ЯПОНДОРДУН ТАМАКТАНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ

Японияда адамдардын дүйнөдөгү башка өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу жашоо узактыгы жогору. Ошондой эле япондор абдан жаш көрүнүп, энергиялуу жүрүшөрүн өлкөгө барган туристтер баса белгилешет. Мунун себеби биринчи кезекте туура тамактануу болсо, экинчиси активдүү жашоо образы. Кандай тамактанышары тууралуу кызыктарга токтолгубуз келди.

Япондор тамак-аш жасоодо даам, жыт берүүчү ашыкча татымалдарды кошушпайт. Эң көп колдонулган татымалдарына соя соусу менен васаби кирет. Япондорго азыктардын өзүнүн даамы калышы маанилүү.

Аз тамак жешет, бизге салыштырмалуу порциясы кичине. Даам берүүчү ашыкча татымалдар кошулбаганга тамак тоюмдуу болот.

Биздин башкы азыктарыбыздын бири нан болсо, япондордо күрүч эсептелет. Ал эми күрүчтөн кийинки эле көп желген азык – балык. Аны бууга бышырып же чийки жешет. Деңиз жандыктарынын эти соя соусу менен чийки желет, бул сашами деп аталат.

Күрүчтөн ун тартылып, андан кесме жана башка азыктар жасалат. Буудай уну дээрлик колдонулбайт.

Аралда жайгашкан өлкө болгондуктан деңиз азыктары көп колдонулат. Дүкөндөрдөн деңиздеги жандык, өсүмдүктөрдүн түрүн оңой эле табууга болот.

Тамак-аш жасоодо туура температурада бышыруу менен азыктагы минералдык заттардын, витаминдердин сакталышына басым жасашат.

Суши, роллдор япондордун фаст-фудуна кирет, чуркап келип жей калчу азык. Бирок биз жеп жаткан шаурма, гамбургерге караганда алда канча пайдалуу. Суши, роллдорго биздикиндей майонезди да кошо беришпейт.

Япондор көк чайды негизги суусундук катары түшкү, кечки тамактан кийин сөзсүз ичишет. Көк чайды шорпого да кошуп ичерин билесизби? Ал шорпо гейманша деп аталып, салттуу тамагынын бири болуп саналат.

Ал эми салттуу десерттери – буурчак пасталарынан жасалып, өтө таттуу болбойт. Моджи деп аталган балмуздагы да күрүч унунан жуурулган камырга оролуп жасалат.

Японияда белек катары бири-бирине жемиштерди беришет. Анткени аралда жайгашкандыктан баары өсө бербейт, мөмө-жемиштер өтө кымбат, ошондуктан экзотикалык жемиш чындап эле сонун белек болот.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан