БАЛБАНДАР КЫРГЫЗДЫН ТӨБӨСҮН КӨККӨ ЖЕТКИРИШТИ

Сербиянын баш калаасы Белград шаарында 10-сентябрдан тартып күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүп жатат. Бул чемпиондук Кыргыз күрөшүнүн тарыхында эң ийгиликтүү чемпиондук катары алтын тамгалар менен жазылып кала турган болду. Грек-рим күрөшү боюнча алгач Акжол Махмудов алтын медаль тагынып тарых жаратса, аны улай Жоламан Шаршенбеков чемпион аталып алтын тагынды. Ал эми башында атаандашына ири эсепте жеңилип жаткан Амантур Исмаилов камбэк жасап коло байгеге ээ болду. Балбандардын бул ийгилигине кыргыз эли төбөсү көккө жете кубанып сыймыктанып турган учур. Бул мелдеште грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасынан 6 салмак категориясында балбандар күч сынашып, 2 алтын, 1 коло медалды куржунга салышты. Муну менен Кыргыз курамы жалпы медалдардын көрсөткүчү боюнча үчүнчү саптан орун алды (1-орун Сербия – 4 алтын медаль, 2-орун Түркия – 2 алтын, 3 коло медаль).

БУЛ ЖОЛУ ИЙГИЛИК ЖЫЛМАЙГАН ЖОК

Кыз-келиндер күрөшүндө бул сапар кыздарыбызга ийгилик жылмайган жок. Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова алгачкы айлампада эле атаандашына жеңилип калышты. Баштапкы атаандаштарын жеңип жарым финалга чейин жеткен Айсулуу Тыныбекова жарым финалда япониялык Нокока Озакиге жеңишти алдырып жиберди (ред.: буга чейин Улан-Батордо өткөн Азия чемпиондугунда да Тыныбекова Озакиге жеңилип калган эле). Коло медаль үчүн беттеште украиналык балбан кызга 8:7 эсебинде утулуп калды.

Жоламан Шаршенбеков: “БУЛ ЖЕҢИШ ҮЧҮН УЗАК ЖОЛ БАСТЫМ”

Кыргыз эли Жоламан уулунан дагы алтын медаль үмүт этип турушкан. Табында турган балбан элинин үмүтүн актады. Баштапкы атаандаштарын ишенимдүү жеңип, финалда болгариялык Армен Эдмонд Назарянды 11:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, алтын медаль тагынды. Тарых кайталанды! Кыргыз гимни жаңырганда көзүнө жаш алган балбан бул медаль үчүн узак жол басканын белгилеп өттү: “Бул жеңиш мен үчүн оңой келген жок. Узак жол жүрдүм. Мен жеңишке жетериме ишенимдүү болчумун. Мени ушул даражага жеткирген жеке машыктыруучум Хаким Махмудовго, ата-энеме, машыктыруучуларым
Улукбек Карачолоков, Азат Эркинбаев, Арсен Эралиевге, ар дайым колдоп турган кыргыз элиме терең ыраазычылыгымды билдирем”.

Жоламандын жеке машыктыруучусу Хаким Махмудовго байланышып кубанычы менен тең бөлүштүк: “Жоламандын жеңишине кубанып турам. Бардык атаандышын мөөнөтүнөн мурда утту, жакшы күрөштү. Буга чейин 2018-жылы Будапештте, 2021-жылы Ослодо өткөн Дүйнө чемпиондуктарында күмүш медаль тагынды эле, бул сапар чемпион болуп отурат. Даярдыгы жакшы болчу, ийгилик жаратарына ишенгем. Өзү дагы ишенимдүү кеткен”.

Акжол Махмудов: “КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН МЫНДАЙ ТАРЫХ ЖАРАТУУ МЕН ҮЧҮН ЧОҢ СЫЙМЫК”

Алгачкылардан болуп килем үстүнө чыккан Акжол Махмудов Дүйнө чемпиондугунда мыкты, ийгиликтүү күрөш алып барды. Бардык атаандаштарын жеңген Акжол финалда венгриялык Золтан Леваини мөөнөтүнөн мурда жеңип, Дүйнө чемпиону болду. Муну менен Акжол Махмудов мырзалар арасында Дүйнө чемпиондугунда Кыргызстандан алгачкы алтын медаль алган балбан катары тарых жаратты. Машыктыруучуларын кучактап, килем үстүндө кубанычка бөлөнүп турган Акжолдун аты жок манжасын машыктыруучусуна көрсөтүп ишарат кылганы “Акжол жакында үйлөнөт, ага Дүйнө чемпиондугунан алтын тагынсаң үйлөнүүгө уруксат беребиз деген шарт коюлса керек” деген кызуу талкуу жаратты. Акжол Махмудов кубанычын төмөнкүчө бөлүштү: “Кыргызстан үчүн мындай тарых жаратуу мен үчүн чоң сыймык. Бул тарыхты мен жалгыз жараткан жокмун, машыктыруучуларымдын, жакындарымдын, бүтүндөй кыргыз элимдин колдоосу менен жеңишке жетип отурам. Мен кыргыз күрөш мектебинин эмнеге жөндөмдүү экенин көрсөтө алдым.

Мындан ары да биздин жигиттер көптөгөн алтын медалдарды багындырат. Ушинтип балдарга жол ачып, тарых жаратып турганыма кубанычым коюнума батпай турат”.

15-сентябрда балбандар Бишкекке келишти. Таңкы саат беш экенине карабай балбандарды тосууга келген элдин саны арбын болду. Тарыхый жеңиш менен кайткан балбандарды “Хабибди тоскондой тоскула” деп байма-бай айтылып жаткан пикирлерге чекит коюп, жакшы тосуп алышты. Мурун чоң чепкендерди кийгизип коюшканын көрсөк, бул сапар балбандарга арнап атайын заманбап кементай тиктиришкени көзгө урунду.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан