ТУБАСА МАЙЫП ТӨРӨЛҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН КӨБӨЙҮҮДӨ?

Акыркы жылдары тубаса майып туулган балдардын санынын өсүп жатканын статистика далилдеп жатат. Мунун негизги себеби эмнеде деген суроого жооп издеп Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна баш багып, тиешелүү адистер менен баарлаштык.

Гүлзат Маймерова, Эне-баланы коргоо улуттук борборунун директору: “Былтыр 4321 бала патология менен туулган”

– 2021-жылы өлкөдө 4321 бала ар түрдүү патология менен туулган. Минтип төрөлүп калууга кош бойлуулуктун алгачкы 3 айында, башкача айтканда, түйүлдүктүн органдары жаралып жаткан кездеги терс факторлордун таасири жеткирет.

Түйүлдүккө 2-3 апта болгондо анын булчуң, нерв, сөөк системдери, жүрөгү түзүлө баштайт. Жүрөгү сого баштайт.

4-7-аптада түйүлдүктүн башы, мээси, колу-буту, жүлүнү, ички органдары, сырткы жыныс мүчөлөрү жаралат. Баш бөлүгүндө көзүнүн, кулагынын, мурдунун сырткы бөлүктөрү пайда болот. Сырткы жыныс органдары жарала баштайт.

6-аптада түйүлдүктүн мээси иштей баштайт. 7- аптада көзү, көкүрөгү, кол-бутунун манжалары түзүлөт. 8-аптада бети, оозу, мурду, кулактары билинет. Ушинтип отуруп түйүлдүк өсүп чоңоё баштайт. Бир орган жаралып жаткан кезде терс фактор таасир этсе, патология ошондон келип чыгышы ыктымал. Мисалы, 7-аптада баланын башы түзүлүп жаткан кезде аял вирустук оору менен катуу ооруп, өз алдынча дары ичсе баланын башына суу толуп туулушу мүмкүн.

Майып төрөлүүгө жеткирчү терс факторлор:

• Вирустук жана жыныстык жактан жугуучу оорулар (сифилис, гонорея жана башка), кызамык, гендик мутация, ичимдик ичүү, тамеки тартуу, курамында жыт, даам берүүчү химиялык кошулмалары бар тамак-аштарды көп жеп-ичүү;

• Аялдын анемия, жүрөк кемтиги, кант диабети менен оорушу, стресстер;

• Радиация, абанын кирдеши. Ичтеги бала кычкылтектин жетишсиздигинен (гипоксия) азап чегип, мээсинде патология болуп калышы мүмкүн.

Коронавирустун тубаса оорулардын жаралышына канчалык тиешеси бар же жок экенин айта албайм, ал боюнча маалыматты окумуштуулар беришет.

Андыктан аял үй-бүлөнү пландап, өнөкөт ооруларын дарылатып, анемиясы болсо гемоглобинин көтөрүп, анан кош бойлуу болуусу зарыл. Үй-бүлөнү пландоо – бул аялдын болочок ымыркайы үчүн өз ден соолугун чыңдоосу. Организмин керектүү витамин, фолий кычкылы менен камсыздоо. Эгер энеде алар толук болсо баланын организми толук, жакшы калыптанат.

Бакыт Карачев, нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы: “Операциянын көбү мээге суу толуп калганда жасалат”

– Акыркы 5 жылдан бери саны өсүп бараткан нейрохирургиялык патологиялык оорулар булар:

• Аневеризма. Бул мээнин артерия кан тамырынын бир капталынын керилип, шишиктей болуп жоон жаралып калышы. Ал жер каалаган учурда жарылып кетиши ыктымал;

• Артерия-веналык мальформация – кан тамырлардын бир жерге чокмороктошуп калышы;

• Гидроцефалия – баш мээнин карынчасына суунун канча бир деңгээлде толуп кетиши;

• Каверноздук гемонгиома – кан тамырдын жайылып жаралып калышы. Адатта анын ичине кан уюп калат;

• Жүлүндүн сыртка чыгып калуусу;

• Баш мээнин жана жүлүндүн грыжасы;

• Баш мээ менен жүлүндүн тубаса шишик оорулары.

Аталган диагноздор боюнча 1 жылда 200дөй балага операция жасалат.

Дарылоодо аневеризмада операция жасалып, моюнчасы буулат. Же анын жарылып кетишинин алдын алып атайын торчо коюлат.

Баш мээнин жана жүлүндүн грыжасы, мээнин тубаса шишик оорулары менен азыр ар аптада 2-3 бала кайрылууда.

Гидроцефалияда операция жасап, топтолгон суу агып турушу үчүн шунт коёбуз. Оорунун жеңилирээк түрүндө эндоскопиялык операция жасалат да, мээнин түтүкчөлөрүн ачып, суу аккандай кылып коёбуз. Жүлүн грыжасы менен төрөлсө операция жасап, ачык жерди өзүнүн териси жана ички булчуңу менен жабабыз.

Алтынбек Мамыралиев, бет-жаак хирургиясы бөлүмүнүн башчысы: “Эрини, таңдайы жырык балдар көп келет”

– Биздин бөлүмгө эрини, таңдайы тубаса кемтик (жырык) болуп туулгандар келет. Андай балдардын саны өсүүдө. 1 жылда 400дөй балага операция жасалат. Операция үстүнкү эрини жырыктарга бала 6 айга толгондо, таңдайы жырыктарга 2 жашында жасалат. Алар 16 жашка чыккыча бет-жаак сөөктөрү кандай өсүп жатканын байкап, көзөмөлдөп турабыз.

Нурмахамед Бабажанов, невролог: “Балдардын шал оорусу көп кездешүүдө”

– Балдардын неврологиялык тубаса патологиялык ооруларына анэнцефалия – баш мээнин чоң жарым шарынын жоктугу, мээнин грыжасы кирет. Мында баш сөөктүн ачык калган жеринен мээнин чел кабыкчасы, кээде аны менен кошо мээ да чыгып калат. Ал жер шишик болуп томпоюп калат.

Аталгандардан тышкары неврологиялык тубаса ооруларга балдардын шал оорусу даун синдрому, аутизм жана башкалар кирет. Булардын ичинен балдардын шал оорусу салыштырмалуу көбөйүп баратат.

Аял анемиядан жабыркаса ичиндеги бала кычкылтек жетишсиздигинен жабыркап, мээсинин өсүшү токтоп калышы ыктымал. Жыныстык жактан жугуучу оорулар да гипоксияга, майып төрөлүүгө алып келет.

Оорулардын барында дарылап-айыктыруу комплекстүү жүрөт, анын ичинде операциялык ыкма да колдонулат. Жыйынтык оорунун оор же жеңил экендигине байланыштуу болот.

Мирбек Байзаков, хирургия бөлүмүнүн жетекчиси: “Кызыл өңгөчү, көтөн чучугу туюк жаралгандар бар”

– 1 жылда биздин бөлүмдө тубаса хирургиялык оорулар боюнча 250дөн ашык балага операция жасалат.

Акыркы жылдары кызыл өңгөчтүн, көтөн чучуктун атрезиясы (атрезия – туюк төрөлүп калуу) менен туулгандар көбүрөөк жолугуп жатат. Андан тышкары тератома (көчүктө өскөн шишик) оорусу да аз-аздан көбөйүүдө. Эң көйгөйлүүсү – өт чыгуу жолунун атрезиясы. Бул дартта боорду алмаштыруу керектелет. Мындай операция Кыргызстанда жасалбайт. Көтөн чучуктун атрезиясынын түрлөрү кездешет. Мисалы, ичегидеги нерселерди сыртка чыгарбай кармап туруучу сфинктери (булчуң) жок туулуп калса, анда бала өмүр бою заңын кармай албаган боюнча жашоо өткөрөт. Операция жасап, канча бир деңгээлде гана жардам беребиз. Заара, заң чыгаруучу каналчалары биригип жаралып калгандар болот, аларга операция жасап, ажыратабыз.

Кызыл өңгөч туюк жаралып калса операция жасап, туюк жер ачылат. Тубаса жыныс кыны, жатыны жок туулган кыздар кездешет. Ичегисинен алып жыныс кын жасалат.

Жука чурай грыжасы – эң көп кездешчү оору. Бизде 1 жылда 200дөй балага операция жасалат. Көкүрөк менен курсактын ортосундагы диафрагма (дем алдыруучу булчуң) ачык бойдон калып, ичегиси, боору же көк боору көкүрөк тушуна чыгып кеткендер да келет. Операция жасап, ачык жерди жамайбыз. Көкүрөгү сыртка чыгып же ичкериге кирип төрөлгөн балдардын саны да артып барат. Бул – бала курсакта кезинде кемирчектин өсүшүнүн бузулушунан болот. Операция жасап көкүрөгүн сындырып, түздөп анан ошол жер бекем кармалып калыпка келиши үчүн темир кадоо коёбуз да, аны 6 айдан кийин алып салабыз.

Данияр Ааматов, балдар кардиологу: “Майыптардын 13 пайызын жүрөгүндө кемтиги барлар түзөт”

– Учурда тубаса патология менен туулган балдардын 13 пайызын жүрөктүн ар түрдүү кемтик оорулары менен туулгандар түзөт. Мурун аз болчу. Атап айтсак, жүрөк клапандарынын кемтигинен тышкары жүрөктүн карынча, дүлөйчөлөрүнүн кемтиги, жүрөктөн өпкөгө жана денеге кеткен кан тамырлардын кысылып калган оорулары менен туулуп жатышат.

Аталган ооруларда операция жасалып, кемтик жамалат, жабылат.

Эгер жүрөктө 2 тешик болсо, анда операция 2 этап менен жүргүзүлөт. Кан тамырлардын туура эмес жайгашып калуусу да операция ыкмасы менен дарыланат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА