КАПКАН (бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушу чагылдырылган сериал)

Башы өткөн сандарда)

– Эй, азыр кичинекей да, эч кандай кыймыл жок,- деп курсагына кулагын төшөп турган Байышты карап күлдү.

– Кандай болсо дагы атасы жанында экенин сезер.

– Бас, тамак ичели. Муздап калмай болду,- экөө дасторконго отурушту.

Унчукпай тамактанып жаткан экөөнү сыртынан билдирбегени менен, ичинен ой басты. Байыш ушул тапта “баланы алдырба деп туура кылдымбы же туура эмес кылдымбы? Кредитке батып турсам, түзүгүрөөк жумуш таба албай жүрсөм, бул жагы кандай болот?” деген түбү жок ойлорго жетеленип жатты. Карлыгачта дагы санаа тутанды. Байыштын андан бала күтпөгөнү ачык эле билинди. “Иштебей үйдө отуруп калсам мени ким багат? Төрөшүм керекпи же алдырсамбы?” деген эки анжы ойдо отурду ал дагы.

xxx

Деңизге суктана карап отурган Нурзат канчалаган жылдарын сүйүү, жылуу мамиле күтүү менен өткөргөнүн эстеп өкүнүп кетти. “Акча колумда эле, тегеренип Тимурдун артынан чуркап жүрө бербей мурда эле дүйнө кезип жашасам эмне? Тимур менден кеткен күнү жашоом бүтөт дечү эмес белем. Көрсө, ал менден кеткен күнү жаңы жашоо башталарын эрте билсем эмне?! Мындай жашоонун башталышын өзүм кечеңдеткен турбаймынбы. Эркин болгум келет дечүмүн, ошол эле маалда өзүмдү мамилеге байлай берчү турбаймынбы. Эмнеге жалгыздыктан ушунчалык корктум экен?” деп бир топко ойлонгон Нурзат телефонуна үңүлдү.

– Кандайсың, эс алуу кандай?- деген жакын санаалаш аяшынын катына жооп жазды.

– Жакшы, баары жагып жатат. Мына деңиздемин,- деңизди сүрөткө тартып жөнөттү.

– Ай-ий. Жакшы жүрсөң эле болду, тиги жаңы аяшыбыз кыйын чыкты, зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жардам бере турган борбор ачып жатат дейт го. Тимур тим эле анын айтканын аткарып, өзү кошо чуркап жүрөт дейт...

– Жакшы иш кылып жатышкан турбайбы.

Узун сөздү баштагысы келген аяшы алайган быйтыкчаны жөнөтүп тим болду. Чын эле анын сөздөрү Нурзатты кызыктырган жок. Мурдагы учуру болсо туталанып, аяшына арыз-арманын айтмак, азыр ага көңүл да бургусу келген жок. Тынчтыгын эч кимге буздургусу келбегендей телефонунун интернетин өчүрүп, деңизди көздөй чуркады.

xxx

Мараттын мечитке болгон сапары натыйжалуу болду. Мурдагыдай күнүгө көчөлөбөй, үйгө байырлап балдарын карап калды. Карлыгачтын өткөндө балдарынын сүрөтүн сурап жатканын эстеп, абысыны анын балдарын сүрөт, видеого тартып вотсаптан жөнөтүп жиберди. Бишкек-Москванын ортосунда убакыт айырмачылыгы болгондуктан түш ченде Карлыгачтан жооп келди.

– Кандай жүрүшөт? Сиздин үйдөбү?- деп жазып жиберди.

– Жакшы, чоңоюп калышты. Байкуштар экөөңдүн азабыңды тартышты. Марат апасын жоктоп ичтиби же сенин кеткениңе ызаланып ичтиби, айтор, акыркы учурда көп иччү болгон. Шаардагы акемдер дагы урушуп токтото алышпады. Өткөндө социалдык коргоо мекемесинен балдарыңарды алып кетебиз деп киши келиптир. Ошол окуя таасир этти окшойт, ичкени азайды. Балдар азыр биздикинде ойноп жүрүшөт,- деген узак кат жазды.

Улуу баласы мектеп формасын кийип түшүптүр. Көз жашы төгүлүп кетти. Карлыгач эркелеп жүргөн балдарынын ушинтип ар кимдин колунда түрткүнчүк болуп чоңоюп жатканын билип шолоктоп ыйлады. "Артка жол болсо балдарымды тандамак элем" деп оор үшкүрүнө көз жашын сүрттү. Жанында Байыш уктап жатат, анын ичиндеги арман-күйүтүн ал эч качан түшүнбөсүн билет. Ыйын ичине катып даараткананы көздөй жөнөдү. Барып өксүп-өксүп ыйлады да, жумушуна кетүүгө камына баштады. Балдарына бара албаса дагы акча которуп, бир күн болсо дагы кубаныч тартуулагысы келди.

– Жеңе, сизге акча которуп жиберейин, балдарга кийим-кечек, керек-жарагын алып берип коюңузчу. Маратка айтпаңыз, өз атыңыздан эле алып бердим деп коюңуз, суранам сизден. Балдар деле мен жөнүндө билбей эле коюшсун.

Балдарын сагынып жүргөн Карлыгачты аяган Гүлзада жеңеси баарына макул болду. Эртеси Карлыгач которгон акчаны алып, балдарды ээрчитип райондун базарына жөнөдү. Балдарды бир сыйра баштан-аяк кийинтти. Кийим базардан чыгып кубанып турган балдарга карап:

– Эмне жейсиңер?- деп сурады.

– Рахмат сизге, бизге ушулар деле жетет,- деди улуусу токтоо.

– Тээтиги автоматты алып бериңизчи, Гүлзада апа,- деди кичүүсү.

– Эй, болду, карачы ушунун баарын алып бербедиби, ар нерсе алып бер дей бересиңби?- улуусу кичүүсүн тыйды.

– Макул, алып берейин, атайын силерге бирдеме алып берем деп үйдөн акча алып чыккам. Айта бергиле,- деди Гүлзада балдарга мээрим төгө.

– Анда мага акча бериңизчи, мектепке алып барам. Мектепте балдар дайыма бир нерсе алып жешет, мага болсо атам кээде эле берет,- деди улуусу.

– Анда сен 2-күнү сабактан кийин мага келип тур, мен сага берип турам, ээ?- деди Гүлзада. Бөжүрөп, кубанычтуу жанында ээрчип жүргөн балдарга боору ооруп турду. “Эх, жашоо, бирөөгө кор, бирөөгө зар деген ушул да. Бул балдар да мээримге тоюп, бүтүн үй-бүлөнүн коюнунда чоңойсо болбойт беле?” деп оор улутунуп алды.

xxx

Канча айдан бери туруктуу жумушка кире албай жүргөн Байышты тааныштары бир жумушка чакырышкан. Алардын айлыгынын суммасын угуп байыш дароо жетип келди. Келген даректен аны бир олбурлуу жигит тосуп алды. Кебетесине карап Байыш аны өзбек деп болжоду. Ал өзүн Шерзат деп тааныштырды.

– Биздин жумуш оңой, эч кандай баткак кечпейсиң, боз-ала болуп курулуш ишин кылбайсың, оңой эле.

– Ашпозбу?

– Ха-ха-ха. Эмне, тамакты кыйын жасайсыңбы? Жок, ашпоз эмес. Сен бул жумушка иштейм десең гана кандай жумуш экенин айтам. Эгер угуп эле кетип калам десең анда,- эшик жакка кол шилтеди.

“Кафе иштетем деп болбойсуң, көзүң жеткен ишти баштабайсыңбы. Кредитти оңой көрдүң беле? Кафең жабылат го. Кызматкерлерине араң айлык бергенге жарап жатыптыр бизнесиң. Москвада иштеп акча таппаганыңда кантип төлөйт элең? Эмне аласың көзүң жетпегенден кийин мынча кредитти? Ушул жашта үйдү алдырып жиберип мени талаада калсын дедиңби?” деген атасынын телефон чалгандагы сөзү кулагына жаңырды. Акча таппасам болбойт деген Байыш:

– Иштейм, иштейм,- деп жиберди шашыла.

– Бул башка кеп. Эшикти жаап койчу,- деп эшик тарапта турган балага карады. Ал шыпылдай каалганы жаап чыгып кетти. Бөлмөдө өзүн Шерзат деп тааныштырган жигит менен Байыш отурат.

– Качуу тууралуу ойлонбой эле кой. Москванын ар бир кычыгын алаканга салгандай көрүп турабыз.

– Качпайм,- баш чайкады.

– Мындай анда, боорукерлик деген сапатты жок кылып салыш керек бул иш үчүн. Бизде ийгиликтүү күндөр болот, ал күндөр – бул жакта иштеп жүргөн эмигранттардын айлык алган күнү. Эмигрант деген бутка чалынат. Дээрлик ар бир күн айлык алгандардан куру болбойт. Акчалуу болгон күнү алардын акчасын тартып аласың, тапканыңдын жарымын бизге бересиң, а биз сени ар тараптан коргойбуз.

– Койчу, алар деле тиричилик кылалы деп иштеп жүрүшөт да. Кантип тартып аласың?

– Ал сени ойлондурбасын. Ар ким өз жашоосу үчүн күрөшөт.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА