КАПКАН (бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушу чагылдырылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Айсара тандаган жерди ижарага алмай болушту. Имараттын ээси менен сүйлөшүп, макулдашып коюп, Айсараны үйүнө жеткирип, өзү досу менен жолугушууга кетти Тимур. Досуна жетип учурашары менен наалый баштады.

– Кайдагы бир муктаж аялдарга жардам берем дейт обу жоктонуп...

– Эмне болуп кетти? Кимге жинденип жатасың?

– Айсара турмушунан запкы жеген, жардамга муктаж аялдарга колдоо көрсөткөн борбор ачат элем деп обу жоктонуп жатат. “Башыңды оорутуп эмне кыласың, ал иштин жоопкерчилиги чоң” десем же түшүнбөйт. Айла жок көнүп, колдоо көрсөткөнү жатам,- деди чылымын түтөтө.

– Нурзатты тоготчу эмес элең, жаш аяшка тизгинди берген экенсиң да. Бирок сен жалгыз эмессиң, баары эле ушинтип жаш аялынын кареги менен тең айланышат,- деп күлүп калды кара олбурлуу киши.

– Жаш, сулуу аял алсаң, аны сүйүп калсаң сени деле көрөт элем, таарынып, кетип калбасын деп оюндагысын аткармаксың. Шылдыңдабасаңчы, бир күнү сенин дагы башыңа келип жүрбөсүн,- деди Тимур досунун сөзүнө чычалай.

– Оо, аныңдан Кудай сактасын. Эми жашым элүүгө таяп калганда жаш аялды эмне кылат элем? Самашымды эле Кудай кут кылсын мага, балдар чоңоюп калды, алар менен тең жарышып үйлөнөт белем?

– Элүүнү айтасың да, жаш аял алуу деген ата-бабаларда болуп келген да. Жантай, Ормон өңдүү хан-бектериң деле 2-3 аялды аз көрүп өлөр-өлгөнчө жаш, сулуу кыздарды аялдыкка алышканы айтылат го.

– Жантай, Ормон хандарга атаандашып жаткан турбайсыңбы, көрсө. Эмне мынча жаш кызды сүйүп калды десе,- досу каткырып күлүп калды, аны улай Тимур да күлдү.

– Сени чакырганымдын себеби дагы ошол, ушунча болду, эми жакшыраак кылып ачып берейин деп жатам. Эми өзүң документ иштерин колго алып, тууралап бер. Кийин маселе жаралбасын. Баланчанын аялы деп мага сөз тийбегидей болсун.

– Болуптур эми, сен суранып жатсаң кантип жок дейт элем. Бирок жакшы иш, коомго биз деле бир аз жардам кылып коёлу, ансыз деле интернетте эки-күндүн биринде кор болгон кыз-келиндер тууралуу окуялар чыкчу болду го,- деди жанатан тамашалап жаткан досу олуттуу түрдө үн катып.

ххх

Марат дарбазасынан ичкери кире калып башын мыкчып отуруп калды. “Аялдан айрылдым, апамдан айрылдым, эми балдарымды колдон жулдурганы турамбы, мен эмнеге мынча акмак болдум? Ушуларды карай албай балдар үйүнө берип, анан сандалып жер үстүндө басып жүрүүмдүн зарылдыгы барбы?” Ар ойлордун курчоосунда дендароо болуп бир топко эшик алдында турду. “Мени адам катары көргөндөрдүн аягы суюлуп бараткандай, ким элем, бүгүн ким болуп отурам?” деп мукактана өткөн күндөрүнө саресеп салды. Москвада иштеп акча таап, шаардан жер алып, үй салып турган кезинде айылга келгенин эстеди. Коңшу-колоңдор баары саламдашып, биринен сала бири өтүп конокко чакырышканын эстеди. Азыр болсо берген саламына араң алик алып, жактырышпайт, каңырыгы түтөдү. Чөйрө дегениң сенден эч нерсени сурабай эле байкатпай өзүнө тартып, сүңгүтүп салат тура. Сууга чөмүлүп сыртка кургак чыгууга мүмкүн эмес болгондой эле, адам баласы чөйрөнүн таасиринен буйтап өтүп кете албайт өңдүү. Адамдын өзүнүн дээринен деген менен, кээде дээрден дагы чөйрөнүн таасири күчтүүлүк кылат өңдөнбөйбү. Илгертен эле “жакшыга жанаш, жамандан адаш”, “жакшы менен бир жүрсөң жетесиң муратка, жаман менен бир жүрсөң каласың уятка”, “бекерчиден безе кач, ушакчыдан көчө кач" деген кептер бекеринен айтылган эмес да.

Бул күнү Марат көчөгө чыккан жок, дарбазасын такылдатып эки ичерман досу келди эле, уулуна “үйдө жок” дедиртип койду. Жуунуп-тазаланып, сакал-мурутун алып, чогулган кир-когун жууп, балдарына тамак жасап берди. Балдары тамакка тоюнуп, оюнга киришти. Күн түштөн ооп, күүгүмгө бой таштап калган маалда дарбаза дагы такылдап калды. Кобурашкан үндөр чыгып жатканын угуп өзү чыкты. Кийимдерин көрүп мечитке келген дааватчылар экенин дароо билди. Алар Маратты кечкиге мечитке чакырып кетишти. Марат мурун мындайларды жактыра берчү эмес, ушул сапар бул дааватчылардын айтканына муюду. “Балким, уулдарын балдар үйүнө берип куру жалак калбасын деп буларды Кудай өзү жөнөткөндүр” деп ойлонгон Марат күн бата мечитти көздөй жөнөдү. Эмнегедир ушул тапта жан дүйнөсү көчөдөн тааныш киши көрүүнү каалабай жатты. Жолдон эч кимге кармалып калбасам экен деп өзүнчө саксактап шашыла басып баратты.

ххх

Керели-кечке ар нерсени ойлой берип санаага алдырып бүткөн Карлыгач чарчаңкы абалда үйүнө келди. Беймарал уктап жаткан Байышты көрүп ого бетер маанайы түштү. Бирок батынып, уктап жаткан немени ойгото алган жок. Ичинен бушайман болуп ашканада тамак жасап жатты. Бир кезде көзүнөн мончок жаштар куюла баштады. Ыйлап жибергенин өзү деле байкабай калды. Адатта кош бойлуу аялзаты жумшак, жашык болуп калат дейт го, бышактап ыйлап жатканын кош бойлуулукка шылтаарын же ызасына, сагынычына, өкүнүчүнө шылтаарын билбей турду келин.

Бөлмөдөгү идиштердин үнүнөн Байыш уйкусунан козголду.

– Кылдыратып эмне эле кылып жатасың? Деги тынч албайт экенсиң го,- деди таттуу уйкусун бузганына нааразы боло.

Анын бул сөзүнө Карлыгач ого бетер түтөдү. Күйүп, алоолонуп кетсе да ичиндегиси чыгып кетмек да. Карлыгачтын болгон ачуусу, ызасы, айтар сөзү сыртка чыкпай ичинде быкшып айлана берди. Марат минтип үйгө бир түн келбей калса үйдө ызы-чууну салмак, эмнегедир тили буулуп Байыштан кечээги үйгө түнөбөгөнүн сурай албай койду.

– Тамак даяр болду, тур, чай ичели,- деди бир кезде Карлыгач.

Байыш туруп дасторконго отурду. Эч нерсе болбогондой, үйгө келбей калганы боюнча үн-сөз деген жок.

– Жумуш көп болгон го кечээ, ээ, жакшы жумуш таптыңбы?- деп акырын сурады Карлыгач.

– Жок, туруктуу деле жумуш эмес, тиги Тагдырдын тез аранын ичинде бүтүрө турган буюртмасы бар экен. Ошого жардамдаштым,- ойгонгондон бери Карлыгачтын бетине мурдагыдай тик карабады, бул сөздү айтып жатып да көзүн ала качып сүйлөдү Байыш.

– Мм,- деп гана койду Карлыгач. Ал Байыштын сөзүнө ишенген жок. Жүзүн ала качып жатканынан улам анын шектенүүсү ого бетер күчөдү. Бирок аны такып сураганда уруштан башка майнап чыкпасын билди.

– Күтсөм келбейсиң, сага бир жаңылыгым бар эле,- деген Карлыгач текчеден кагазга оролгон тестти алып чыкты.

– Кош бойлуу экенмин,- колу менен тест таякчасын тигинен кармады.

– Эмне? Сактанып жатпадың беле?- деп чочуй үн каткан Байыш ордунан тура калды. Алайган анын көзүндө кубаныч же сүйүнүч турганы билинбей жатты.

Байыштын бул реакциясына Карлыгач туруштук бере алган жок, араң турган неменин көзүнөн жашы ыргып кетти.

– Демек, сен каалабайт экенсиң да наристелүү болушубузду? Алдыртайын анда кеч боло электе.

– Жинди болбочу, каалайм эле. Балалуу болууну ким каалабайт? Эмнеге алдырмак элең, ыйлаба, болду,- Байыш Карлыгачты кучактап көз жашын сүрттү.

– Анан эмне жактырбагандай чочудуң?

– Ишенбей кеттим, эмне дээримди да билбей калдым. Кечирип койчу мени...- Байыш ээсине жагалданган күчүктөй тизелей калып Карлыгачтын колдорун кармап курсагына кулак төшөдү...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА