Патилла Бедиярова, Арзыбек Бедияровдун жубайы: “КЫЗГАНЫЧТЫ ИЧКЕ ЖУТУП, СЫРТКА ЧЫГАРБАЙ ЖАШАДЫМ”

“Балдар чоңоюп, өздөрүнчө болуп кетишти. Жаш өткөн соң жубайыңдын баркын билип, колдоп, аяп калат экенсиң” деди жылмайып дасторкон даярдоодо жубайына жардамдашып жаткан белгилүү обончу Арзыбек Бедияров. Бул жолу Арзыбек аганын үйүндө жубайлардын сүйүүсү тууралуу маектештик. Сөздү обончунун жубайы Патилла Бедиярова улантат.

“Арзыбек менен ооруканадан таанышкам”

– Арзыбек экөөбүздүн жашоо арабасын бирге тартып, турмуштун ачуу-таттуусун бирге татып келе жатканыбызга 46 жылдын жүзү болду. 4 уул, 2 кыз, 21 небере, 1 чөбүрөлүү болдук. Атактуу болуунун, атактуунун жубайы болуунун да жүгү бар. Ошол жүктү экөөбүз тең кайышпай көтөрдүк.

1976-жыл болчу. Мен 19 жаштагы татынакай, болтойгон кыз элем. Эжем ооруканага жатып калды. Күндө эртең менен ага тамак алып барам, байкабапмын, көрсө, агайыңар ошол ооруканада усулчу болуп иштечү экен. Мен ары-бери өткөндө иш бөлмөсүнүн терезесинен көрүп жүрүптүр. “Таанышып албайлыбы” деп 4 күн катары менен артымдан ээрчип алды. Акыры “түшүнүктүү, жакшы эле жигит көрүнөт” деп тааныштым. Мамилебиз жакшы болуп кетти. Ошол күндөрү түшүмө аккордеон менен ырдалган ырлар кирип жүрдү. Өзүмчө “бул эмнеси?” деп койчу элем. Көрсө, аккордеон ойногон жигит түбөлүк түгөйүң болот деген аян окшобойбу. Сүйлөшүп жүргөнүбүзгө 3 ай болгондо мени ала качып кетти.

Ал кезде радиодон Арзыбектин “Эне тилеги” деген ыры көп берилчү. Ошол ырдан улам обончу экенин билгем, ага чейин мага айткан эмес.

“Малдуу, унаалуу болгуча катуу иштедик”

– Баш кошкон соң иштеп, үй-жай кылалы деп Бостон айылына көчүп, жатак-мектепке ишке кирдик. Арзыбек медициналык бөлүмдүн башчысы, тарбиячы, кийинчерээк директордун окуу, тарбия иштери боюнча орун басары, мен болсо тигүүчү болуп иштеп жүрдүк. Балдар үчүн кийим тикчүбүз. Жатак-мектептен 2 бөлмөлүү үй беришти. Эмерек алалы десек, экөөбүздүн тең айлыгыбыз жетпейт. Балдар, тамак-аш, келим-кетим бар дегендей. Ошол кезде эле “чёрный касса” деген бар болчу. Бирге иштеген 10 адам ойнойлу деп сүйлөштүк. Менин кезегим келе электе эле “дүкөнгө уктоочу бөлмө үчүн эмерек топтому келди” деп уктум. Акчабызды санасам 1000 сом жетпейт. Кайнатама барып, карызга акча сурап алып келдим. Ошентип сатып алдык. Көп өтпөй Арзыбекке “чёрный кассасынын” акчасы тийип, карыздан кутулганбыз.

Ойлонуп отуруп бир күнү Арзыбекке “мал күтөлү” дедим. Акча чогултуп, 7 кой алдык. Кайнатамдар уй беришти. Аны саап сүт ичип, каймак жеп оңуп калдык. Ушуну менен тынчып калган жокмун, Арзыбекке “эми тандыр куруп бер” дедим. Ал макул болбойт. Акыры үйдөгүлөр тандыр куруп беришти. Чогуу иштегендер “биз деле силер менен тең иштеп жатабыз, бизде эч нерсе жок, силер эмеректүү, малдуу болуп алдыңар. Эмгекчил, эптүү экенсиңер” деп суктанып жүрүштү.

Андан кийин кантип автоунаа алсак деп ойлоно баштадым. Кайнатам “тамеки эккиле” деди. Мен эгебиз дейм, Арзыбек “2 дипломдуу болуп туруп кетмен чабамбы?” деп болбойт. Ага мен болбойм, ошентип жатып тамеки эктик. Тапкан кирешебизге Москвич сатып алдык. Кайнатамдар жер тилкелүү кылышты, ал жерге үй салдык.

“Ушактарды жылмайып жеңдим”

– Арзыбек обон чыгарарда үйгө кирип-чыгып, ачууланып, эч нерсени сүйбөй калат. Андайда эч кимди анын иштөөчү бөлмөсүнө киргизбейм, тоскоол болбойбуз. Эртеси же 1-2 күндөн кийин эле жаңы обон чыгардым деп ырдап берип калат. Арзыбек популярдуу болуп турган кезде ага ашык болгондор, артынан ээрчиген ушактар да көп болду. Мен кенендигим, Арзыбектин чыгармачылыгын колдогонум, кызганычты ичке жутуп, сыртка чыгарбаганым менен очогубуздун отун өчүрбөй сактап калдым. 46 жыл ичинде бир да жолу төркүнүмө кетем деген жокмун. “Жолдошуң тиги кыз же келин менен жүрөт, баланча менен мамилеси жакшы” деген сыяктууларды уксам да унчукпай, жылмайып жүрүп баарын жеңдим. Экөөбүз курортко, аш-тойго барсак да Арзыбекти кыз-келиндер шынаарлап калышса, сүйлөшүп алышсын деп ары басып кетер элем. Бир жолу улуу эле бир киши “сен Арзыбектин колуктусу болот турбайсыңбы. Эл аны “Шахрага (ред.: Талипова) үйлөнөт экен” дегенинен мен экөөнө өкүл ата болоюн дедим эле” дейт. Мен жылмайып “экөө баш кошсо сизге айтып коём” дедим. Ошондо ал “мени урушуп салат экен десе, жылмайып жеңдиң да” деген эле. Үйгө барганда Арзыбекке “эмнеге Шахра Талиповага үйлөнбөй жүрөсүз? Тигил жакта бирөө өкүл ата болот элем деп күтүп жатат” деп тамашаласам, “күтө берсин, тилеги төөнүн куйругу жерге тийгенде да ишке ашпайт” деп койду.

Кызганып уруш чыгарганда эмне? Чыгармачыл адам жаңы эргүү алышы үчүн сулуу кыз-келиндерди сүйүп, кооз жерлерге барып турушу керек. Арзыбек сүйүүгө кабылса да анысын ичине жутуп, сезимин обонго айландырып, обондо жашата алган баатыр. Кээ бир эркектер бар эмеспи, үй-бүлөсүн уратат, жеңил ойлуулук кылат. Бул анткен жок. Арзыбек да менин сабырдуулугумду баалап “кесип жана аял тандагандан жаңылган жокмун” деп калат.

“Арзыгүлдү агайыңар гана эмес, мен да сүйдүм”

– 2004-жылы кытайлык Арзыгүл аттуу кыздан белек, кат келип калды. Катта Арзыгүл дарегин, жумушун, башы бош экендигин жазып, сүрөтүн салып жибериптир. Ошондон таасирленип, Арзыбек аны менен байланыша баштады. Түшүнө киргенден улам “Түшүмө кирдиң түндө сен” деген ырды жаратты. Бирок экөө 2011-жылы гана жолугушту. Ага арнап жолдошум 10дон ашык обон чыгарды. Жалаң махабат ырлары. Бир жолу Арзыбек расмий делегацияга кошулуп кытайлык кыргыздарга бармак болду. Мен экөөнүн сезимин сыйлап, Арзыгүлгө оюм-чийим түшүрүлгөн модалуу чапан, үкү тебетей, моюн орогуч берип жибердим. Арзыбекке “ага жолукмайынча келбе” деп дайындадым. Арзыбек Кытайда 27 күн жүрдү. Бирок ошол кезде Арзыгүл башка жакта иштери менен болуп жолугуша алышпаптыр. Анын эжеси келип Арзыбекке жолугуп кетиптир. Арзыгүл кийин Арзыбекке деп көйнөк, галстук, анан мага деп үкөкчө салып жибериптир. Үкөкчөдө алтын жалатылган 2 билерик бар экен.

Арзыгүл кийин Кыргызстанга келип, биздин үйдө жүрүп калды. Белек-бечкек ала келиптир. Арзыбек экөө бир нече күн концерт беришти. Ошондо анын жашы 30дарда эле. Акылдуу, сулуу, тарбиясы жакшы, намаз окуган, ичинде кири жок кыз экен. Мамилеси, назиктиги, жөнөкөйлүгүнө карап аны агайыңар менен кошо мен да сүйдүм. Экөөбүз бат эле эже-сиңдидей болуп кеттик. Арзыбек экөөнүн мамилеси чыгармачылыктагы сүйүү болду деп эсептейм. Эгер Арзыгүл болбосо Арзыбектин ошол кездеги мыкты чыгармалары жаралат беле, ким билет? Арзыгүл турмушка чыкса, биз менен катташып турса деп ойлойм.

“Тойго кетсе да үйдөн тамагын даярдап турам”

– Чыгармачыл адамдар назик, таарынчаак болушат. Кичине эле бир нерсеге таарынып, жасаган ишиңди жактырбай калышат. Бирок Арзыбек ак көңүл, бат жазылат. Үй-бүлөсүнө камкор, бирөөгө жамандык каалабаган, боорукер, ашыкча ысырапкерчиликти жаман көргөн адам. Кандай иш болсо да майын чыгара жасайт.

46 жылдан бери тамакты өз колум менен жасап берем. Гастрити бар, тамакты мүнөздөп ичет. Той-ашка деп кафе, ресторандарга кетсе да үйдө тамагын бышырып даярдап турам. Анткени ден соолугуна карап той-аштан тамак ичпей келген күндөрү болот.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА