КАТ ТУРМУШ (Орусиядагы Кыргыз мигранттарынын жашоосун баяндаган сериал)

(Башы өткөн санда)

– Сен бул шаарга сүйүүдөн качып келсең, мен сүйүүнүн артынан келгем. Сүйүү издеп келгем. Баарын таштап, өзүмдөн, максаттарымдан кечип, апамды ыйлатып туруп бир адамдын артынан ээрчип келе бергем. Негизи тыюу салынган сүйүүдөн өткөн чоң, улуу сүйүү жок! Сүйүүгө тыюу салса, дароо күрөшкө айланат. Анан күрөшкө айланганда сүйүү чоңоёт. Маанилүү, көлөмдүү болуп көрүнө баштайт. Ошондой болду, менин көзүмө да сүйүүм чоң, улуу, жеңишке татыктуу болуп көрүндү. Бирок мен кантип күрөшүп, кантип жеңиштин жолун таппай, үйдөгүлөрдү да, өзүмдү да алдап качып кеткенден башкага жарабадым. 23 жаштын жеткен акылы ошол болду. Баш ийип бере албасаң, өчөшөт экенсиң. Мен өчөштүм, бирок кимге өчөшкөнүмдү билбейм. Өзүмө болсо керек. Өзүмө болбосо, бир адамды жек көрөм деп, бүтүн дүйнөнү жек көрүп отурмак белем? Таң калба... Жек көрүү деле – сүйүү, сүйүүнүн эле аркы бети. Сүйүү болбосо, сага керексиз, сага маанисиз адамды эмнеге талдап, эмнеге жаман көрүп, эмнеге жекирип, эмнеге эстеп отурмак элең?

Билесиң, бизде үй-бүлөң, тууган-уругуң, байлыгың сени алчу жигиттин статусуна туура келсе гана сенин сүйүүң – сүйүү, дал келбесе – жөн эле бир нерсе. Сен дароо эле бирөөнүн баласын бузуп, жолдон чыгарып, байлыгы үчүн күйөөгө тийип жаткан жеңил ойлуу бирөөгө айланасың. Мен деле ошолордун биримин. Биз Тилек экөөбүз сүйлөшүп жүрүп, акыры баш кошобуз деп чечтик. Анан ал үйгө куда жибермей болду. Куда келбей калды. Анын ата-энеси «жаман жердин кызын албайбыз» деп койду. «Жаман» деген сөз менен эле баары айтылды. Үйүмдүн жаман экени, үйүмдүн ичиндеги төшөк-жуурканымдын жаман экени, жашоомдун жаман экени, көйнөгүмдүн жаман экени, тууган-уругумдун жаман экени, менин жаман экеним элге, өзүмө бир эле күндө билинип калды. Мен бир күндө бар жашоомду, бар дүйнөмдү жээрип, жек көрүп, жаман болуп отуруп калдым. «Куда келет» деп даярданып алган апамдын дасторкону жайылган бойдон калды... Эч кандай жамандык кылбай туруп жаман болуп калган өтө оор экен. Тилектин ата-энеси айылдагылардан териштирсе керек, биздин айыл бир күндө эле «дүң» дей түштү. Эл: «Баланчанын кызына куда келбей коюптур, албай коюптур, тоготпой коюптур», – деп ачык эле айтып жүрдү. Атайын үйгө келип, апамдан сурап, аки-чүкүсүн сүрүштүрүп: «Кой, кыжалат болбо, кызыңдын бешенесине дагы бирөөнү жазгандыр, ага дагы бирөө баласын багып жаткандыр», – деп көңүл айтып кеткендер болду. Апам арызданбаса деле: «Мен андай керкейген жерге кызымды бербейм, келсе деле бермек эмесмин, өзүмө ылайык жерге берем», – деп колунан келишинче кежеңдеп жатса деле аны уккан киши болбоду. Келгендер апамды аяп, кайрат айтып, жардам сунуштап, анан кетишет.

Ошол учурда жаман сөздүн айынан болсо деле мен дүйнөнүн борборуна айландым. Жеңелерим сырдашкысы келип чыкты. Атамдын карындаштары абалымды сураганы артымдан шаарга чейин барып жатышты. Менин болсо эч кимге оңгулуктуу жообум жок. Былтыям. Эжелерим: «Элге шерменде болдук, сени окутпай эле койбой, 18 жашыңда эле эрге берип тындырып салбай», – деп карганып, какшанып, кулагымды жеп, анан үйлөрүнө кетишет...

Көчөдө баратсам, айылдагы кемпир-кесек, катын-калачтын баары токтотуп учурашат. Өөп учурашат. Мүмкүн, айылда башта деле мага мамиле ошондой эле, башта деле мени менен эл учурашып, сүйлөшүп жүргөндүр, мен байкабаган чыгармын, бирок мага ошондо баарынын эле максаты бирдей көрүнүп туруп алды. Баары эле менин эмне болгонумду сурап, эмне болгонумду уккусу келгендей сезилди. Мен ого бетер безирейип, бир да кишини жаныма жолотпой койдум. Адамдар сүйлөп жатса, сөзү мага жакпаса, сөзүн аягына чыгарбай басып кетем. Айылда «куда тоготпой келбей койду» деген сөзгө «өзү жаман, тили узун, безирейип кыздай эмес, бейбаш» деген сөз кошулду. Апамдын мени урушканын, каргаганын айтпа. Мен тажап бүттүм. Шаардан үйгө барбай койдум.

Кызыгы, ошончо нерсе болуп жатса деле Тилекти күнөөлөгөн жокмун. «Мен баары бир сага үйлөнөм», – деди Тилек. Бирок үйлөнө алган жок. Кантип үйлөнмөк элек? Бүтүн дүйнө каршы болуп жатса… Мага да үйлөнгөн жок, башкага да үйлөнбөй койду. Анан аны ата-энеси Москвага окууга жиберди. Мен калдым. Анын башкага үйлөнбөй койгону мага болор-болбос ишеним берди. Ошону бекем кармандым. Тилек Москвада бир жыл окугандан кийин: «Жайкы каникулга бара албайм», – деп мага кат жазды, ошол сөзүн угуп, бар-жокту жыйыштырып, бар-жокту таштап, Москвага келе бердим. Ойлоп көрсөм, ошондо бала экенмин... Жаман оюмда: «Тилектин ата-энеси мени жакшы билбейт, мени жакшы билсе, менин кандай экенимди көрсө, баарын түшүнөт, мени жакшы көрүп калат, кабыл алат», – деп ойлоптурмун. Бала экенмин да.

ххх

– Кутман кеч, эже! Сизге жазганга убактым болбоду. Жумуш көп. Анын үстүнө Айзат ооруп калыптыр. Жумушка келип эле баш көтөрбөй кусуп калды. Чоңдорубузга билдирбей анын жумушун да биз жасап жүрдүк. Бир аз жакшы болуп калгансыйт да, кайра эле кусат. Кечке чейин ушул көрүнүш кайталанды. Жумуштан кийин аны үйүнө жеткирип, апасына тапшырып келдим.

Эртең ооруканага барышат. Доктурга көрүнсүнчү. Акчабыз жок болчу. Апасынын сөйкөсүн күрөөканага коюп, акча алдык. Акчадан кыйналып жатышат. Жумуштагы досторуңуз менен сүйлөшүп көрдүңүзбү?

– Балдар кожойкесине чалды, чалса: «Бузулуп кеткен кыз болчу, менин алтындарымды уурдап кетти, мен да анын үстүнөн арыз жазам», – дептир. Бирөөнүн кызын оюнчук кылган мындай акмактар көбөйдү. Айзат ооруканага барып келсин, анан арыз жазабыз. Айзат өзү жазышы керек.

– Макул. Сиз эмне кылып жатасыз?

– Кечки тамакка ысык нан менен каймак көтөрүп келгем.

– Ии, шилекейди чуурутасыз го...

– Чууруганы курусун... Эми жеп баштасам, кичүү иним бок тууралуу сүйлөшкүсү келип кетти. Ал тургай бок тууралуу видео жиберди.

– Шилекей токтоду. Каймакты сагынбаптырмын деле...

– Мен да дароо сагынбай калдым. Эми бок тууралуу сүйлөшүп отурам. Бирок ыңгайсыз абалдамын. Менден: «Эмне кылып жатасың?» – деп сурагандарга: «Бок тууралуу сүйлөшүп жатам», – дей албай ыңгайсыз абалдамын.

– Кандай бок? Адамдын богубу?

– Ии да. Сен да иниме кошулуп, бала болуп аласың да...

– Ошону айтпайсызбы... Мен да такып калдым.

– Бок деле сүйлөшө келсең, жакшы тема болуп берет экен.

– Сүйлөшкөндү билсеңби?

– Ии.

– Сактан, Тумар, Суусарлар, алар илген посттор, алардын ырлары тууралуу деле сүйлөшүп жатпайбызбы...

– Сойдуң!

– Тизмелей берсең бок көп...

– Тизмелебей эле кой... Рахмат! Тойдум...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Asyl.jazi
2022-10-03 15:28:00
Башынан баштап окусам дагы эч эле түшүнбөй койдум.
+1
№ 1034, 30-сентябрь-6-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА