САДЫР ЖАПАРОВ БУУ ТРИБУНАСЫНАН ТАЖИКСТАНДЫ АГРЕССОР ДЕП АТАДЫ

20-сентябрь күнү өлкө башчысы Садыр Жапаров Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, бийик трибунадан Тажикстанды агрессор деп атады. Президенттин чындыкты дүйнө коомчулугуна ачык айтып, Тажикстандын куралдуу кол салууларын айыптаганы көпчүлүккө жакты. Бул үчүн Жапаровду атүгүл оппозиция дагы алкады. Мындан аркы кадамдар кандай болот? Жарандык коом тынч жаткан элге ок жаадырган тажик бийлигин эл аралык сотто жоопкерчиликке тарттырууну талап кылууда.

СӨЗГӨ ТУРБАГАН ИШЕНИМСИЗ КОҢШУ

Президент Садыр Жапаровдун БУУ трибунасында айткан сөздөрүнөн үзүндүлөр:

– 2021-жылдын апрелинде Тажикстандын куралдуу күчтөрү биздин аймагыбызга негизсиз эле масштабдуу агрессия жасады, анын кесепетинен 36 жараныбыз курман болуп, олуттуу материалдык зыян келтирилди... Ал эми ушул жылдын 14-15-16-сентябрында Кыргызстандын түштүгүндө масштабдуу аскердик кагылышуу болгондугун терең кайгыруу менен кабарлайм. Мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, тажик тарап Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

– Бизде тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар. Биз эч качан биринчи болуп кол салган эмеспиз жана кол салбайбыз. Курал колдонуудан алыс болуп, куралсыз жай тургундарды атпайбыз.

– Тажикстан тараптын эч кандай себепсиз эле жасаган ушундай куралдуу агрессиялык жүзү каралык акциялары бизди өтө капа кылууда, анткени биздин өлкөлөрдүн ортосунда эл аралык келишимдер жана милдеттенмелер түзүлгөн болчу.

– Тажик кошунабыз менен кандай гана форматта болбосун, эл аралык эрежелердин негизинде, цивилизациялуу юридикалык жолдор менен сүйлөшүү процессин улантууга даярбыз.

– Биз дайыма тажик тараптын жасаган агрессиясына адекваттуу жооп кайтаруу менен гана чектелип жатабыз. Кыргыз тарап бөтөн жерге көз артпайбыз, бирок бир да сантиметр өз жерибизди бирөөгө бербейбиз.

СТАТИСТИКА

Тажикстандын кол салуусунан 59 жаран каза таап, 200гө жакын адам түрдүү жаракаттарды алышты. Аткыланган айылдардан 140 миңге жакын адам үй-жайын таштап коопсуз жайга чыгып кетүүгө мажбур болушту. Алдын ала берилген маалыматка таянсак, куралдуу кол салууда 432 турак жай, 285 чарбалык имарат, 6 мектеп, 6 бала бакча, 2 ФАП, 9 административдик имарат талкаланып, 26 унаа өрттөлгөн. Келтирилген зыяндын суммасы такталып жатат.

МААЛЫМАТТЫК СОГУШ

Тажикстан тарап Кыргызды айыптаган, чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү жасап жатат. Социалдык тармактардагы Кыргыз жарандарынын активдүүлүгү, сабаттуулугу да чындыкты дүйнө коомчулугуна жеткирүүдө маанилүү ролду ойноду. Журналисттер, блогерлер армиясы күнү-түнү иштеп, маалыматтык талаада өз позициясын алдырган жок.

КЫЛМЫШ ИШТЕРИ АЧЫЛГАН

Баткендеги кол салуу боюнча Кыргызстандын Башкы прокуратурасы “Тынчтыкка каршы кылмыш” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Ушундай эле кылмыш иши Баткенге 2021-жылы апрелде болгон кол салууда да козголгон эле, бирок жыйынтыгы коомчулукка айтылган эмес.

ПАРЛАМЕНТТИН ҮНҮ

Жогорку Кеңеш Баткенге кол салуу болгондон кийин, 16-сентябрда чукул жыйынга чогулганы жарыяланган. Парламенттин үнү 21-сентябрда пленардык жыйында катуулады.

КЫТАЙ КЫРГЫЗСТАНДЫ КОЛДОДУ

“Кытай Кыргызстандын көз карандысыздыгын, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо саясатын чечкиндүү түрдө колдойт” деп билдирди Кытайдын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ду Дэвэнь. Элчи өткөн жумада ШКУнун саммитинин алкагында Кытайдын төрагасы менен Кыргызстандын президенти эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, маанилүү макулдашууларга жетишишкенин билдирип, Кыргызстан менен Кытайдын учурда чечилбеген маселеси жок экенин баса белгилеген.

КЫРГЫЗ-ТҮРК КОРГОНУУ ИШКАНАСЫ ТҮЗҮЛҮШҮ МҮМКҮН

Түркияда Кыргызстандын аймагында биргелешкен коргонуу ишканасын түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Маалым болгондой, бул маселе Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен Коргоо өнөр жай агенттигинин президенти Исмаил Демирдин жолугушуусунда талкууланган. “Жолугушуунун жүрүшүндө коргонуу тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен кыргыз-түрк коргонуу ишканасын түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды”,- деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА