КАЙТАЛАНГЫС ДААМЫ БАР БУЛОЧКАЛАР

Күз – той-аштын мезгили. Пейили кенен кыргыз эли дасторкондун жасалышына көзү да, көңүлү да тойгондо гана конокторду төргө өткөрүшөт. Ал эми дасторконго коюлуучу негизги азыктардын бири булочка эмеспи. Үй ээси үчүн анын түрлөп жасалышы маанилүү. Бул жолу көрүнүшү да, өзү да сонун булочкалардын жасалышын үйрөтөбүз.

КРАФФИН

Керектелүүчү азыктар:

Камыры үчүн:

Ун – 400 грамм

Сүт – 120 миллилитр

Ачыткы – 7 грамм

Кумшекер – 100 грамм

Каймак май – 50 грамм

Жумуртка – 3 даана

1 лимондун кырындысы

Толтурмасы үчүн:

Каймак май – 50 грамм

Кумшекер упасы – 80 грамм

Мейиз – 100 грамм

Жумуртканын сарысы – 1 даана

Даярдоо ыкмасы:

1. Каймак майды эритип алабыз. Ысыгыраак сүткө бир аз кумшекер кошуп, ачыткыны салып аралаштырып 10-15 көптүрөбүз.

2. 1 жумуртканы агы менен, 2 жумуртканын сарысын алып, ага кумшекерди кошуп миксер менен 5 мүнөттөй чалабыз. Эритилген каймак майды, ачып чыккан сүттү жана лимон кырындысын кошуп кашык менен аралаштырабыз. Бул аралашманын үстүнө унду салып камыр жууруйбуз. Жабышпай калганча ийлеп, 2 саатка үстүн жаап ачытабыз.

3. Ачыган камырды 8-10 даанага бөлүп, ун себеленген тактага 0,2 миллиметр кылып жайып, ар бирине бөлмө температурасындагы каймак майдан сүйкөп, кумшекер упасы менен мейизди себелейбиз. Жайымды ороп, оромону узатасынан аягына жеткизбей кесебиз. Эки тилимди бири-бирине ороп, аны тегерек кылып ороп коёбуз.

4. Пергамент кагазы төшөлгөн электр табасына салып, көөп чыгышы үчүн үстүн жаап 15-20 мүнөт тыныктыра турабыз. Беттерине жумуртканын сарысын сүйкөп, 180 градуста ысып турган электр мешине 25 мүнөт коюп бышырабыз. Таттуу, жумшак краффин булочкалары даяр!

МАКТАН РУЛЕТ БУЛОЧКА

Керектелүүчү азыктар:

Ачытылган каттама камыр – 500 грамм

Кумшекер – 50 грамм

Каймак май – 40 грамм

Мак – 1 стакан

1 апельсин кырындысы

Жумуртканын сарысы – 1 даана

Даярдоо ыкмасы:

1. Бул таттуунун эң маанилүүсү толтурмасы болуп саналат. Ошондуктан алгач аны даярдап алабыз. Ал үчүн макты чоң сүзгүчкө салып бууда 10-15 мүнөт кармайбыз.

2. Мак ысык кезинде кумшекерди, каймак майды жана апельсин кырындысын кошуп аралаштырабыз. Апельсин кырындысын кошпой да жасоого болот.

3. Каттама камырды 0,5 миллиметр калыңдыкта тик бурчтуу кылып жайып, бетине мак аралашмасын тегиз сүйкөп алабыз. Жайымды узун жагынан ороп, оромду 4-5 сантиметрлик кесимдерге бөлүп чыгабыз.

4. Булочкаларды майланган табага салабыз. Жумуртканын сарысын чалып, булочкалардын бетине сүйкөйбүз. 200 градуста ысып турган электр мешине салып 15-20 мүнөт коюп бышырып алабыз.

РОЗА БУЛОЧКА

Керектелүүчү азыктар:

Ачытылган каттама камыр – 500 грамм

Таттуу алма сорту – 3 даана

Кумшекер – 80 грамм

Корица – 4 аш кашык

Кумшекер упасы – 2 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Кумшекер менен корицаны аралаштырып даярдап коюу керек. Корицаны кошпой да бышырууга болот.

2. Алмаларды тең экиге бөлүп, данектеринен тазалап, болушунча ичке кесебиз.

3. Бөлмө температурасында жибиген каттама камырды жайып жукартабыз. Андан өтө узун эмес кесимдерди кесип алабыз.

4. Кесимдердин чекесине жеткизбей корица менен кумшекер аралашмасынан себелеп чыгабыз да, алма кесимдерин камырдын чет жагына биринин аяк жагына экинчисин бастырып тизебиз. Камырдын бир чети менен алма кесимдерин жаап роза сымал оройбуз. Чет жагын жакшы бекитебиз.

5. Электр табасына пергамент кагазын төшөп, «розаларды» тизип, 180 градуста ысып турган электр мешинде 25 мүнөт коюп бышырабыз. Муздаган соң кумшекер упасынан себелеп, дасторконго коёбуз.

СИННАБОН

Керектелүүчү азыктар

Камыры үчүн:

Ун – 550 грамм

Сүт – 250 миллилитр

Каймак май – 80 грамм

Жумуртка – 2 даана

Кумшекер – 150 грамм

Ачыткы – 8 грамм
(болжолдуу 2 чай кашык)

Туз – 1 чай кашык

Толтурмасы үчүн:

Кумшекер – 200 грамм

Корица – 4-5 аш кашык

Каймак май – 80 грамм

Креми үчүн:

Каймактуу сыр – 200 грамм

Каймак май – 70 грамм

Кумшекер упасы – 100 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Бардык азыктар бөлмө температурасында болушу кажет. Камырга кошулуучу каймак майды эритип алабыз. Сүттү ысыгыраак жылытып, ачыткыны, 2 чай кашык кумшекерди кошуп аралаштырып, 10 мүнөттөй коё турабыз.

2. Ага чейин идишке унду элеп, калган кумшекер менен тузду кошуп аралаштырып, ортосуна жумуртканы чегебиз. Эми көбүрүп калган сүт менен эритилген каймак майды кошуп жумшак камыр жууруйбуз. Колго жабышпай калганча ийлеп, үстүн жаап жылуу жерге коюп 2 сааттай ачыгыча күтөбүз.

3. Корица менен кумшекерди аралаштырып алуу керек.

4. Камырды 0,5 сантиметр калыңдыкта тик бурчтук кылып жаябыз. Жумшак каймак майды бетине сүйкөп, корица менен кумшекер аралашмасын тегиз сээп, камырга киргизе басып-басып коёбуз. Жайымды узун жагынан ороп, чет жагын суулап жабыштырабыз.

5. Оромону бирдей 5 сантиметр аралыкта кесүү кажет. Пергамент кагазы төшөлгөн электр табасына кесилген жагын төмөн каратып арасын ачыгыраак тизип, үстүн сүлгү менен жаап, көтөрүлүшү үчүн 30 мүнөт коё турабыз.

6. 180 градуста ысып турган электр мешине салып, 25-30 мүнөт коюп бышырабыз.

7. Кремине керектүү азыктарды чалып алабыз. Синнабондор ысык кезинде кремди жаба куюп, 5 мүнөттөн соң дасторконго коюңуз.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан