Өзгөчө образы, тамашалуу ырлары менен белгилүү болгон ырчы Бакас менен кызыктуу маек курдук. “Сахнада башка, жашоодо такыр башкачамын” деген ырчы суроолорго олуттуу да, тамашалуу да жоопторду узатты.
– Бакас, салам! Өзүңүздү мачо сезип “Мачо” деген ырды ырдадыңызбы?
– Ооба, мен мачомун да, көрүнбөй жатабы?
– Мачо деген кандай адам?
– Жентельмен. Бизде азыр затында эркек, сыпатында эркектик жок жигиттер көп да. Мачолор затында да, сыпатында да чыныгы эркектик мүнөзү бар жигиттер деп түшүнөм. Спорттук дене түзүлүштөгү, өзүн тыкан алып жүргөн жигит эмес, ишине так, сөзүнө ак, өзүнө сак адам.
– Сиз чын эле мачосузбу?
– Өзүмдүн жумушум боюнча чыныгы мачомун.
– Бакасты эл ким деп тааныйт, Бакас өзүн-өзү ким деп тааныйт?
– Искусствону түшүнгөндөр артист деп таанышат. “Бул эмне болгон неме? Эмнени кийип алган? Жалжактабай жөн эле ырдабайбы” дегендер искусствону түшүнбөгөндөр. Бакас өзүн карапайым, жөнөкөй чыгармачыл адам катары тааныйт.
– “Жинди, келесоо, катын” деп сындагандар бар экен...
– Бар, толтура. Ар дайым элдин сынындабыз да. Эл айта берет. Бийлебей бир орунда туруп ырдаган ырчыларды деле “ырчылардын баары окшош, кагылган казыктай болуп бир жерде туруп алып ырдай беришет” деп сындап жатышпайбы. Экрандан жинди, келесоо көрүнөм. Ал Бакас тойдо, сахнада гана. Жашоодо башкачамын.
– Жашоодо “жинди” эмессизби?
– Жашоодо жинди болсом “бул сахнада кандай болсо, жашоодо деле ошондой турбайбы. Нак келесоо экен” дешет да. Артист деген “ар түс” деген сөз да. Ар кандай болуп туруш керек. Жеке жашоо такыр башка. Жеке жашоо менен чыгармачылык жашоону айырмалай билген жакшы.
– Өнөрүңүздү сахнадан тышкары колдонуп койгон учур болобу?
– “Айии, сен артистсиң го” дегендейби (күлүп)? Колдонбойм.
– Так секирген тентек жигитсизби?
– Так секирген эле тентекмин. Бирок акылдуу тентекмин.
– Кандай тентектик кыласыз?
– Улуу байкелерге аябай эркелейм, жинине тийип, тамашалап, шылдыңдап, “болдучу, эмне болуп жатасың?” дегенге чейин жеткирем.
– Канча жолу милициянын колуна түшкөнсүз?
– МАИ кызматкерлерине түшүп калам. Бала кезде көп мушташтык да, көп түштүм. Жашырганда эмне. Милиция кызматкерлеринен бир таяк жейсиң, балдардан бир таяк жейсиң, үйгө келип атаңдан бир таяк жейсиң, көп таяк жедим. Ошондон кийин ушундай жинди болуп калгам десең, ээ (күлүп).
– Мушташ эмнеден чыкчу эле?
– Жөн эле да. Атамандыкты талашасың, сүйлөгөнү жакпай калат, кыз жандагың келет.
Бир жолу дос балдар менен темир уурдайбыз деп милицияга түшкөнбүз. Чоң темир болчу. Сыртта эле жатыптыр. Көтөрө албай коюп машинага байлап сүйрөтүп кеткенбиз. 15-16 жашта болсок керек. Баягы темир тарс-турс деп секирип келатат, иттер ызылдап үрүп жатат. Бир маалда артыбыздан “токто” деп кыйкырып 2 машина кууду, ызы-чуу. Ким кууганын деле билбейбиз, бирок качтык. Бир маалда трос үзүлдү да, темирибиз калып калды. Бир жерден токтоп, темир калган жерге кайра келсек, баягы темир жок. Уурдаган темирибизди кайра уурдатып жибергенбиз (күлүп). Эртеси үйгө милиция кызматкерлери келип мени салып кетишти. Акча чогултуп, ээсине 30 миң сомго жаңы темир сатып бергенбиз. Ошондон кийин “бирөөнүн буюму сага буюрбайт” деген сөзгө ишенип жашап калгам (күлүп).
– Кыз талашып да мушташкам деп калдыңыз...
– Мушташкан эмеспиз, сөз менен эле чечишкенбиз. Кыздар укмушсуңар го негизи эле. Бирөө кооз сүйлөп койсо аны менен жүрүп кетет. Бирөө гүл берсе аны менен, эртеси бирөө шоколад берип койсо аны менен, бирөө унаасына салып үйүнө жеткирип койсо аны менен сүйлөшө беришет го. Анан бир күнү ал кызга айткам “экөөбүздү чабыштырбай айтчы, кимибиз менен сүйлөшөсүң” деп. Ал болсо “мен башканы жакшы көрөм” деп экөөбүздү тең чанып кетип калган (күлүп).
– Канчанчы атаман элеңиз?
– Бизде атаман жок болчу десең, ээ (күлүп). Мен жалаң кыздар менен окудум, тамаша. 4 же 5-болсом керек эле, эстен чыгып калды.
– Артисттер бабник болушабы?
– Жөнөкөй адамдардын арасында деле бабниктер бар. Артисттерге карата көп айтылганынын себеби – дайыма элдин сынындабыз. Чыгармачыл адамды түшүнбөйт кээ бир аялдар. Чыгармачыл адамдар башкача болушат, кээде жалгыздыкты каалашат, сүйгүсү келет, бала кыял болобуз, көңүлүбүз назик. Бирок бирөөнү жакшы көрүп калсаң “мен сени сүйүп калдым” деп бара калбаш керек, обон жазып, ыр жаратыш керек. Мен бабник эмесмин, сүйүүгө туруктуумун.
– Азыр деле сизге тийишкен кыздар барбы?
– Жок, билишет да үй-бүлөлүү экенимди. Тийишкен кыздарды жаман көрөм, дароо кагып салам.
– Жубайыңыз бир маекте “Бакас үйлөнгөнгө чейин романтик болчу, кийин сюрприздерди жасабай калды” дептир. Эмне болду?
– Жеттим да (күлүп). Убагында кылганбыз да, кылбай койсок бир жөн. Бирок адам сюрприз менен чектелбеши керек, белек берип, сүйүүсүн арнап, көңүл буруп, жакшы сөз айтып турушу зарыл. Булардын баарын эле кылам.
– Качан киного тартылып тааныласыз?
– Жакында “Курьер” деген киного тартылдым. Азыр киного тааныштарын, ким акча берсе ошону тартып калышты го. Мен акча топтоп өз стилимде өзгөчө кино тартууну кыялданам. Акча көп нерсени чечпейт. Эң башкысы акча эмес, идея. Идея барбы, акчаны жерден чукуп болсо да табасың.
– Кандай адамдарга “аллергияңыз” бар?
– Таанып турса деле таанымаксан болгон адамдарга. Керсейип “э сен жанагы эме белең, бери келсең” дегендер бар го, ушуларды көргөндө кан басымым көтөрүлүп кетет.
– Канча бет кабыңыз бар?
– Бет кабым көп. Абалга жараша алмаштырып кие берем.
– Тойлор чарчатабы же энергия береби?
– Чарчатат. Сахнада ойносоң, ырдасаң, эл кол чапса, ошол ырахат.
– Чоңойгондо ким болосуз?
– Нурлан Насип (күлүп). Тамаша, чоң киши, татыктуу ата, ордумду тапкан адам болом. Бакас атындагы чоң театр ачкым келет. Жаш артисттерди колдогум келет. Мен ырчы болом дегенде атам да, бир туугандарым да каршы чыгышкан. Атам “ырчылык менен акча таба аласыңбы, жаныңды бага аласыңбы, койсоңчу” деген. Азыр кээде менден акча сурайт (күлүп). Азыр мени менен сыймыктанат.
Перизат Музуратбекова