Арзубек Вонама, дизайнер: «УНААНЫ СУЛУУЛУГУНА КАРАП ТАНДАЙМ»

Шоу-бизнес өкүлдөрүн асемдеп кийинтип жүргөн таланттуу дизайнер Арзубек Вонама “Рулдагы жылдыз” рубрикабызда конокто. Арзубек мырзанын темир тулпары менен таанышып, кесиби, пландары, кыздар темасында баарлаштык.

Үлгүсү – Toyota Camry 70

Чыгарылган жылы – 2018-жыл

Кыймылдаткычынын көлөмү – 2500 сантиметр куб, гибрид

Жогорку ылдамдыгы – саатына 240 чакырым

Баасы – 35 миң доллар

– Салам, Арзубек, темир тулпарың менен таанышалы. Кана, жоргоңду бир мактачы анда...

– Саламатсыздарбы? Азыр Кыргызстанда мындай унаалар көп. Бул үлгүдөгү унааны мырзалар да, айымдар да жакшы көрүшөт, экөөнө тең жарашат, заманбап десем болот. Япониялык, үлгүсү Toyota Camry, 2018-жылкы, гибрид. Шаар ичинде 100 чакырымына 6-8 литр бензин ичет.

– Унаа аларда эмнесине карап тандайсың?

– Кээ бир эркектер унааны ылдамдыгына, бышыктыгына карап сатып алышат го, мен андай эмесмин. Айымдардын сулуулугуна карагандай эле, унаанын дагы сулуулугуна, жылынын жаңылыгына гана карап тандайм. Ачык айтканда, мен эч кандай тетигине көңүл бурбагандыктан, бузулуп калса оңдой албайм.

– Алгачкы унааңды качан алдың эле?

– Мен үйдүн кенжеси болгондуктан атам, агам, эжелерим ары-бери ташып жүрүштү. Өзүм 11-классымда унаалуу болуп, рулга отурдум. Ал унааны ата-энем белек кылган, Honda Accord үлгүсүндөгү унаа болчу. Андан кийин Лексус айдадым, анан Тойотага өттүм. Негизи Тойота, Лексус үлгүсүндөгү унааларды жактырам.

– 11-класста унаалуу болуптурсуң, айдоочулук күбөлүк жок эле айдап жүрдүңбү?

– 18 жашка чыкканда айдоочулук күбөлүктү Баткен шаарынан атайын окуп алгам. Сатып алып берели дегендер болгон, бирок мен баш тарттым. Себеби өзүмдүн айдоочулук жөндөмүмдөн күмөнүм бар эле. Ошон үчүн окуп, ишенимдүү айдоочу болууну туура көргөм.

– Азыр айдоочулук жөндөмүңө кандай баа бересиң? Жол эрежесин канчалык деңгээлде билесиң?

– Укмуш айдоочумун дей албайм. "5" десем аша чаап кетем, "4+" деп бааласам туура болот го дейм. Негизи, жол эрежесин көп деле бузбайм. Окугам, жол эрежесин жакшы эле билем. Узак жолго айдабайм деле, шаар ичинде эле минем. Мисалы, Ысык-Көлгө бара турган болсом досум же байкем айдап барып келет. Себеби узак жолго унаа айдаганды жактырбайм. Ал эми жол эрежесин бузуп алган учурда эл катары айып пул төлөмөй.

– Айып пул төлөгөн учур көп болобу?

– Айып пулду чогултуп 2 жумада же бир айда төгөм. Чогулуп калганы 6-8 миң сом болот. Эми бул дайыма эле эмес.

– Жолдо башка айдоочулар менен урушуп кеткен учурлар болгонбу?

– Негизинен, болот. Бирок көп эмес, өзүм тынч эле жигитмин, көп ызы-чууга жол бербейм. Катачылык өзүмдөн кетсе, кечирим сурайм, эгер катачылык экинчи тараптан кетип, аны моюндабай жатса жол кыймылын көзөмөлдөөчү кызматкерлердин кызматын пайдаланам.

– Жакындарың унааңды сурап калса кызганбайсыңбы?

– Кызганбайм деле, досторумдун баары эле мыкты айдоочулар болгондуктан берип жатканда ойлонбойм деле. Эгер унаа айдаганды жаңы үйрөнүп жаткан бирөө болсо, анда өмүрүнө коркунуч келтирип албасын деп чочулап калышың мүмкүн.

– Унаага байланыштуу ырым-жырымдарды колдоносуңбу?

– Мен олуттуу эле баламын. Андай ырым-жырымдарга ишенбейм. Дилимде, тилимде Куран сөздөрү бар. Айдаганда ичимден дуба окуйм, эң башкысы ошол.

– Алгачкы унааңды ата-энем белек кылган дедиң, башка иштериңе да ата-энең колдоо көрсөтүп турабы?

– Негизи ата-эне баланын өсүшү үчүн колдоо көрсөтүш керек деп ойлойм. Ата-энем менин билим алуума шарт түзгөн, анан алгачкы унаамды алып берген. Кийин ателье ачып берип же башка жактан колдоо көрсөткөн эмес, себеби мен өз билимиме ишенгем. Азыр унаабы, үйбү, айтор, ата-энемден жардам сурабайм. Талантым менен эле өзүмдү камсыздап келе жатам.

– Унааң менен тааныштык, эми бойдок жигитке кандай кыздар жагары тууралуу да айтып койбойсуңбу?

– Эң башкысы, менин жумушумду түшүнө билиши керек. Себеби жумушумдун 90 пайызы аялзаты, шоу чөйрөнүн өкүлдөрү менен байланышта. Бул мени, экөөбүздү тең бага турган жумуш. Андан сырткары акылдуу, ыймандуу болушу керек. Акыл менен ыйман болсо, калган жагын түздөп алса болот.

– Жумушумдун 90 пайызы аялзаты менен байланыштуу дедиң. Эмнеге бул тармакты тандагансың?

– Себеби Кыргызстанда бул тармак анчалык өнүгө элек. Бул талапка жооп бере турган кесип. Муну менен жакшы карьера жасап, ошол эле учурда жакшы каражат табууга болот. Мен эгер дизайнер болбосом, журналист же үнүм жок болсо дагы ырчы болушум мүмкүн болчу. Себеби мен шоу чөйрөгө жакынмын. Анан анализдеп отуруп дизайнер болууну туура көрдүм. Негизи ар бир адам туура кесип тандашы керек. Кесип тандап жатканда ушуну менен иштеп кете аламбы, жакшы пайда бере алабы деп аркасын ойлош керек.

– Мода кечелерин өткөрүп жүрөсүң, алдыда дагы кандай пландар бар?

– Ырчылар концерт бергендей эле, биз дагы жыл сайын отчёттук көргөзмөбүздү өткөрөбүз. Негизги планым – дүйнөлүк подиумга чыгуу. Андан сырткары жаңы чыгып келе жаткан дизайнерлерге колдоо көрсөтүү максатында Кыргызстанда мыкты деңгээлдеги көргөзмө уюштурууну пландап жатам. Бул көргөзмөдө менин эле эмес, башка дизайнерлердин дагы эмгектери көрсөтүлөт. Азыркы тапта өзүм 10 дизайнерди окутуп, таптап жатам. Буюрса, ноябрда “бизде ушундай таланттуу дизайнерлер бар” деп аларды элге тааныштырайын деп турам.

– Маегиңе рахмат. Ишиңе ийгилик.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан