СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Валерий Карпин: “Кыргызстан менен ойноо биз үчүн жетишкендик”

Орусиянын футбол боюнча улуттук курама командасы Кыргызстан жана Иран курама командалары менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Кыргызстан–Орусия беттеши 24-сентябрда Бишкек шаарында болот. Бул тууралуу Орусиянын футбол союзунан билдиришти. Ал эми Иран менен оюн ноябрь айына белгиленүүдө. Орусия курама командасы жана анын ичиндеги клубдар эл аралык оюндардан четтетилген. Курама команда акыркы оюнду 2021-жылы ноябрь айында Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу турунда Хорватия менен беттешип өткөргөн.

Орусия курама командасынын башкы машыктыруучусу Валерий Карпин маалымат жыйынында Кыргызстан менен оюн өткөрүү жетишкендик экенин билдирди. “Курам 300 пайызга чогулушу керек, бар экенибизди, тирүү экенибизди билдирүү маанилүү. Азыркы шартта Кыргызстан менен ойноо биз үчүн жетишкендик”,- деди Карпин.

Волейбол: Азиянын чакырык кубогун Кыргызстан жеңип алды

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында волейбол боюнча эркектер арасында Азиянын чакырык кубогу аяктады. Беттешке Кыргызстан, Өзбекстан, Монголия, Сауд Арабиясынын курама командалары катышты. Жарым финалда Кыргыз курамасы Монголияны 3:0 эсебинде артта калтырса, финалда Кыргыз курамасы Сауд Арабиясы менен кез келип, 3:2 эсебинде жеңишке жетип, чакырык кубогунун ээси болду. Ал эми 3-орун үчүн Өзбекстан менен Монголия беттеш жүрүп, 3:2 менен Өзбекстан утуп чыкты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1031, 9-15-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан