Жанар Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты: “ДЕПУТАТТАРДА АЗЫР БИР ГАНА КҮЧ БАР, АЛ – МИКРОФОН”

Депутат Жанар Акаев менен өлкөдөгү саясий окуялар, аны чечүүнүн жолдору жана өлкө оор кырдаалга тушуккандагы парламенттин орду тууралуу кеп кылдык.

– Саламатсызбы, Жанар мырза? Баткендеги окуянын келип чыгышы, орун алышы, мындан аркы ээлөөчү орду тууралуу кандай пикирдесиз? Мамлекет тараптан эмнелер жасалышы керек жана эмнелер убагында жасалбай калды?

– Саламатчылык! Ооба, Баткендеги каргашалуу окуялар баарыбыздын жүрөгүбүздү оорутту. Мен ошол күндөрү Ош шаарында болчумун. Андан ары Баткенге барып, эл менен, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен баарлаштык. Тилекке каршы, Тажикстандын агрессивдүү куралдуу кол салуусу орун алды. Чек арабыз Кытай, Казакстан мамлекеттери менен такталып бүткөн. Өзбекстан менен тактоо иштери аяктап, учурда ратификациялоо алдында турганын расмий бийлик маалымдап жатат. Тажикстан менен гана чек ара маселеси чечилбей, талаш-тартыш боюнча турат. Чек ара маселесин дипломатиялык жол менен чечүү аракеттери биз тараптан болгону менен, коңшу Тажикстан дайыма убадаларына турбай, эки тараптуу түзүлгөн келишимдерди аткарбай келе жатканы өкүндүрөт. Ошондуктан мындай окуялар кайталанбашы үчүн биз биринчи кезекте өзүбүзгө тың болушубуз керек, эч бир башка күчтөргө таянбай, ишенбей, элибиз менен мамлекетибиз биргеликте, ынтымакта иш алып барышыбыз зарыл. Экинчиден, мен бүгүн парламентте демилге көтөрдүм, биз Эл аралык кылмыш сотуна кайрылышыбыз керек. Эгер парламент ратификация кылып, Кыргызстан Рим статусуна мүчө болуп кирсе, Тажикстандын диктатордук, агрессиялык бийлигин жоопко тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле Баткенге акча каражатын бөлүүнү аябашыбыз керек. Мүмкүн болушунча инфраструктураны, турак үйлөрдү калыбына келтирүү аракеттерин көрүшүбүз зарыл. Бирок жоготкон балдарыбыздын, жоокерлерибиздин орду толбойт, бул албетте, абдан өкүнүчтүү. Мен Министрлер кабинетине чек арага чектеш аймактардагы талкаланган үйлөрдүн ордуна мурда салынгандай эмес, коопсуздук жагын эске алып, жер төлөсү менен бирге куруп берүүнү сунуштап жатам. Ага кошумча чек арага байланышкан эки маанилүү мыйзам долбоорун жакынкы күндөрү парламентке алып чыгам.

– Бул биринчи жолку кол салуу эмес, болтурбай коюуга мүмкүн беле?

– Болтурбай коюуга биздин бийлик, тиешелүү жетекчилер аракеттерин жасап, сүйлөшүү жолу менен чек араны аныктоо, тактоо иштерин бүтүрөлү деген аракеттерин кылды. Бирок тажик тарап “макул” деп коюп күтүүсүз кол салган учурлары көп болду. Мындай учурда биздин чалгындоо кызматы иштеп, алдын алышы керек болчу. Бирок тажик тарап оор куралдуу техникалары менен чек араны бузуп кирип келгени өтө өкүнүчтүү иш болду.

– Кыргызда Тажикстанды ооздуктай турган кандай рычагдар бар? Эмнеге ал рычагдар иштебейт?

– Бизде чек араларды жаап, болгон рычагды колдонуп жатышат. БУУнун жыйынында да өлкө жетекчибиз чыгып сүйлөп жатат. Эми биз менен дос өлкөлөр Тажикстан менен кызматташпай тургандай кылып, бир канча экономикалык санкцияларды киргизүү боюнча иштерди алып барсак болот.

– Ушундай окуяларда парламенттин орду чоң болушу керек эле, негедир бул жолу деле Жогорку Кеңеш пассивдүүлүк кылгандай сезилди?

– Чек ара чыры болгондо дайыма “депутаттар кайда, эмне кылып жатышат?” деп сурашат. Парламенттин жабык жыйындары болду, мен ошол күнү эле Тажикстандын соңку куралдуу кол салуу аракетин “агрессия” деп таанып, дүйнө коомчулугуна кайрылалы деп сунуш бердим. Ал сунушту Тышкы иштер министрлиги мамлекеттин атынан берип жаткандыгына байланыштуу парламент чечим кабыл албаптыр. Депутаттар колдон келген жардамын көрсөтүп жатышат. Мисалы, биздин “Альянс” фракциябыз каражат топтоп, гуманитардык жардамдарды жөнөтүп жаттык. Тажиктердин огунан качууга аргасыз болгон эл менен жолугуп, аларга караан болуп, өзүбүздүн ыйгарым укуктарыбызга жараша аракет кылып, жардам берип жатабыз. Негизинен, чек араны тактоо иштери көбүнчө аткаруу бийлигине тиешелүү. Ал эми депутаттар тиешелүү мыйзамдарды жактырып, ратификациядан өткөрүп, каржы бөлүү маселелерин карап, эл аралык келишимдердин негизинде да иш алып барат. Парламентке бүт дүйнөдө эле сын бар, бирок биз кайдыгер болбой, элдин маселесин көтөргөнгө аракет кылабыз.

– Негизи эле азыркы парламенттин иши кандай болууда? Жогорку Кеңештин регламентин кабыл алуу боюнча талаштын өзөгү эмнеде? Парламент алсызданабы же президент артка кайтарган мыйзамда чын эле алешемдиктер бар беле?

– Регламент Жогорку Кеңештин ишин тескейт. Баш мыйзамыбыз өзгөрүп, толук президенттик башкарууга өткөнбүз. Президенттик администрация сунушталып жаткан “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирип, президент артка кайтарыптыр. Мисалы, “Жогорку Кеңеш Жогорку Соттун маалыматын угат, суроо-жооп болбойт” деген сыяктуу сунуш-пикирлерин киргизүү менен парламентти көп жагынан тушап, жөн гана нотариуска айландырууга аракет кылгандай сезим калтырат. Мына ошондой болбошу үчүн депутаттар чогулуп, атайын комиссия түзүлүп, депутаттарды эл шайлагандан кийин “эмнеге бир гана адам дайындаган министрге депутаттын сөзү өтпөшү керек, биз элдин талабын айтып турабыз” деген талаптар айтылып, ортодо тиреш пайда болду. Регламент тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоо маалында президенттик башкарууга ыктаган Конституцияны депутаттардын көпчүлүгү колдоп бергенин айттым. Мен Баш мыйзамды өзгөртүү маселеси каралып жатканда эле бизге тең салмактуу бийлик болуп, бири-бирин көзөмөлдөп турган күчтүү парламент, күчтүү президент, күчтүү өкмөт керек экендигин белгилегем. Азыр президенттик башкаруу өкүм сүрүп жаткан учурда депутаттардын бюджетке, чоң саясий маанидеги иштерге таасир этебиз деген аракеттери жакшы, бирок азыр башкаруу системи башка, ошондуктан азыр депутаттарда бир гана күч бар, ал – микрофон. Микрофондон сүйлөп, коомдук пикир жаратып, элдин көйгөйүн көтөрө аласың.

– Бир топ жылдан бери саясат майданында жүрөсүз. Келечегиңизди саясатка биротоло байладыңызбы? Же өзүңүздү депутаттыктан, саясаттан башка да тармактан көрө аласызбы?

– Парламент депутаттары шайлоо алдында элге көп убадаларды бергенбиз, учурда аларды аткаруунун үстүндө иштеп жатабыз. Андан сырткары калкыбыздын турмуш шартын жакшыртууга багытталган ондон ашык мыйзам долбоорлорубуз бар. Ал эми келечекте аткаруу бийлигине баруу ниетим бар, айрым министрликтерге азыр деле сунуштар түшүп турат.

– Кандуу спортту жактырбайм дедиңиз эле бир жолу. Эрежесиз эр уруштун жылдыздары Кыргызстанда мамлекеттик деңгээлде кабыл алынууда, оюңузду билгим келет...

– Мен башынан эле бири-бирин канжалатып мушташкан спорттун түрлөрүн жактырбайм, көрбөйм дагы. Мен дайыма билим тармагында, дүйнөлүк олимпиадаларда чемпион болгондорго ышкыбозмун. Спорт менен машыгып, эрежесиз эр уруштарга түшкөндөргө каршы эмесмин, бирок бизде мушташып жүргөн спортчулар жаштардын идеал туткан адамы болбошу керек. Аларга караганда Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Айпери Медетбек кызы өңдүү чыгаан балбандарыбыз үлгү болушу керек. Кыргызстандын желегин олимпиадаларда желбиреткен ошолор.

– Иш графигиңизди түзүүдө туугандык катыш деген пунктка канча пайыз убакыт бөлүнөт?

– Туугандар менен жамандык-жакшылыктарда катташабыз. Журналист кезимде кандай болсом, азыр деле ошондой. Тааныштарым деле менин иш графигимди туура түшүнүшөт. Тууган-урук, дос-чар менен тез-тез көрүшүп турганга аракет кылам.

– Маегиңизге чоң рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА