Тынчтыкбек Чоротегин, тарыхчы: “САЯСИЙ ЭРК ЖЕТСЕ, АНКЛАВДАРДЫ ЖОЮУ КЕРЕК”

Тарых, факт алдабайт. Ошондуктан бардык талаштуу жагдайларда тарыхка таянат эмеспизби. Кыргыздын кечээгисине саресеп салуу үчүн белгилүү тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегинди маекке чакырдык.

– Арыбаңыз, Тынчтыкбек мырза! Өткөн аптада Тажикстандын кол салуусунан 59 адам каза тапты. Коңшулар эмнеге ортодогу келишимдерди кайра-кайра бузуп жатат?

– Даана көрүнгөнү – азыркы президент Эмомали Рахмондун авторитардык режиминин ички көйгөйлөрдөн элди алагды кылуу үчүн чек ара көйгөйүн жаратып, анан жармач патриоттук сезимдин толкуну менен бийликти өз уулуна мурастап өткөрүп берүү далалаты. Экинчиси – эгемен Украинанын согушта ийгиликтүү боштондук согуш аракеттерин жүргүзүп жатышы айрымдарды кыжалат кылууда, чек арадагы кырдаалда ошолордун кызыкчылыгы бар.

– 31 жылдан бери Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын тактоодо натыйжа чыкпай келет...

– Кыргызстандын бардык эле президенттери Тажикстан менен достук мамилени бекемдөөгө умтулуп келишти. Бирок Аскар Акаевдин тушунда, өзгөчө 1990-жылдардын ортосунда Тажикстан менен чек араны биротоло чечүү мүмкүнчүлүгү колдон чыгарылган. Албетте, бул Бишкектин гана эмес, расмий Дүйшөмбүнүн да саясий эркине байланыштуу. Тажик президенти Рахмон ички оппозициядан чочулап, чек ара маселесин Бишкек сунуштагандай тез арада чечүүгө дааган эмес.

Орусия менен Япония Курилдеги айрым аралдар боюнча талашып-тартышып келишет, бирок бул эки өлкө аскердик тирешүүгө барышкан жок да. Чек аранын биротоло тактала электиги – кайсы бир тараптын гана айыбы эмес. Эң башкысы – эч бир тарап чек ара көйгөйүн согуш жолу менен чечүүгө умтулбашы зарыл. Такыр тил табышуу мүмкүн болбой турган чакта маселени талкуулоону тынч гана артка жылдырып создуктуруу керек.

– Акыркы жылдары эмне себептен эки өлкөнүн ортосунда абал кескин курчуп кетти?

– Эки элдин тарыхый ынтымагы түбөлүккө сактала берет. Маселе – эки өлкөнүн 1992-2022-жылдардагы өкмөттөрүндө жана жетекчи саясий чөйрөлөрүндө. Бирок акыбалды дайыма Тажик бийлиги курчутуп келди. Кыргызстан тарап алгачкы болуп Тажик чек арасы аркылуу коңшусуна кол салган бир да учур катталган жок.

– Тарыхта тажиктер тууралуу маалыматтар кайсы кылымдардан бери айтылат?

– Тажиктер иран тилдүү калктардын чыгыштагы тобуна кирген бир нече элдин сабында турат. «Тажик» сөзү мусулмандык алтын доор маалында (10-кылымдан тарта) арбын колдонула баштаган. Махмуд Кашгари Барскани да бул элди 11-кылымда өз «Диванында» эскерет, бирок бул этнонимди фарсы сөзүнө маанилеш катары түшүндүргөн.

– Мургаб, Жерге-Тал аймактары Кыргыздыкы болгон дейт, кантип Тажикстанга өтүп кеткен?

– Совет доорунда алгачкы аймактык чегерүүлөр маалында Мургап менен Жерге-Тал Кыргызстандын аймагында болгондугу анык. Маселен, 1925-жылдын 2-январына чейин Мургап аймагы Кара-Кыргыз автоном облусуна караган.

Бирок бул аймактар 1991-жылдын соңундагы статус-квого ылайык Тажикстанга карап калган.

– Эски карталарга таянган учурлар болуп жатат. Чек ара маселесин чечүүдө тарыхый негиздер канчалык мааниге ээ болушу керек?

– Албетте, тарыхый негиз сөзсүз керек. Бирок мунаса деген бар. Азыр, мисалы, Монголия илгерки Чыңгызхандын доорундагы картаны столго чаап, бир нерсе талап кылбаган сыяктуу эле, Улуу Кыргыз каганатынын картасы да эскилик кылат. Кокон хандыгы доорунда бүгүнкү Тажикстандын бир катар аймактары Бухара эмирлигине караган. Совет доорунун алгачкы жылдары аймак Түркстан АССРине кирген. Ал кезде азыркы улуттук аймактык чек араларды түзүү аракеттери жаңыдан гана башталган.

Салыштыра кетели. Бүгүнкү Бельгияда анча-мынча чакан эксклавдар бар, бирок алар бельгиялыктарды коңшулары менен эч кандай жаңжалга кептеген жери жок.

Негизи 1991-жылы СССР ыдыраган учурдагы саясий карта негиз бойдон калып, айрым тилкелерде гана соодалашуу жүрүшү мүмкүн. Саясий эрк жетсе, анклавдарды эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен жоюуга баруу керек. Алар жоюлбаган чакта Бельгиядагы сыяктуу эле шарттуу чек араларды бир тууган жана коңшу элдердин өкүлдөрү аралап жүрө берсе болот. Ал үчүн жалпы Борбордук Азияда саясий маданиятты көтөрүү зарыл. Ал эми ички маданиятты көтөрүү маселесин бирөө Марс планетасынан келип чечип бербейт, өзүбүз чечебиз.

Мына, Өзбекстандын азыркы президенти Шавкат Мирзийоевдин тушунда кыргыз эли Андижанга ээн-эркин кирип, палоо жеп, андижандыктар Алай менен Арсланбапка барып, кымыз иче башташты.

Баткен менен Коженттеги карапайым элге деле ушундай эле өз ара ынтымак керек. Дагы бир көйгөй – Тажикстандагы авторитардык режимдин демократиялык түзүлүшкө алмашуусунда. Бирок муну алар өздөрү гана жүзөгө ашыруусу керек.

Дианара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА