бала кездеги досумду таап, кубангам.
Бир жолу атам эликтин чаарчыгын алып келиптир. Чаарчык экенин билбейм да, атамды бучкактап “бул эмне?” десем, “эшек” деп койду. Ошого ишениптирмин. Ал болсо көчө-белде элге айтпасын десе керек. Совет кезинде жаныбарларды кармоо опурталдуу эмес беле. Көрсө, чаарчык тузакка түшүп, бутун кокустатып алган экен. Атам ошону айыктырам деп убара тартып жүрдү. Сыягы, айыкпаган көрүнөт, бир күнү союп жатыптыр. “Ата, эмне кылып жатасыз?” деп жанына тура калсам, “бар, сыртка чыгып ойно, эшекти союп жатам” деп мени чыгарып жиберди. Ошол эле жерден тыз коюп чуркап чыгып, көчөнү аралай “атам эшек союп жата-аат” деп кыйкырып баарына айтып чыккам. Ошентип, атамды уят кылгам. Аны үйдөгүлөр айтып, азыркыга чейин күлүшөт.
МЕНИН АПАМ
– Апам Буралкан, мугалим, орус тилчи болчу. 3-класста болсо керек, классташымды сабап, ыйлатып койгом. Анын апасы да мектепте иштейт экен. Ал бала апасына арызданып, анын апасы менин апамды ээрчитип келип, урушуп кирген. Ошондо апамдын мени жаакка чапканы дале эсимде. Мугалимдин баласы экенимди, мектепте тынч жүрүшүм керектигин сезгем. Бирок мүнөздү оңдош кыйын экен, бейбаштык кылып, директордун кабинетинде башты жерге салып далай турдум. Апам дайыма мени менен кошо директордон тил угар эле. Анан ал атама айтып, кечинде үйдө “разборка” болчу.
Апам боорукер, ыйлаак инсан. Бир аз эле кайгылуу нерсени укса, көрсө, муун-жүүнү бошоп кетет. Өткөндө кызымды күйөөгө узатарда да токтоно албай аябай ыйлады. Аны да түшүнсө болот, улуу кызымды 4 жашына чейин өзү баккан. Апама калганыбыз бир тең да, Шахназ бир тең.
АЗЫРКЫ ЖАШТАР
– “Жаштар бузулду” дегенге таптакыр кошулбайм. Азыр деле ыймандуу, тарбиялуу, билимдүү жаштар көп. Негизгиси, замандан эмес, тарбиядан.
Өзүмө келсек, атамдан кандай тарбия алсам, балдарыма ошондон кем эмес бергенге аракет кылам. Карапайым жашоого көнгөн адам турмуштан өзүн таап кете алат. Жалаң барчылыкта өсүп калган баланын чыныгы турмуштан жолун табышы кыйын болот деп ойлойм. Балдарды каникулдарда чоң атасына жөнөтүп көндүргөм. Айылда эгин-тегинге каралашып, жылкы кармап, кой багып, кык чыгарып дегендей, турмушка бышсын деп. Эми мен малды кандай билсем, эки уулум деле ошондой билишет. Айыл турмушу аларга өөн эмес. Билимине абдан көңүл бурам. Жакшы, сапаттуу билим алмайынча баладан ийгиликтүү кесип ээси чыгышы кыйын. Баскан-турган тарбиясына да карайм. Уулдарыма керек жерде дос болушум деле мүмкүн. Бирок мен койгон чектен чыгышпайт.
ДОСТОР
– Ооба, оомат-кызмат достор көп дечи, бирок чыныгы досторум жок эмес. Достун да досу болот дейт, жакшылык-жамандыгыңды бөлүшө турган досторум бар экенине кубанам. Ошолорду айырмалап билип мамиле жасаганга аракет кылам. Аялзатынан Асел Турдалиева менен жакшы досмун. Аны мен “аял” же “эркек” деп бөлбөй эле дос деп кабыл алам. Бирок мындай көрүнүш чанда кездешет. Негизи, кыз-жигиттин ортосунда достук болоруна ишенбейм.
МУЗЫКА
– Өзүм бажы кызматкеримин. Кесибим башка болгону менен, музыка – менин жашоом. Кайрыктардан рахат алам. Жакшы ыр жазсам көңүлүм ачылып, башкача бир сезимге чулганып калам. Эгер ал ырым элге да жакса, кадимкидей кудуңдап кубанам. Классикадан Бетховенди көп угам. Классика жан дүйнөңө азык берет, сугарат, тынчтандырат, эс алдырат.
СЕЗИМДЕР
– Кыялымда бир аялзаты жашап келет. Ал таза, сулуу, назик жана туруктуу. Ошол аруужан гана мага туруктуу, мени чексиз сүйөт, сатпайт. “Ханзаада” деген ырым кыялымдагы ошол аялзатына арналган.
МЕНИН КЫЯЛЫМ
– Өзүмдү кызганчаак деп эсептечү эмесмин, силер алаканымды жазып чыккандан кийин ойлонуп калдым. Байкап көрсөм, бир топ эле экенмин. Мүнөзүм кадимки эле пенделердикиндей да. Ошентсе да жактырбаган бир сапатты айта кетпесем болбос, өзүмчүлдүктү жек көрөм.
ЖАН ДҮЙНӨМДӨ РОМАНТИКА
– Ооба, өзүмдү романтиктердин катарына кошом. Сиз менен биз жашаган катаал турмушта романтика болбосо кыйын го. Албетте, кыялымдын мындай күнгөйүн баарына эле көрсөтө бербейм.
Жаңы таанышкан адам менен камыр-жумур болуп кетишим кыйын. Ачылып, сыр айтышым үчүн мен ишенген, сындан өткөн адам болушу керек. Колдун манжалары жете турган эле сырларым болсо керек, эч кимге айтылбаган. Калганын жакындарым билет.
САХНА
– Аккордеондун коштоосундагы ырларымды аткарып берүүнү сурангандар көп. Өзүм акыркы убакта “Сагынгам да” деген ырымды көп угуп, ырдап жүрөм. Анча-мынчада комуз менен да ырдап калам. Ал өнөрдү Жаңы жылдагы концертимде элге тартуу кылайын деп турам.
КҮЙӨРМАНДАР
– Чыныгы чыгармачылыгымды баалагандар, мени менен чыгармачылыгымды адаштырып алып чектен ашып кеткен күйөрмандар да бар. Жашаган дарегимди, канча алмаштырбайын телефон номурумду, мен жүргөн жерлерди, жумушумду, кудая тобо, баарын билип алышат. Күйөрмандын баарын сыйлайм дечи, бирок чектен чыккандары кадимкидей чарчатат. Эгер алар мени жакындан билишсе, балким, азыркыдай сыйлабай калышар, мен деле катардагы пендемин да. Бирок алар Бек аттуу мырзаны эмес, Бек Борбиев деген ыр жандуу инсандын чыгармачылыгын сыйлашат. Андыктан күйөрмандардын ар бири мен үчүн баалуу.
Шаиста Шатманова
star@super.kg