КАТ ТУРМУШ (Орусиядагы Кыргыз мигранттарынын жашоосун баяндаган сериал)

(Башы өткөн санда)

– Келишим бир жылга түзүлгөн, бир жылдан кийин гана бааны көтөргөнү акысы бар.

– Жо-ок, келишимде «алты айдан кийин» деп жазылып турат.

– Аа, ал Кудай тажаткырдын жалгыз башына эмне жетпей жатыптыр?

– Ошону билбейм. Эми эмне кылабыз десеңиз? Үстүбүзгө дагы киши алабызбы?

– Сактан китеп жазып, сатыкка коюп жатат тигинде. Сен жүрөсүң батирге кайдан акча табышты билбей.

– Көрдүм... «Агындылар»1 го өзүнчө эле… Эже, мен китеп жазчу болсом, Сактандан биринчи бүтүп, керек болсо, Сактандын өзүн ошол китепке каарман кылып коём. «Кат турмуш» деп баштайынбы? Намысыма тийбеңиз!

– Жаз, сен баары бир Сактандан жакшы жазасың да... Сактан өпкөсү жоктуктун, жасалмалуулуктун, тантыктыктын символу болгону калды. Өтө тез кабылдап, тез туурайт экен. Мен ушулардын уялбаганына таң калам.

– Кызык элесиз. Уялса, уяла алса, мактанмак беле?

– Чын эле... Өткөндө Аскаттын бир ырын туурап ыр жазып, анан кайра Аскаттын өзүн кошо белгилеп, Фейсбукка илип койду го...

ххх

– Өткөндө сиз: «Жакшынакай жумушуң бар туруп, Москвага неге келдиң?» – деп сураганыңызда, дурустап жооп айта албадым эле. Бүгүн ошону эстеп кеттим. Мен бул шаарга качып келгем. Качып келгенимди билем, бирок шаарды алмаштырып койсоң эле качкан болуп эсептелбейт турбайбы... Мен өзүмдү качтым, кутулдум деп жаңылыш түшүнүп алган окшойм да. Көрсө, качтым деген нерселерди өзүм менен кошо ала келип, көтөрүп эле жүрүпмүн. Ошон үчүн эстеп жатсам керек. Мен сүйүүдөн качып келгенмин. Сүйүүдөн десем туура болбос. Сүйүүгө окшош бир мамиледен улам же ошол мамиледен келип чыккан чырдан улам качып келдим десем бекен?

Бир күнү таңкы алтыда телефон шыңгырады. Ал мындай учурда телефон чалчу эмес эле. Бир жамандык болдубу, тынччылык бекен деп ойлогуча жооп бердим. «Эй, бети жок!» деген үн чыкты.

– Таң атсын, мен сага көрсөтөм. Иштеген жериңди билем. Бирөөнүн үй-бүлөсүн бузган кандай болорун көрсөтөм сага! – деди. Кандай ачуу сөз бар болсо, ошонун баарын таңга маал угууга туура келди. Мага ооз ачканга мүмкүндүк берген жок. Мүмкүндүк берсе деле эмне демек элем? Аял токтогон жок.

– Убалдан коркпогон уяты жок, биздин балдарыбыз бар, үч балабыз бар! – деди баса белгилеп. Аскат деле мага аялы, үч баласы бар экенин айткан. Мен анын үй-бүлөлүк абалына маани берип, бир үй-бүлөнү бузуп жатам деп деле ойлогон эмесмин. Анткени ортобузда олуттуу мамиле жок болчу. Жолубуз көп кездешчү, кат жазышчубуз, чогуу тамактанчубуз, телефондон сүйлөшчүбүз. Ушуну олуттуу мамиле десе болобу? Сүйүү десечи? Билбейм... Ал аял айтканындай эле түш ченде иштеген жериме келди. Каршымда жаңы эле көз жарып, үйдө отуруп буулугуп, урушарга жоо, урунарга зоо таппаган аял турду. Албуут аял экен. Бүтүн дүйнөгө болгон жек көрүүсүн, кегин, таарынычын менден чыгарып, эки сөзүнүн биринде «үй-бүлөмдү буздуң» деп мени жакалап, өзүнүн катасын да мага оодарып жатты. Ишенимдин үстүнө курулган бекем үй-бүлөнү интернеттен келген каттар буза алабы? Мен буза аламбы? Мен бузмак эмесмин. Мен болгону Аскатты чын дилимден жакшы көрчүмүн, сыйлачумун, жакшы мамиледе болчумун. Ушул үй-бүлө бузгандыкпы, билбейм, бирок ошол аял эчак бузулган бүлөсүн мага шылтап, күйөөсүнөн ала албаган өчүн менден алып, ага болгон таарынычын менден чыгарды. Күйөөсү менен көп сүйлөшкөнүм чын. Көбүнесе интернет аркылуу сүйлөшчүбүз. Кээде чектен ашып, бири-бирибизди сүйөрүбүздү айтып «келечек алдыда» деп калчубуз. Үйлөнсөк, уруш-талаш көрбөгөн, бирин-бири сыйлаган, укмуш бир үй-бүлө болорубузду көп айтчу. Неге ошону көп айтарын аялын көргөндө түшүндүм. Ошол каттардын баарын аялы түнү менен окуп, жаттап чыгыптыр. Аларды далил катары кармап мени ашаалап турду. «Андай сүйөт экенсиң, тийип ал, үч баласы менен үйүңө кийирип ал!» – деди. Анан: «Ме, муну да сен бак!» – деп колундагы ымыркайды мага карай ыргытып жиберди. Баары коркунучтуу экенин, баары олуттуу экенин колума наристе тийгенде билдим. Коркуп кеттим. Кокус ошол наристени мен тосо албай калсам эмне болмок?! Наристени тосуп, кармап калганыма коркуп да турдум, сүйүнүп да турдум. Колумдан түшүрүп жибербейин деп аны бекем кучактадым. Тиги аялдан эмес, наристени түшүрүп жибергенден көбүрөөк корктум. Калчылдап оозума сөз кирбей калды. Мурда-кийин мындай окуяны көрбөгөн жаным, өзүмдү жоготтум. Кызыгы, Аскат ошол жерде турат. Сороюп гана аялынын артында турат, бирок оозунан сөз чыккан жок. Андан ары ал аялдын эси ооп жыгылып жатканы, күйөөсү бир жакка чуркап жөнөгөнү, бирөө колумдан наристени алып, мени машинеге отургузуп жатканы эсимде, бирок баары үнсүз тасмадай эле болуп өттү. Кулагыма эч нерсе угулбай калды. Машине ордунан козголгондо өзүмө келдим, эси ооп калган аялды машиненин жанынан көрдүм. «Бул окуя бул жерде бүткөн жок, көрсөтөм, түбүңө жетем!» – деп кыйкырып туруптур. Аны көрдүм, жарданып карап турган көпчүлүктү көрдүм. Көпчүлүктүн арасынан окуучуларымдын жылтырап турган көздөрүн көрдүм. Ошол көздөрдөн уялдым. Экинчи ал көздөргө тике карай албасымды түшүндүм. Аял айткандай эле, ал окуя ошол жерден бүткөн жок. Ал сөзүндө турду. Мени шерменде кылды. Мен жашоомдун баш-аягын таппай калдым.

Жумуштан бошодум. Окуучуларымдан уялдым. Ошол окуядан кийин окуучуларга кантип сабак өтүп, кантип «жакшы бол» демек элем? «Жакшы» деген сөздүн маанисин кантип түшүндүрөт элем? Уялганымдан жумуштан кеттим. Ошентсе деле тиги аял тынган жок. Күндө телефон чалып, каргап, каттарды тынбай жазып жүрдү. Мурда күйөөсү менен көп сүйлөшөт элем, кийин аялы менен көп сүйлөшө баштадым. Мурда күйөөсү көп жазчу эле, кийин аялы көп жаза баштады. Бир күнү Аскатты бир жерден жолуктурдум. Арабызда болгон нерсени унутуп, аялын деле унутуп жанына чуркап бардым. Адатымча жаркылдап эле учурашып колумду узатсам: «Биз жакындан мамиле күтпөй эле коёлучу», – деп басып кетти. Бирөө башымдан ылдый муздак суу куюп жибергендей эле дендароо болуп туруп калдым. Дилимде ал кайра кайрылып келип: «Аялым туура эмес түшүнүп, сени кесиптештериңе уят кылып койдук, мен сени жаман сөздөн коргоп кала албадым, кечирип кой», – деп кечирим сурайт го дегем. Анткени мен тааныган, мен жакшы көргөн, мен сыйлаган адам ошентиш керек эле. Бирок андай болбоду, кечирим сурамак тургай, артына бир жолу да кылчайып койгон жок. Улам карааны кичирейип, караанына кошулуп менин ага болгон сыйым, урматым, жакшы көрүүм да кичирейип, кичирейип отуруп көрүнбөй калды. Ошол сүйүү беле, билбейм...

(Уландысы кийинки санда)

1«Агындылар» –
Ш. Дүйшеевдин китеби.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Samarish1216
2022-09-26 20:12:00
Бул эмне деген баш-аягы жок чыгарма? Башынан бери окуп келатам, деги бир окуялар байланышпайт!
+3
Ayzada_asanakunova
2022-09-26 23:30:00
Ушул чыгармага түшүнбөй койдум, эмне жөнүндө сөз болуп жатат!!! Супер инфо нормально эле чыгарманы чыгарсанар болмок!Нервти кашайтпай
+2
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА