Калыс Жакыпов, ырчы: “МЕНДЕН МЫКТЫ СПОРТЧУ ЧЫКМАК”

“Ырчы Айгерим Эшим кызына көз карашың кандай? Сүйгөнүңүз барбы? Качан үйлөнөсүз? Дүйнөлүк деңгээлге чыга алам деген ишеним барбы?..” Ырчы Калыс Жакыповго чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүнөн суроо топтодук. Алардын суроолоруна Калыс мырза кандай жооп бергенине көз жүгүртүңүз.

Гүлназ Чыныбек кызынын суроосу:

– Дүйнөлүк деңгээлге чыга алам деген ишенимиң барбы?

– Ар бир адамдын жан дүйнөсүндө илгери үмүтү бар. Бизде, чыгармачыл адамдарда дүйнөлүк деңгээлге чыкканга мүмкүнчүлүк бар. Дүйнөнүн талабына жараша долбоорлорду, ырларды элге сунушуң керек. Ошол аркылуу дүйнөгө чыгасың. Бирок азыркы учурда мен дүйнөгө таанылайын деген аракеттин үстүндө эмесмин. Биринчи максатым – Кыргызстанга таанылып алуу. Бирок жан дүйнөмдө кичинемден бери дүйнө болбосо да, Орто Азияга таанылсам деген кыялым бар.

– “Үнүңдө өзгөчө изюминка бар экен. Сен эл аралык деңгээлде ырдашың керек. Иштешели, Кыргызстанга жылына бир эле жолу келип турасың” деп чет өлкөдөн сунуш түшсө макул болосуңбу?

– Албетте, макул болмокмун. Кыргызстандын атын чыгарып ырдап, маданиятыбыз менен желегин желбиретип, элибизди дүйнөгө таанытканга эмне жетсин?..

Марс Мамаевдин суроосу:

– Калыс Жакыпов, сүйгөнүңүз барбы? Качан үйлөнөсүз?

– Учурда жүрөгүм бош. Сүйгөнүм жок. Жакынкы планда бир гана чыгармачылык турат. Бирок таптакыр кеч үйлөнөм дебейм. Кудайдын буюрганы. Жүрөгүмө жаккан кызды тапсам, ошондо үйлөнөрмүн.

– Үй-бүлөдө ким ырчылыкка жакын?

– Атам дагы, апам дагы ырдайт. Экөөнүн тең үндөрү жакшы. Ата тегим дагы, тай жагымдагылар дагы жакшы ырдашат. Музыкалык аспаптарда кол ойнотушат. Талант мага ата-энемден өткөн болуш керек.

Алтынай Асанбекованын суроосу:

– Өзүңдөн улуу айымга баш кошмок белең? Мага "шанс" бере аласыңбы деп койбоюнбу (күлүп).

– Өзүмдөн улуу айымга баш кошпойт элем. Себеби менден 1-2 жаш улуу болсо деле эже катары көрө берем. Мага өзүмдөн кичүү кыздар жагат. Алтынай эже, эми сиз аракет кылсаңыз байкайбыз да. Негизи аракет кылсаң – берекет дейт го. Балким, аракет кылып көрөсүз, мүмкүн, сизге "шанс" берип калам (күлүп).

Кудайберди Айтбосуновдун суроосу:

– Айгерим Эшим кызына көз карашың кандай? Себеби “Жылаңач баатыр” долбоорунда көзүңөрдөн өрт көргөнбүз. Өрт өчтүбү, же тескерисинче, “ураган” башталдыбы?

– Ал менин чыгармачылыктагы эжем да. Ал долбоордо жүргөндө ортобузда эл катары эле мамиле болгон. Анткени ортобузда 4-5 жаш айырма бар, эже катары эле көрөм.

Эрнис Түмөнбаевдин суроосу:

– Өнөр жолунан эмне таап, эмне жоготтуң?

– Чыгармачылыктын арты менен дос-тааныш, агаларды күттүм. Көптөгөн жерлерди көрдүм. Ата-энемдин сүйүнүчүн көрүп жүрөм. Укмуш атактуу болуп кетпесем дагы чыгармачылыктан өз жолумду таап келе жатам. Эч нерсе жоготтум дебейм. Болгону спортко болгон кызыгуум көмүскөдө калды. Балким, спорт менен кетсем мындан да бийик ийгиликтерге жетмекмин.

Айгерим Саматованын суроосу:

– “Бой көтөргөн адамсың” деп көптөр айтышабы?

“Бой көтөргөндөй көрүнөсүң, сүйлөшө келгенде жөнөкөй эле бала турбайсыңбы” деген сөздү көп угам. Ошондуктан адамдын сыртына карап тыянак чыгарбашыбыз керек деп айтар элем. Сыртын көрүп ичинде эмне жатканын билбейбиз да. Баарынын эле коюнуна кирип, күлүп-жайнап жүрө бербейм. Мага башкалар кандай мамиле кылса, аларга да ошондой мамиле кылам.

– Кыргызстанда канчалык атактуумун деп ойлойсуң?

– 100 пайыздык чектен караганда, 50 пайыз деп ойлойм. Атактуу болуш үчүн абдан чоң эмгек, көптөгөн жылдар керек. Буга чейин жеткен ийгиликтериме дагы Кудайга шүгүр, мындан ары да аракет кылып, элге ырларымды тартуулай берем.

Мурадил Данияровдун суроосу:

– Чыгармачыл инсандардын куралы – музыкалык аспаптар. Сен комуз, аккордеон, гитарада ойнойсуң. Эми качан концерт бересиң?

– Кийинки жылы концерт берем деп жүргөм. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дейт го. Эмгектенип, элге кеңири таанылганга аракет кыла берейин. Андан кийин чоң концертти пландайм. Ага чейин бардык аймактарды кыдырып концерт берип келсем деп жатам.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1034, 30-сентябрь-6-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан