ЖОЛБОРС ЖЫЛЫНДА ЭМНЕ ЖОГОТТУК ДА, ЭМНЕ ТАПТЫК?

Жыл жыйынтыгы

Чыгыш жылнаамасы боюнча, өтүп бараткан жыл Жолборс экендиги белгилүү. Сары-кара өңдөр мүнөздүү болгон бул жаныбардын жылы кайгылуу жана кубанычтуу окуяларга бай болду. Биз өлкөбүздө болуп өткөн маанилүү окуяларга кыскача саресеп салууну туура көрдүк.

Кыргызстан быйылкы жылда эмне жоготту жана эмне тапты? Табылгасы ушунчалык чоң белем, өлкөнүн жоготуусу да орду толгус болду. Анда дүйнөлүк коомчулукту көңүл бурууга аргасыз кылган маанилүү окуяларга көз жүгүртсөк.

ЯНВАРЬ
1-январдан баштап жылуулук жана жарыктын баасы 5-10 эселеп кымбаттады. Көп өтпөй уюлдук байланыш кожоюндары ар бир чакырык үчүн 60 тыйындан салык салышты.
11-январда мурунку Коргоо министри Исмаил Исаковду 8 жылга эркинен ажыратуу боюнча сот тарабынан чечим чыгарылды.
Ал эми 22-январда Жогорку Кеңеш Казакстанга Ысык-Көлдөгү 59 гектар жерди ижарага кармата салды. Айтмакчы, ал жерде 4 пансионат орун алган. Казакстан тарап ар бир гектар жер үчүн жыл сайын 24 миң сом төлөп турмак болгон.

ФЕВРАЛЬ
Мамлекеттик “Түндүкэлектро” жана “Кыргызтелеком” ишканалары жымжырт түрдө менчиктештирилди.
Парламент президент сунуштаган Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөрдү кубаттады. Анын эң негизгиси – Максим Бакиевди президенттикке алып келүү аракети эле. Бул жерде Мамлекеттик кеңеш түзүлүп, президент милдетин аткара албай калганда, ага мүчө болуп кирген 8 адам өзүнүн ичинен ажо болчу кишини аныктамак.
16-февралда Кыргызстандын тышкы иштери боюнча алгачкы элдик комиссары Казы Дыйкамбаев 97 жашында каза болду.
Ал эми 18-февралда Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун каржылоону токтотту.

МАРТ
Бийлик менен оппозиция жарыша курултай өткөрдү. 17-мартта Бириккен элдик кыймыл баштаса, аны 23-мартта экс-президент Курманбек Бакиев жетектеген расмий курултай улантты.
Бийчибиз Атай Өмүрзаков Орусиянын Биринчи каналындагы "Даңк мүнөтү" (“Минута славы”) теледолбоорунун финалына чыгып, өлкөбүздү даңазалады.
Нарын облусунун тургундары тарифтердин кымбатташына каршы митингге чыга башташты.

АПРЕЛЬ
6-апрель күнү Талас облусунда митинг башталды. Ал эми 7-апрелде Бишкек шаарынын “Ала-Тоо” аянтындагы көтөрүлүш экинчи президенттин Ак үйдөн качып чыгып кетишине алып келди. Бул окуяда 86 киши каза таап, бүгүнкү күнгө чейин күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча сот иши аягына чыга элек. Баш аламандык орун алган күндөрдө ири дүкөндөр талоонго кабылып, Башкы прокуратуранын имараты өрттөлдү.
7-апрелден кийин Убактылуу өкмөт бийликке келип, өлкөдөгү бардык жоопкерчиликти моюнуна алды. Бул аралыкта Бишкек шаарына жакын жайгашкан Маевка айылында жер басып алуучуларга байланыштуу кандуу окуя орун алып, анда 6 киши көз жумду.
Экс-президент Курманбек Бакиев Бишкектен Жалал-Абадга качып, эки апта өтпөй Казакстандын Тараз шаары аркылуу Беларустун борбору – Минск шаарына кетүүгө аргасыз болду.

МАЙ
Талас жана Бишкек шаарларындагы революциялык кыймылдар эми Жалал-Абадда башталды. Мында митингге катышкандардын 60тан ашууну жаракат алып, 2 киши каза болду. Бир аптадан кийин уланган экинчи кагылышта 3 киши көз жумду. Андан сырткары экс-президент Курманбек Бакиевдин жакындарына тиешелүү Тейит айылындагы үйлөр өрттөлдү.
Интернетке Максим Бакиев менен Жаныш Бакиевдин үндөрүнө окшош адамдардын телефон аркылуу сүйлөшүүсү, кийин Азимбек Бекназаров менен Темир Сариевдин үндөрүнө окшош адамдардын сүйлөшүүсү жарыяланды. Бул “лимон” ызы-чуусу” деген атка конгон окуяда 1 миллион долларды бөлүштүрүп алуу жөнүндө кеп козголгон.

ИЮНЬ
Апрель айын кандуулугу боюнча артта калтырган июнь тарых барактарында улуттар аралык чоң кагылыш катары эсте калары анык. Анткени 11-июнга караган түнү Ош шаарында белгисиз топ тарабынан башталган кандуу окуя, расмий маалыматтар боюнча,
893 кишинин өмүрүн алып кетти. Ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча, Ош жана Жалал-Абад облусундагы бул окуяда 2 миңге жакын адамдын көз жумгандыгы айтылып келүүдө. Анын катарында Ош шаардык Кеңешинин депутаты Аскар Шакиров калабанын алгачкы күндөрүндө өлтүрүлдү.
Аталган айда Түштүк Африкада футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондук өтүп, анда биринчи жолу Кыргызстандан Бахадыр Кочкаров калыстык кылды.
27-июнь күнү референдум өткөрүлдү. Анын жыйынтыгы өлкө үчүн парламенттик башкарууну жана президент иретинде Роза Отунбаеваны тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө жол ачты.

ИЮЛЬ
7-июль күнү 37 жаш курагында мурунку муфтий Муратаалы ажы Жуманов дүйнөдөн кайтты. Бул айда Убактылуу өкмөт Техникалык өкмөт менен орун алмашты. Укук коргоо органдары апрель айынан кийинки алгачкы ийгиликтерин көрсөтүп, анын бири иретинде экс-президенттин бир тууганы Акмат Бакиевди колго түшүрүштү. Референдумдан кийин Роза Отунбаева Өткөөл мезгилдин президенти болуп дайындалды.

АВГУСТ
Кезектеги бийлик үчүн көтөрүлүш Бишкекке жетпей аяктады. Митингдин жетекчиси Урмат Барыктабасов 2005-жылдын 17-июнундагы аракетин кайталагысы келип, бирок Киргшёлк айылында укук коргоо органдарынын колуна түштү.
Парламенттик шайлоонун күнү белгиленип, БШКнын тизмесине 57 партия катталды. Митингдердин аягы үзүлбөй, эми Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовду колдогон эл аянтка чыкты. “Кызматынан кол жууйт” деген имиштер ишке ашпай, анын ордуна шаар башчы убактылуу эс алууга кетти.
Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегаты ишке кирди.
Бишкекте Нарын облусунун мурунку губернатору Тынчтыкбек Чекиевди атып кетишти.

СЕНТЯБРЬ
29 партия парламентте орун алуу үчүн үгүт кербенин башташты.
Айтмакчы, бир кезде Алмазбек Атамбаевдин башынан өткөн окуя Азимбек Бекназаровго келип, ал ууланып калганын айтты.

ОКТЯБРЬ
Өлкөдө парламенттик шайлоо болуп өттү. Бирок анын расмий жыйынтыгы дээрлик 20 күндөн кийин белгилүү болду. Бул аралыкта аянтта митинг өткөрүү боюнча “Ата Журт” менен “Бүтүн Кыргызстан” партиялары эч кимди алдыга салган жок.
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында түн ичинде 3 милиция кызматкерин атып кетишти.
Анын экөөсү мүрт кетсе, бирөө оор жаракат менен ооруканага жеткирилди.

НОЯБРЬ
Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары ишке киришти.
Апрель окуясы боюнча сот иши башталды.
Кытайдын Гуанчжоу шаарында өткөн Азия оюндарында Данияр Көбөнов грек-рим күрөшү боюнча чемпион аталды.
Айдын соңку күндөрүндө Бишкекте апрель окуясы боюнча сот иши жүрүп жаткан Спорт Ордосунун жанында жардыруу болуп, андан 4 киши жаракат алды.

ДЕКАБРЬ
Коалицияны түзүү президент тарабынан Өмүрбек Бабановго өткөрүлдү. Анын аракети ийгиликтүү аяктап, “Ата Журт”, “Республика” жана КСДП бирикти. Жаңы жылдын алдында Алмазбек Атамбаев өкмөт башчылык, ал эми Ахматбек Келдибеков ЖКга төрагалык кызматка дайындалды.
Ошентип, 2010-жылдын жыйынтыгы легитимдүү бийликке ээ болуу менен аяктады. Акыркы 8 ай бою өкүм сүргөн баш аламандык миңдеген кыргызстандыктарга бүлүк салды. Андыктан келерки жылы быйылкы жылдагыдай окуялар кайталанбайт деген үмүт менен күтө туралы.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Arstan
2010-12-30 17:20:05
Бул эски жылда аябай журокту ооруткан окуялар коп болду,ушулардын баарын окуп отуруп денем чымырап жаман болдум.

Кудайым сактасын эми ушул кыйын кундорубуз кайталанбаса экен,элибиз аябай кыйналып кетти,тынччылык эле болсунчу.
Жаны 2011-жыл жакшы жылдардан болсун,жаратканым жалан тойлорду насип кылсын,элибиз ынтымакта болуп,болунбой бир болуп жакшы жашоо болушун аллахдан тилейм.Кыргызстаныбыз онгуп осуп,элибизде бейпил жашоо,тынччылык,аманчылык,токчулук,молчулук болуусун к
0
Elit
2011-01-03 10:27:49
мен дагы Арстанга кошулат элем. Кыргыз элимде токчулук, тынчтык, бейкутчулук болушун каалар элем. Чет жердеги, Кыргызстандагы Кыргыз эли кыйналып кетти.
0
№ 426, 29-декабрь - 6-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан