«АЛ АКЧАНЫ КУСТУРУП АЛААРЫМДЫ УНУТПАҢЫЗ»

«Тамаша тор» рубрикабыздын бүгүнкү кадырлуу коногу «Атага кат» ырын ырдаган жигиттердин бири Сапар болмокчу. Бул жигитибизди торго илип алып, болушунча эле «коноктодук». Аягында Сапардын чыдамы кете баштаганда гана тордон чыгардык окшойт.

– Алло, кандайсың, Сапар? Мен Россиядан келдим эле. Атым Айнура. Эркебаев Алмаз деген агаң сага 3 миң доллар берип жиберди. Бирок, келсем үйдө чоң проблема чыгып, сенин акчаң мага аябай керек болуп жатат. Корото берейинби?
– 3 миң доллардын баарынбы?
– Ооба.
– Жок, бирөөнүн акчасын сиз эмнеге корото бермек элеңиз?
– 92ге чыккан атам операция болуп, ооруп жатты эле. Ошого акча керек болуп жатат.
– Сиз канча күндө бере аласыз анан акчаны?
– 1 айда берсем болобу? Бирок, сен Алмазга айтпа, макулбу?
– Кантип айтпаймын? Өзүнөн сурап иштетип, мага 2-3 күндө берсеңиз болот. Сиз Алмаз акемдин кимиси болосуз?
– Алмаз акеңдин таанышы болом. Кыскасы, мен акчаны каалагандай иштетип, каалаган убагымда берем.
– Эже, сиз кызыксыз го, аябай грубый да экенсиз. Ишенип бергенден кийин бирөөнүн аманатын өзүнө бербейсизби?
– Сага эмне, 3 миң долларды Россиядан алып келүү оңой бекен? Алып келгендигим үчүн иштетип, каалаган убагымда берем дебедимби.
– Алмаз акем да кызык, эй. Банктан эле салчу ушунча акчаны эмнеге сизге берип койду экен?
– Сен Алмазга “мен акчаны алдым” деп айт, мен да “бердим” деп коём.
– Мен сизге окшоп калпычы эмесмин албаган акчаны алдым деп айткыдай. Азыр сиз кайсы жердесиз?
– Бишкектен Ошко жөнөп жатам.
– Телефондон эле жаман-жакшы айтыша бербей эртең жолугуп, адамча сүйлөшүп, чечишели. Кандай дейсиз?
– Мен сени эртеңкиге чейин күтө албаймын. Азыр мен Ошко кетем.
– Оштун кайсы жеринен болосуз?
– Карасуудан болом.
– Өзүмдүн эжем турбайсызбы. Экөөбүз жөн эле уруша бербей жолугуп, жок дегенде бири-бирибизди бетме-бет көрүп, сүйлөшөлү да.
– Менин убактым жок, сени күтө албаймын.
– Просто, эже, мен Таласта элем да. Макул, анда бир жерди айтыңыз, ошол жерге азыр үкөмдү жиберейин.
– Эй, көп сүйлөбөчү?! Мен баары бир сага акчаны бере албаймын. Уже акчаң жок, “оомийин” болгон.
– Коюңузчу, эже, ыйманыңызды жеген адам экенсиз да. Мен сизди жердин түбүнө кирип кетсеңиз да таап чыгып төлөтүп алам, уктуңузбу?
– Колуңдан келсе төлөтүп ал, мен каршы эмесмин.
– Эй, эже, сиздин акыл-эсиңиз ордундабы? Адамча түшүндүрүп айтып жатпаймынбы! Колумдан келген үчүн айтып жатам да. Анан өкүнүп калып жүрбөңүз. Бүттүчү, барыңыз, ошол бирөөнүн ак эмгеги менен тапкан акчасын алып алганга адамдык касиетиңиз жол берип жатса алып тынчыңызчы?! Бирок, мен ал акчаны кустуруп алаарымды унутпаңыз. Азыр мен Алмаз акеме чалайын...
– Бар, чалсаң чала бер. Мага десе жүз жолу чал. Ал эми мени кайдан тапмак эле...
– Ушул номер сиздикиби? Мейли бизден качсаңыз да Кудайдан кача алмак белеңиз. Өз абийириңизге койдум. Мен азыр Алмаз акем менен сүй­лөшөйүн. Анан сизге өзүм чалам.
– Мейли, “Супер-Инфо” гезитинин редакциясынын телефонуна чал.
– Ой, ата-а, “Тамаша торго” түшүп калдым беле? Менин Алмаз акемди кайдан тааныйсыңар? Ии, Дана эже айтты окшойт да, ой, бли-ин...
– Ооба, Дана эже айтты. Азыр экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүздү газетадан окуп аласың.

Тамашалаган Замира Рахманбердиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 243, 29-июнь-5-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан