Жылдыздар сүйлөйт
ЧЫЧКАН
1936 1948 1960 1972 1984 1996 2008 2020
Коён жылында сизди мезгил-мезгили менен күтүлбөстүктөр, келишпестиктер күтүп турат. Ошондуктан абалды жакшылап байкагандан кийин гана иш-аракеттерге өтүңүз. Кыйынчылыктан артка качпаңыз. Колдон келген куралдар менен күрөшө алсаңыз, жылдын аягында баары ордуна келет. Сизди колдогон таасирдүү адам табылышы да ыктымал.
Сүйүү. Сүйүү жана романтика жашооңузду кооздойт. Жаңы мамилелерди, жаңы таанышууларды күтсөңүз болот. Эгерде жүрөгүңүздүн теңин тапканыңызды сезсеңиз, артка кайтпаңыз, бактылуу үй-бүлөнүн ээси болосуз.
Ден соолук. Сырткы келбетти өзгөртүүнү ойлосоңуз, кийинки жылга жылдырганыңыз оң. Жалпы организмге кам көрүүнү унутпаңыз.
УЙ
1937 1949 1961 1973 1985 1997 2009 2021
Уй жылындагыларда үч-төрт адамга жетерлик энергия чогулат. Тобокелге барып чечкиндүү кадам жасасаңыз, сизди ийгилик күтөт. Эске алчу нерсе, өжөрлөнүү менен эч нерсеге жетишпейсиз. Кечиримдүүлүк сыяктуу сапаттарыңызды өркүндөтүңүз. Жыл аягында үйүңүзгө чоң киреше кирет.
Сүйүү. Жашоону кандай болсо ошондой кабыл алганга аракет кылыңыз. Сүйүктүүңүзгө сизди коргогонго, башкарганга мүмкүнчүлүк берсеңиз, мамилеңер бир тепкичке жогорулайт.
Ден соолук. Бөйрөк жана ички органдардын ооруларына кабылуу коркунучу бар. Өнөкөт ооруларыңыз да өзү тууралуу кабар бериши мүмкүн.
ЖОЛБОРС
1938 1950 1962 1974 1986 1998 2010 2022
Коён жылы Жолборс жылында туулгандар үчүн өтө эле тынч, бейпил өтүп жаткандай көрүнөт. Мурунку жылдагы энергиянын кубаты бул жылга да таасирин берип, эмгектенүүнүн үстүндө болушат. Жыл бирде ийгиликтери менен кубантса, бирде кыйынчылыктары менен капа кылат.
Сүйүү. Жолборстордун сүйүү асманында кара булут пайда болот. Бирок аз гана убакытка... Кызганычтын айынан сүйүктүүңүздү, аруу мамилени жоготуп алышыңыз мүмкүн экенин эске алып, сабырдуу болуңуз.
Ден соолук. Мүнөздөп тамак ичип, ашказан-ичегиге жакшы көңүл бурганыңыз оң. Бул жылы нерв системасынын начарлашы да күтүлөт.
КОЁН
1927 1939 1951 1963 1975 1987 1999 2011
Коён жылында төрөлгөндөрдү бул жылдын фаворити десек жаңылышпайбыз. Кандай ишти баштабаңыз, фортуна жылмаят. Тер төгүп иштесеңиз, эмгегиңиз эки эсе кайтат. Коён жылындагылар өзүнө-өзү ишенүү менен мамиле кылгандары оң. Чыгармачыл Коёндор бул жылда чоң жеңишке жетишет. Бирок жылдын башынан аягына чейин “мындан да жакшы болуусу керек эле” деген ой менен жашайсыз. Жылдын биринчи жарымында эмгектенүүгө туура келсе, жайдан баштап толук эс алууну пландаганыңыз туура.
Сүйүү. Сүйүүдө жолдуу болосуз. Көпчүлүк Коёндор түгөйүн таап, бул жылы үйлөнгөндөрдүн никеси бактылуу болот. Чыдамдуулук менен күтүп турсаңыз, бактыңыз сизди өзү таап келмекчи.
Ден соолук. Ден соолугуңуз сизди кубандырат. Өнөкөт ооруларыңыз бул жылы жеңил өтүшү күтүлөт. Ооруп калсаңыз, элдик медицинага көбүрөөк ыктаңыз.
БАЛЫК
1928 1940 1952 1964 1976 1988 2000 2012
Коён жылында тагдырдын жакшы да, жаман да сюрприздерине туш болушуңуз мүмкүн. Камдуу болуңуз, Коён сизге бир топ “тамаша” көрсөтөт. Бул жылда сизден эпчилдик жана куулук талап кылынат. Каржылык жактан бир аз кыйынчылыктар күтөт. Бирок жаз айларында кыйынчылыктар артта калып, турмушуңуз калыпка түшөт. Профессионалдуулугуңуз көзгө илинип, карьераңыздын жогорулашы күтүлөт.
Сүйүү. Эмоцияңызды башкара билип, сүйүүгө баш-отуңуз менен берилбеңиз. Анткени бактысыз жана жоопсуз сүйүүгө кезигишиңиз мүмкүн. Эгерде тандоого туура келсе, жүрөгүңүздү укканга аракет кылыңыз. Түгөйлүү Балыктардын үй-бүлөсүндө гармония жана тынчтык өкүм сүрмөкчү.
Ден соолук. Балык жылындагылардын ичке, жоон ичеги жана ашказан оорулары күчөшү күтүлөт. Витамин, жер-жемиштерди мол колдонуп, азыртадан ден соолугуңузга кам көрүшүңүз керек.
ЖЫЛАН
1929 1941 1953 1965 1977 1989 2001 2013
Карама-каршылыктарга бай жыл болмокчу. Бирок акылга салып иш кылсаңыз, аброюңуз көтөрүлөт. Бул жылда сиздин колдооңузга муктаж адамдар көп болот. Капчыгыңыз толуп, көп иштерди аткарууга белсенесиз. Өзүңүзгө дем берип, жашоого күлө караңыз.
Сүйүү. Романтикага чулганып, бактылуу көз ирмемдерге ээ болосуз. Коён жылын Венера планетасы башкаргандыктан, жашооңузда сүйүү мол болот. Түгөйлүү Жыландар кимдир бирөөлөр менен көңүл ачуудан алыс болушканы оң. Анткени калыстыкты жакшы көргөн Коён сизди бул кылыгыңыз үчүн катуу жазалап коюшу мүмкүн.
Ден соолук. Жеңил-желпи оорулар тынчыңызды алышы мүмкүн. Нерв системаңызды сактап, ашыкча кыжырдануудан алыс болуңуз. Йога менен машыксаңыз, жакшы жыйынтыкка ээ болосуз.
ЖЫЛКЫ
1930 1942 1954 1966 1978 1990 2002 2014
Эгерде ийгиликке жетишем десеңиз, бул жылы демилгелүү болуңуз. Коён жылында сиздин жашооңуз тынч өтөт. Айрым учурларда бир калыпта болуп, окшош күндөрдөн тажап да кетишиңиз мүмкүн. Ошондуктан жашооңузду өзүңүз кызыктуу, мазмундуу кылганга ашыгыңыз. А Коён эки алаканын чаап, сизди кубаттап турат.
Сүйүү. Сиз үчүн Коён жылындагы сезимдер аз убакытка гана созулуп, бирок өзүнүн эмоционалдуулугу менен эсте калат. Махабаттан башыңыз тумандап, жакындарыңыздын кеңешин укпай каласыз. Бирок бул аз гана убакыт созулуп, жылдын экинчи жарымында жашооңуз тынч агымына кайтып келет.Эсиңизде болсун, кандай маселе болсо да, ашыкпай ойлонуп чечкенге аракет кылыңыз.
Ден соолук. Боор, өпкө оорулары күч алышы мүмкүн. Тамакты ылгап жеп, дарыгердин кеңеши менен диетага отуруу ашыктык кылбайт. Ичимдикти ченемден ашык ичүү менен чылым чегүүнү таштоого аракет кылбасаңыз, өнөкөт ооруларыңыз күчөйт.
КОЙ
1931 1943 1955 1967 1979 1991 2003 2015
Коён жылы сизге тынчтык тартуулайт. Будуң-чаң түшкөн жыл артта калды. Бул жылы өзүңүз менен өзүңүз болуп, жан дүйнөңүзгө үңүлүп, жыйынтык чыгарганга жетишесиз. Карьераңызда жогорулоо күтүлөт. Бизнес баштайм дегендер үчүн жашыл жарык жанмакчы. Колуңузга тийген акчаны үнөмдүү колдонгонго аракет кылыңыз. Анткени бул жылы каржы жактан кыйналып калышыңыз мүмкүн.
Сүйүү. Жалгыз бойлор түгөйүн таап, жалгыздыктан арылышат. Сезимиңизди талдап, чечкиндүү кадам таштаганга мезгил жетти. Сезимдерди ичке катпай, сүйүүңүздү ачык билдирсеңиз, бактылуу көз ирмемдерге чулганасыз.
Ден соолук. Оору жугузуп алуудан сак болуңуз. Сөөк жана муун ооруларынын алдын албасаңыз болбойт. Күчтүү тамактарга басым жасап, организмди күчтөнтүңүз.
МАЙМЫЛ
1932 1944 1956 1968 1980 1992 2004 2016
“Көп акча табуу керек, көп нерсеге жетишүү керек” деген Маймылдардын тилеги бул жылы ишке аша бербейт. Коён тынчтыкты, стабилдүүлүктү сүйгөндүктөн, Маймылдардын шоктугу жинин келтириши мүмкүн. Ошондуктан Маймыл жылындагылар “алдыга!” деген ураандан алыстап, өзүн олуттуу туткандары оң. Бул жылды үй-бүлөңүздүн маңдайында, тынчтыкта өткөргөнүңүз пайдалуу. Ашыкча жүктү моюнуңузга алуу зыян алып келет. Китеп окуу, дүйнө таанымды кеңейтүү менен алектениңиз.
Сүйүү. Сүйүктүүңүз менен түшүнбөстүктөргө кептелесиз. Ортодогу чырдын себебин талдап чыкканга убакыт талап кылынат. Айрым учурларда араздашуу, ажырашуулар да күтүлөт. Эгерде мамилеңизди сактап калгыңыз келсе, өз кызыкчылыгыңыздан баш тартканыңыз оң.
Ден соолук. Жүрөк оорулары күчөшү мүмкүн. Болбогон нерселерге кайгыра бергенден алыс болуңуз.
ТООК
1933 1945 1957 1969 1981 1993 2005 2017
Сиз үчүн катаалыраак жыл. Жолборс жылында бүтпөй калган маселелер, иштер кийинки жылдын жарымында гана аяктай баштайт. Бирок кыйынчылык менен болсо да максаттарыңыз аткарылып, сизди кубандырат. Эмгектенгендер үчүн түшүмдүү болот.
Сүйүү. Сүйүү “фронтунун” бир эмес, бир нече эшиги ачылат. Тандоо мезгили келип, сүйүктүүңүздүн колун кармап, бактылуу болосуз. Үй-бүлөлүүлөр жан шеригин башкача көз менен карап, экинчи бал айын уюштурганга аракет кылышат. Эсиңизге алчу нерсе, түгөйүңүздү кызгантууга жол бербеңиз. Арты жаман бүтүшү мүмкүн.
Ден соолук. Жаз алды менен организмиңиз алсызданып, гемоглобиндин түшүп кетиши күтүлөт. Бул учурда витаминдер менен азыктанып, ден соолугуңузду караңыз. Спорт менен машыгуу да сизге күч бере алат.
ИТ
1934 1946 1958 1970 1982 1994 2006 2018
Бизнес баштагандар же чет жерден билимин өркүндөтүү, долбоорлор менен иштөө сыяктуу маселелер менен алек болгондорго ийгилик сиздер тарапта демекчибиз. Айрыкча чет жерге билим алууга баргандардын каалаганындай болот. Коён жылында өзүңүздү көрсөтүүгө чечкиндүү кадамдарды жасап, башкаларды жөндөмдүүлүгүңүзгө ишендиргенге аракет кылыңыз.
Сүйүү. Бул жылы узакка созулган мамилени, өзгөчө сүйүүнү күтпөй эле койгонуңуз оң. Кызыгууңуз кыска мөөнөткө гана чектелип, андан ары кетүүгө жол жок. Эгерде үй-бүлөлүү болсоңуз, бул жыл сиздер үчүн тынч жана жагымдуу атмосферада өтмөкчү.
Ден соолук. Дем алуу системасына кам көрүңүз. Бронхит, ангина сыяктуу оорулар басымдуулук кылат. Жайкысын эс алууга чыгып, көлгө түшүп, күнгө кактанып келүүнү унутпаңыз.
ДОҢУЗ
1935 1947 1959 1971 1983 1995 2007 2019
Коён жылы түйшүк да, жеңиш да тартуулайт. Доңуздар жумушта, үйдө коомдук иштерге аралашууга, атүгүл кийинки жылга каражат топтоого да үлгүрүшөт. Каржы жактан бир топ ийгиликтерге жетишип, үй же автоунаа сатып алуусу мүмкүн. Болгону, эски таарынычтарды унутуп, жакындары менен мамилени оңдоого аракет кылгандары оң.
Сүйүү. Карьерасында баары жакшы болгону менен, сүйүү жааты кубантарлык эмес. Кимдир бирөөлөр сизди колдонууга, сезимиңиз менен ойноого аракет кылышат. Мындан ишеничиңиз сынып, депрессияга туш болушуңуз мүмкүн. Күз мезгилинде булардын баары унутулуп, кайрадан алдыга кадам таштаганга аракет кыласыз.
Ден соолук. Ден соолугуңуз “5” деген баага татырлык болот. Болгону, ченеми менен азыктанууну эсиңизден чыгарбаңыз.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg