МАНАСЧЫ РЫСБАЙ ИСАКОВ ЭМНЕДЕН ЖАЗА БАСТЫ? “МАНАСТЫН” ТЕГЕРЕГИНДЕГИ ЧУУ

Түркиянын Бурса шаарында “Манас жумалыгы” өттү. Анда 124 саат тынбай “Манас” айтканы үчүн Рысбай Исаков “Гиннесстин рекорддор китебине” тынбай үн чыгарып окуу багытында рекорд койду. Бирок кыргыз коомчулугу бул ийгиликти эмес, манасчынын жаңылыштыгын кызуу талкуулап жатат. Тагыраагы, Рысбай мырза “Манас” айтып жатып темадан чыгып кеткени, “Манаста” жок саптарды кошуп айтканы тартылган тасманын үзүндүлөрү интернет желесине тарады. Көпчүлүк бул окуяны “Манасты” шылдыңдоо деп кабыл алышты, “манасчынын бир жаңылыштыгы үчүн ур-тепкиге алуу туура эмес” дегендер дагы арбын.

Камил Мамадалиев, манасчы: “САГЫМБАЙ АТАБЫЗ ДЕЛЕ ЛЕНИНДИ КОШУП АЙТКАН ЖЕРИ БАР”

– Учурда Бурса шаарындабыз. Рысбай Исаковдун “Гиннесстин рекорддор китебине” кирүү үчүн “Манас” айтарын мен мурда-кийин уккан эмес элем, бул жактан уктум. Биз “Манас жумалыгы” үчүн келгенбиз, жалпы манасчылар бир күн, бир түн “Манас” айттык. Экинчи күнү Рысбай Исаков рекорд жаратуу үчүн “Манас” айтып баштады. Эрежелери бар экен, “бир саат аралыгында 5 мүнөт, бир күндө 2 саат тыным алышы керек” дешти. Албетте, манасчы үчүн оор болду, уйкудан калды, бирок аягына чейин жетип, “Гиннесстин рекорддор китебине” катталды. Жанагы талкууланып жаткан “Нурбек, Нурбек” деп айтканы транс абалында токтоно албай айтып жаткан убагы эле, Рысбайдын Нурбек деген шакирти бар, ошондон жардам сурап жаткан абалы болчу. Ага “чай алып келип бер, эшикти жаап кой” деген сөздөрдү айтып жаткан. Ошону кесип алып интернетке чыгарып салышты. Туура, “Манаста” окуя айтылыш керек, бирок Сагымбай атабыз деле “Манас” айтканда кириш сөз катары учурдагы жашоону айтып кеткен. “Жаштын берген тилегин, улуу атабыз Ленин” деп кошуп кеткен жери бар. Мындай ыкма мурда колдонулуп келген.

Нурбек Талантбеков, манасчы: “МЕНИ ЧАКЫРЫП ЖАТКАН ЖЕРИН КЕСИП ЧЫГАРЫП ЖИБЕРИШТИ”

– Сизди айрымдар “Нурбек эми “Манастын” каарманы, 41-чоросу болуп калды” тамашалап жатышат. Ушул окуяны кенен айтып берсеңиз?

– Жанагы “Нурбек, Нурбек” деп айткан жери “Манас” айтуунун экинчи күнү аяктап, үчүнчү күнү башталып жаткан учур болчу. “Гиннесске” кирүүнүн шарты катаал экен. Менин атым Рысбай агай уйку-соонун ортосунда турган абалда айтылып кетти.

Нурбек, Нурбек, Нурбегим,

Чыгып турсун ыр-кебиң.

Сенин болсуң ыр-кебиң,- деп агай адабий чегинүү кылды. Менден “чай ичүүгө канча убакыт бар? Талапты бузуп албаймынбы?” деп сурап жатканын кесип интернетке чыгарып жиберишти. Эл дагы “Манаска” Нурбекти кошуп салыптыр” деп дуу кылып жиберди. Манас изилдөөчүлөр жакшы билишет, залкар манасчылардын мындай адабий чегинүүлөрү бар. Анда “Манас” эпосуна кимдер жардам берген, ким колдогон, ким кордогон, баарын заманбап тил менен айтышкан учурлар бар. “Манастын” “М” тамгасын билбегендер деле талдап, сындап жатканы жаман иш болду. “Манас” айтпай эле, бир нече күн уктабай калуу деле организмге оор.

– Видеодогу “Тырышсаң дагы кетесин, Кессең дагы кетесиң. Жабышсаң дагы кетесиң” деген саптарды да транс учурунда айтып жатабы? Же бул саптар “Манаста” барбы?

– Бул төртүнчү күнү тартылган видео. Жанында төкмө акын Азамат Болгонбаев менен Улан Исмаилов деген чоң манасчы отурган. Ал сөздөр Алмамбеттин Бээжинден качкан окуясында айтылат. Энеси Алтынай Алмамбетке кайрылып “Кара жандан кечсең да кетесиң, Кандай кылган учурда да кыргыздарга кетесиң” деп айтып жатканы. Манасчынын чарчап калганын эске алуу керек, бирок окуядан чыккан жок. Кыскартылып, контексттен жулунуп алынганы үчүн ал видеолор маанисиз болуп калды. Болбосо ал окуя сонун айтылган.

– Рысбай мырза окуядан четтеп баратканын байкаганда жанында тургандар токтотуп калса болбойт беле?

– Манасчы өзү каалаган убакта токтомок. Транска кирген учурда токтотуу мүмкүн эмес болчу. “Тарых жаратам, мен чыдайм” деген дем менен айтып жатканда токтотуу туура эмес болуп калмак. Биз сүрөп, жардам берип гана турдук. “Жанындагылар күлүп отурушат” деп да талкуу болду, “Манас” айтылып жатканда ыйлап угат, күлүп угат, жыргап угат, кайгырып угат.

– Жанында ишенимдүү адамдар жүргөн экенсиңер, контексттен жулуп алып видеону таратып жиберген адамдар деле ошол жактан чыкты да?..

– Туура, душманды алыстан издебеш керек экен. Ким дос, ким кас экенин билип алгандай болдук. Өзүбүздүн арабыздан тарап кеткени – биздин ички маселе, такташып алабыз.

Азиз Биймырза уулу, “Манас” театрынын жетекчиси: “НУРБЕКТИ КОҢУРБАЙ МЕНЕН САЙЫШТЫРЫП, ЖОЛОЙ МЕНЕН СҮЙЛӨШТҮРҮП ЖИБЕРГЕН ЖОК”

– Рысбай Исаков 127 саат “Манас” айтуу менен өзүнүн рекордун койду. Бул идеяны Гүлзар Кокенова сунуштаган, “айтуучулуктун жаңы бир бийиктигин дүйнөгө көрсөтпөйлүбү” деген эле. Биз макулдугубузду берип даярдандык, ушул ишке бел байлап келдик. Чуулгандуу окуя болуп кетти, адам жаңылат, адамдык факторду эске алуу керек. Манасчылыктын табияты деле төкмөлүк, ошол учурдагы окуяларды кошуп кеткен убактар болгон. “Бир акындын болсо эгер тили-жаагы, бүт элдин айтылат муңу-зары” дегендей, манасчынын кадимки турмушту кошуп жибергени осол нерсе эмес. Муну манасчынын табияты катары кабыл алып коюш керек. Бул жерде Нурбекти Коңурбай менен сайыштырып, Жолой менен сүйлөштүрүп жиберген жок да. Каармандардын арасына кошуп жиберген жок. Салмагы сайдын ташындай, барскандай күчтүү саптарды кесип албай, ошол жерди кесип элге жарыялап жибергени ошол адамдын жеке абийиринде. Учурда Рысбай манасчынын өзү тууралуу талкуу болуп жатканынан кабары жок, ал “Манас” айтуу менен гана алек болду, азырынча биле элек. Аябай чарчады, уктап эс алып, өзүнө келгенден кийин айтабыз деп турабыз.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1034, 30-сентябрь-6-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан