Орусияны багындырган Amirchik: “КЫРГЫЗСТАНДЫК БОЛГОНУМА СЫЙМЫКТАНАМ”

“Эта любовь – самообман,

И до утра я буду пьян”, же болбосо “I wish you, wish you my love

Baby, ближе, ближе мой stuff” деген саптары бар ырларды сиз деле кыңылдап ырдап жүрсөңүз керек. ТикТоктон дагы көп угасыз. Бул ырлардын аткаруучусу Амирчик кыргызстандык экенин билчү белеңиз?

Жайында Амирчиктин «Эта любовь» ыры дүйнөлүк Shazam-200 чартына чыкты да, бир нече күндөн кийин эле Азиядагы бардык хит-параддарда лидерликти ээледи. Shazam`дын тарыхында мындай ийгиликке жеткен орус тилдүү аткаруучулар абдан аз болгон. Бишкекте төрөлүп-өскөн каарманым азыр чыгармачылык жолун Орусиядан улантууда. Гезитибиздин апта каарманы ТикТокко видео жүктөөдөн башталган ийгилиги, Бишкекте өткөн балалыгы, Орусиянын артисттери тууралуу айтып берди.

Аты-жөнү: Амирхан Батабаев

Туулган жери: Бишкек шаары

Туулган жылы: 2003-жыл, 20-октябрь

– Амирчик, саламатсызбы? Келиңиз, сиз менен жакындан таанышалы...

– Саламатсыздарбы? Жакшы болот. Мен Бишкектин четиндеги Учхоз айылында өстүм. №2 Аламүдүн орто мектебинде окугам. Бул спорттук мектеп, андыктан кичинемден спортко жакын чоңойгом. Мектепте болсо класстык саатты жакшы көрчүмүн, анткени класс жетекчибиз Айгүл Аскарбековна менен ар кандай темада жан дүйнөбүздү ачып сүйлөшчүбүз. Өзүм кичинемден эле музыкага жакынмын. Музыкалык мектептерге барууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ошондуктан гитарада ойноону өз алдымча үйрөнүп алгам, агаларым да жардам беришти. Кийин ырдап баштадым. Интернеттеги бекер курстардан вокалды үйрөндүм. Андан кийинкисин билесиздер...

– Сизди Орусияга алып барган жол кантип башталды?

– Москвада жашаганыма 1 жыл болуп калды. Бул шаарга 2021-жылы жайында, ТикТоктогу катталуучуларым, активим көбөйгөндөн кийин келдим. Ошол маалда абдан көп лейблдерден сунуш түштү. Ошондо бул жакка келип, кайсы команда жан дүйнөмө жакын экенин түшүнүү үчүн бардыгы менен жолугуп көрүшүм керек дедим. Ондогон жолугушуулардан кийин Алекс Давианын командасын тандадым, анткени анын студиясына барганда бул адам менин жан дүйнөмө жакын экенин, мен үчүн туура устат боло аларын билдим. Командадагы адамдар мыкты адистер жана мен үчүн баалуу адамдар болуп калышты.

– Орусиянын шоу-бизнеси сизди кандай кабыл алды?

– Көп артисттер менен тааныштым. Алардын баары жөнөкөй, жанга жакын адамдар экен. Жакында студиядан Joni менен чыгармачылык, достук маанайда сүйлөштүк. Ал өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, билгендерин айтып берди. Мен анын фанатымын, ошондуктан анын мындай мамилеси абдан жагымдуу болду. Joni менен ырдагым келет. Ал мага артист катары да, адам катары да жагат. Андан тышкары Хабиб жакты. Анын концертине барганда позитивдүү энергия алдым. Тим эле адамга күч берет.

Кыргызстандык артисттерден болсо Мирбек Атабековдун чыгармачылыгынын фанатымын. Ал коңур үнү менен кыргыздын улуттук добушун жакшы, даана ачып берет. Жакында Bakr деген аткаруучунун чыгармачылыгы менен тааныштым. Экспрессивдүү, тембри жагынан да кызыктуу үнү бар экен. Ушул аткаруучулар менен ыр жаздыргым келет. Анткени бул артисттер кыргыз маданиятын даңазалап жатышат.

– “Эта любовь”, "Улетаю прочь", “Чистый кайф” ырлары жакшы чыкты. Бул ырлар менен ТикТокту “жарып”, жаштардын жүрөгүнөн түнөк таап жатасыз. Бул ырлар кантип жаралган?

– «Эта любовь» ырын Алим деген байкем экөөбүз жазганбыз. Көрсө, бул ыр өзүнүн саатын күтүп жүрүптүр. Жайында команда менен кайсы ырды чыгарсак деп көпкө ойлонуп чече албай жүрдүк. Бир күнү кечинде уктаар алдында диктофондогу эски жаздырууларды угуп жатып ушул ырды таап алдым. Ырды угуп башкача сезимдерге кабылдым, толкунданып кеттим. Бул сезимдер мага ушул ырды чыгарышым керек деген белги берди. Эртеси студияга барып ырды иштеп чыктык. «Чистый кайф» ырынын тарыхы такыр башкача. Бизди HARU менен тааныштырганда ал жан дүйнөмө жакын экенин, бул адам менен көп жылдар бою достугубуз уланарын сездим. Таанышкан күнү эле бир канча ыр жаздырдык. Алардын бири “Чистый кайф” болчу.

– “Эта любовь” ырыңыз Shazam-200 дүйнөлүк чартына кирди. Сезимдериңиз кандай болду?

– Мен үчүн бул толкундантчу жана өтө баалуу учур болду. Ырдын ушунча өлкөдө, өзгөчө Азияда популярдуу болгону аябай жагымдуу болду. Ошондуктан 3 жумадан кийин малай тилинде 2 версиясын чыгардык, анын бири тамашалуу. Кыскача айтканда, бул жаңылык өнүгүүгө стимул болду.

– ТикТокко видео тартып баштаган күнүңүз эсиңиздеби?

– Албетте, эсимде. Ал күн менин жашоомду түп тамырынан өзгөрттү, мен башка жол менен баса баштадым. Ал күн менин келечегимди аныктады. Бул тажрыйбамдан улам комфорт зонасынан чыккандан коркпогула дегим келет. Мен көп убакыт видео тартып жүктөгүм келип, бирок улам бул ишти артка жылдырып жүрдүм. Жүктөдүм эле, ушундай жыйынтык болду.

– Кыргызстанга келип турасызбы?

– Кыргызстанга барып турам. Жакында эле Бишкекке барып келдим. Сынактарымды тапшырып, колледжди бүтүрүп, диплом алдым. Мындан сырткары борбордук аянтта ырдадым. Кыскасы, пайдалуу иш менен жагымдуу ишти айкалыштырдым. Учурдан пайдаланып окурмандарга ыраазычылык билдиргим келет. Мен жердештеримдин, өз жеримдин, мекенимдин колдоосун сезем. Кыргызстанда төрөлүп-өскөнүмө сыймыктанам. Дайыма баарына мен кыргызмын деп айтам. Мени менен үй-бүлөм да, мекеним да сыймыктанышын каалайм.

– Жеке жашооңуз тууралуу сурабасам күйөрман кыздар мени урушат го...

– Жүрөгүм дайыма ачык, анда сүйүү үчүн да, адамдар үчүн да орун көп. Ал эми жеке жашоомду азырынча кичинекей кулпу менен кулпулай турууну туура көрөм.

– Алдыга койгон максаттарыңыз кандай?

– Менимче, чоң максаттар адамды коркутат. Күнүмдүк процесстен ырахат алуудан, жашоодон, жакын адамдар менен жолугушуудан ырахат алуунун ордуна биз дайыма жыйынтык тууралуу ойлонобуз. Кайсы бир учурлардан алган мотивация, жагымдуу эмоциялар күн сайын бизди жакшыраак кылып өзгөртүп турат, жаңы ачылыштарга эргүү берип турат. Андыктан мен үчүн күн сайын мурдагыдан жакшы болуу маанилүү. Өнүгүү жана токтоп калбоо маанилүү.

– Сонун. Токтобой өнүгө бериңиз. Келечегиңиз кең болсун!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1034, 30-сентябрь-6-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан