Султан Досалиев, КРнын Президентинин расмий фотографы: «ФОТОАППАРАТЫМ БАЛАМДАЙ»

Кесип

Дүйнөнүн түркүн кызыктарын фотографтардын көзү менен көрүп келебиз. Ошолордун арасында биздин өлкө башчыны, дегеле мамлекеттеги урунттуу окуя, жаңылыктарды сүрөткө тартып келген жигит бар. Адатта кадр артында жүргөн фотограф Султан бүгүн бизде мейманда.

АНКЕТА
Толук аты-жөнү –
Досалиев Султан Ташболотович
Туулган жылы – 1981-жыл, 1-март
Туулган жери – Кара-Буура району, Ак-Чий айылы
Билими – Жогорку
Үй-бүлөсү – 2 кыздын атасы
Билген тилдери – Кыргыз, орус, англис тилдерин билет
Кесиби – Инженер
Фобиясы – Бийиктик
Сүйүп жеген тамагы – Палоо
Девизи – “Кайгырбай, алдыны гана карай жүр!”
Барып көргөн өлкөлөрү – АКШ, Кытай жана КМШнын көпчүлүк өлкөлөрү

– Азыркы “чоң калибрлүү” фо­­тограф балалыгында кандай болду экен?
– Балалыгым Талас жергесиндеги Ак-Чий айылында өткөн. Негизи, Ак-Чий айылын Жоон-Дөбө деп аташат. Мүнөзүм жоош, көп сүйлөчү эмесмин. Ата-энем мугалим болгондуктан, алардын тилинен чыкпай жакшы окугам. Үйдө тартип катуу болчу. Эркелеген эмесмин.
– Кантип фотограф болуп кал­дың?
– Фотограф болуп калышыма атам түрткү болгон. Атам бала кезинде Казакстандын Жамбыл шаарына ата-энеси менен барып калганда фотоаппараты жок болсо да плёнка сатып алып, аны жөн эле чукулап, аябай кызыккан экен. Ошентип жүрүп 1991-жылы атам элди сүрөткө тарта баштады. Мен жанында жүрүп эле кызыгып кеттим. Ошентип, атамдын жолун жолдоого кадам шилтедим. Бир күнү журналист, маркум Эсенбай Калдаровдун тоюн видеого тарттым. Ошондо байкап калса керек, кийинчерээк мени “Эркин-Тоо” гезитине фотограф катары жумушка чакырышты.
– Фотограф болуш үчүн, биринчи кезекте кандай сапаттарга ээ болуш керек?
– Фотограф болуу оңой деп ойлогондор көп. Мен татаал иш деп айтат элем. Биринчи кезекте жоопкерчилик, керектүү көз ирмемди кармай ала турган шык, туюм болуш керек. Калганын акырындан өздөштүрүп алсаң болот.
– Кантип президенттин фотографы болууга жетиштиң?
– “Кабар” маалымат агенттигинде иштеп жүргөндө президенттин басма сөз кызматына чакырышты. Сыноодон өттүм. Иштегеним жагып, президенттин фотографы болууга жетиштим.
– Саясатчылар менен иштешкенден көрө, сулуу кыздарды тарт­кан жакшы эмеспи...
– Келинчегим кызганчаак, ошондуктан саясатчылар менен иштешем! Тамаша, албетте. Эми кандай десем, “чакырган жерден калба” дейт эмеспизби. Чакырышты эле, тагдыр экен, саясатчылар менен иштешип калдым.
– Кыргыз саясатчыларынан ким эң жакшы "позировать" этет?
– Негизинен, баары эле фотографтарга жакшы көңүл бурушат. Ал эми өзгөчө белгилей кетсем, Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев жана Өмүрбек Бабановдор жакшы "позировать" этишип, фотограф тартып жатканда оңдонуп- түздөнүп калышат.
– Сүйүү фотографтардын көз карашында кандай?
– Көпчү­лүк эле адамдардыкындай таза, акылга баш ийбеген сезимдер. Келинчегимди эле сүйгөм жана сүйүп келем.
– Фотоаппарат сиз үчүн...
– Фотоаппарат баламдай эле. Баламдай эле карайм. Мени, үй-бүлөмдү багып, өлкөнүн фототарыхынын түзүлүшүнө жардам берип жатат.
– Фотограф боло турган жаш­тарга эмне кеңеш айтат элеңиз?
– 2004-жылдан бери Фотожурналисттер союзунун мүчөсүмүн. Анан көптөн бери Фотографтар үйүн түзөлү деп аракет кылып келебиз. Өзбекстанда фотографтардын 3 үйү болсо, бизде бирөө да жок. Анан бул жылы Роза Исаковна бул маселени чечип, имарат бөлүп берди. Жаз айларынан баштап иштей баштайт. Жаш фотографтарды ошол жерде өтүүчү семинар, ийрим жана курстарга чакырабыз.
– Фотограф болуп байлык топтосо болобу?
– Негизинен, байлык топтобосо да, жакшы жашаса болот. Мен айлык менен анча-мынча гонорарга жашайм. Жеке, коммерциялык сүрөттөрдү тарткан фотографтар бизден көп таап, жакшы жашашат.
– Кызыктуу маегиңизге рахмат.
– Силерге да рахмат. Учурдан пайдаланып, “Супер-Инфонун” жалпы жамаатын жана окурмандарын келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, “Супер-Инфо” менен ишиңиздер илгери болот демекчимин.

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Batma
2010-12-31 02:44:36
Sultan baike jany jylynyz menen !iwinizge iygilik kaalaim, den-soolukta bolunuz,
Germaniyadan karyndawynyz Rahat Iwenbekovna
0
0777
2010-12-31 08:38:32
Prezidenttin surotun azmaz fotoshoptop koyunuzchu
0
Naziwka
2011-01-06 20:01:19
simpoti4niy eken negizi ele kirgizdin baldari krassav4ikter da samie lu4wie...
0
№ 426, 29-декабрь - 6-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан