КОЙ (21.03-20.04)
Аптада дарегиңизге айтылган сынды көтөрө албай ачууланасыз. Никеде өз ара милдеттерди гана эмес, жоопкерчиликти да сезе билүүңүз абзел. Эгер үй-бүлөдө баары жайында болсо, түгөйүңүз менен романтикалык жолугушуу уюштурсаңыз болот. Бойдоктор принципке турам деп көп нерседен куру калышы мүмкүн, андыктан айрым жагдайларда ынанбасаңыз да ынангандай, ишенгендей түр көрсөтүп койгонуңуз туура.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жашооңуздун эң бир сонун көз ирмемдерин өткөрөсүз, анткени ар бир күн унутулгус окуя менен коштолуп түбөлүккө жүрөктө калат. Ата-энеңиз менен мамилеңизди жакшыртыңыз, жакын болуңуз, сырдашчу адамына айланыңыз. Киреше булагы көбөйүп, бул сизге үйүңүздөгү шартты жакшыртуучу эң зарыл буюмдарды сатып алууга түрткү берет. Айымдар кулинардык эксперимент кылгысы келип, үйүнө конок чакырып даам сыздырат.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Айланаңыздагы адамдар менен баарлашууга муктаждык күчөйт. Башкалар менен оптимисттик жана достук мамиледе болосуз. Аптада сиз тынчтыкты орнотуучу, урушуп кеткендерди жараштыруучу, абалды туура түшүндүрүп берүүчү вазыйпаны аткарасыз. Кыбыр эткендин баарына кызыгып өзүңүздү табуунун үстүндө кызуу иштейсиз. Сүйүү мамилесинде өтө туруксуз жума болот, жаңы таанышуулар орун алса, ал мамиле көпкө узабашы мүмкүн.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада бөйөндөр тынчтыкты жана жалгыздыкты каалашат. Жашооңузда көптөгөн суроолорду жараткан окуялардын айрымдарына жооп таба аласыз. Детектив, аңгемелерди, эзотерикалык адабияттарды окууга кызыгуу өсөт. Үй-бүлөлүк чыр-чатактар жокко чыгарылбайт, жубайыңыз менен мамилеңизге жарака кетирип албаңыз, баарын сабырдуулук менен жеңсе болот. Жаңы иш баштап, бизнес түптөйм дегендер эсеп-кысапка так болуп, чыгашаларын кыскартканы туура.
АРСТАН (23.07-23.08)
Эски достор жана пикирлештер менен байланыштар жанданат. Абалдан пайдаланып айрым тааныштарыңыз сизди өз кызыкчылыгына колдонуп кетиши мүмкүн. Чөйрөңүздөгү адамдардын көңүл борборунда болуп, баары сизди угуп жатканын көрө албаган адамдар да табылат. Кесиптештер, жетекчилик менен мамилени жакшыртуу зарыл. Апта соңунда айрым жакшы тааныштарыңыз сизге материалдык колдоо көрсөтүшөт.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада сиз аткарчу пландар сыр катары сакталганда гана орундалат. Эмнеге жетүүнү каалап жатканыңызды башкаларга жар салбаңыз. Бийлик жана укуктук маселелер боюнча көйгөйлөрүңүз болсо, таасирдүү адамдар сизге жардам беришет. Бирок алардын ишенимине кыянаттык кылбай, өз алдынча болуп кеткенге аракет кылыңыз. Сүйүүдө жолдуу болосуз, айрыкча бойдоктор ар бир кадамынан сүйүктүүсүн издегени туура. Ал маңдайыңызда маршруттук такси күтүп турушу да толук мүмкүн.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жаңы тажрыйбага муктаждык күчөйт, мүмкүнчүлүк болсо саякатка чыгып мээңизди сергитип келиңиз. Жаңы эмоциялар, окуялар, адамдар сизге ички гармонияны табууга жардам берет. Жакындарыңызга жамандык кылбаңыз, чыдамкай болуп дарегиңизге айтылган ашыкча сөздөрдү кулак сыртынан кетирип койгонуңуз туура. Ашыкча көйгөй арттыргыңыз келбесе документ иштерине так болуп, олуттуу маселеде юристтин кеңешин алганыңыз жакшы.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Чаяндар аптада ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөргө туш болушу мүмкүн. Жумушта кандайдыр бир нерсе же бирөөлөр сиздин иш-аракеттериңизди дайыма чектеп жаткандай таасир калтырат. Бойдоктор социалдык, профессионалдык статусу боюнча жогорку кызматты ээлеген адам менен жакын мамиле түзө алышат. Каржы маселесинен улам бир туугандар менен келишпестик жаралат, жакшысы, эгер сизге бир туугандарыңыз карыздар болсо бир аз күтө турганыңыз оң.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Үй-бүлөлүк мамилелерде толук гармония орун алат, жан шеригиңиз сиз үчүн канчалык кымбат экенин түшүнөсүз. Балалуу жаачылар балдардын жүрүм-турумуна көзөмөлдү күчөткөнү туура. Чыгармачыл жаатта ишке ашырчу пландарыңыз болсо кийинки жумага жылдырып турганыңыз жакшы. Достор менен мамиледе келишпестик жаралып, өтмүшүңүздү чукуп, аны кемчилик катары колдонгон достор чыгат.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Буга чейин көңүлүңүздү калтырган адам менен беттешип эски жараларды сыйрып бири-бириңиздерди кечиришесиздер. Эгер жетекчиликке өз оюңузду түшүндүрө албай жатсаңыз, аны ынандырууга бардык мүмкүн болгон жолдорду издебешиңиз керек. Анткени сиздин оюңузду ал кабыл алгысы келген жок. Убакыт бериңиз. Тынымсыз эмгектин артынан абройго ээ болуп, айлык маянаңыз да көтөрүлөт.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Мезгилдин сынынан өтүп узак убакыт бою сүйүү мамилесинде жүргөн түгөйлөр мамилесин мыйзамдаштырышса болот. Унаа башкарсаңыз жол эрежесин так сактаганды унутпаңыз, жеңил жаракат алып калышыңыз мүмкүн. Үй-бүлөлүүлөр баласын ата-эненин биринин гана моюнуна жүктөп койбой, экөөлөп тарбиялаганы туура, анткени бала ата менен эненин тарбиясына эки башка реакция кылат.
БАЛЫК (20.02-20.03
Аптада үй-бүлөлүк көйгөйлөр көп болушу мүмкүн, бирок аларды чечүү сиз үчүн чоң ырахат тартуулайт. Айланаңыздагы нерселерди тартипке салуу менен алектенесиз. Жүргүзүлгөн тазалоо иштери сиздин жыргалчылыгыңызга оң таасирин тийгизерин белгилей кетүү керек. Жумада бардык идеяларыңызды ишке ашыра албай кыйналасыз. Бул үчүн физикалык да, материалдык да абалыңыз чектелүү болот.