Индира Байгелдиева: «НЕМИСТЕР ҮЙ-БҮЛӨГӨ БЕКЕМ, АЖЫРАШУУЛАР ЖОККО ЭСЕ»

Германияда 12 жылдан бери жашап-иштеп келе жаткан мекендешибиз Индира Байгелдиева менен маектештик. Эки баласы менен бөтөн жерде жалгыз калып, ал күндөрдү сабырдуулук менен жеңип, бактылуу жашоого жеткенин айткан каарманым учурда мекендештерди жана башка КМШ өлкөлөрүнүн жарандарын ишке орноштуруу менен алектенет.

«ТИЛ БИЛБЕСТИКТЕН КЫЙНАЛДЫМ»

– Мен учурда Германиянын Фехта шаарында жашайм. Өзүм Нарындын Дөбөлү айылынан болом. Германияга 2010-жылы үй-бүлөм менен иштегени келгенбиз. Келгенде 7 айлык боюмда бар эле, кызым бул жактан төрөлдү, андан кийин уулум төрөлдү. 3 жылдан кийин жолдошум бизди таштап кетти. Бул учур өтө оор болду. Мен немис тилин билбей барган элем. Балдарым кичинекей болуп тил үйрөтүүчү курска дагы барууга мүмкүнчүлүк болбой, абдан кыйналдым. Балдарым уктаган учурда интернеттен тил курстарын окучумун. Ал кезде азыркыдай байланыш жеңил эмес болчу, Скайп менен айына бир жолу ата-энем менен сүйлөшчүмүн. Турмушум бузулуп кыйналып турганымда атам “сабырдуу бол” деп көп айтты.

«СТУДЕНТТЕРГЕ ЖАРДАМ БЕРИП ТУРАМ»

– 2014-жылдан бери Кыргызстанга бара элекмин. Ата-энем бул жакка келип турат. 2017-жылы немис улутундагы адамга турмушка чыккам, ата мээримин төгүп балдарымды чогуу тарбиялашып келе жатат. Турмушка чыккандан кийин тил курстарына жазылдым. Германиянын мыйзамдарын окуп, сынак тапшырып жарандыгын алдым. Кыргызстандагы дипломумду бул жакка жарактуу кылып которттум. Учурда кесибим боюнча менеджер болуп Литва-немис транспорт компаниясында иштеп жатам. Социалдык тармактан бул фирманын негиздөөчүсү “кыргызча-немисче сүйлөгөн менеджер керек” деп мени жумушка чакырып калды. Негизи мага Инстаграм, Тиктоктон Германияга иш-окуу үчүн келүүгө кызыккандардан көп суроолор келчү. Алардын суроосуна жооп берип, өзүмдүн билгендеримди, башымдан өткөн нерселерди айтып берчүмүн. Айрым сезондук жумуштарга келгендер кетерине аз калганда “эже, мени алып калыңызчы” деп суранышат. Алардын документтерин тууралаш үчүн күн-түн иштеген учурлар болот. Бул жактагы студенттерге дагы ар кандай жардамдарды берип турам. Жакында эле үйүмдө 3 ай бир кыз жашап кетти. Анын байкеси мага Тиктоктон жазып калды, дароо дарегимди бердим.

«КЫРГЫЗДАРДЫ ГЕРМАНИЯГА ОРТОМЧУСУЗ АЛЫП КЕЛГЕНИ ТУРАМ»

– Жалгыз бой энелерди Германияда жумушка орноштурсам деген тилегим бар болчу. Себеби жалгыз бой эненин түйшүгүн өз башымдан өткөрдүм да. Орусия, Кыргызстандан кайрылган жалгыз бой энелер көп, аларга кеңешимди айтып, жумуш караштырып берип келем. Буюрса, 18 жаштан 60 жашка чейинки кыргыздарды ортомчусуз, түз Германияга жумушка алып келе турган агенттик ачканы жатам. Лицензиябыз бар, учурда ошол долбоордун үстүндө иштеп жатам. Инстаграмдагы катталуучуларымдан көбү немис тили курсуна барып, бул жакка келүүгө даярданып жатышат. Эң биринчи эле жалгыз бой энелердин, студент эмес жарандардын келишине шарт түзөбүз, себеби студенттерге келүүгө мүмкүнчүлүктөр көп.

Азыркы иштеп жаткан компанияга менин атымдан август айында 150гө жакын айдоочу каттоодон өтүп, визасын күтүп жатышат. Фирмада 300дөй кыргыз иштейт. 2018-жылдан бери иштеп келе жаткан кыргыз балдар бар. Жакшы жумушта иштейм дегендер сөзсүз тил үйрөнүп келиши керек. Кара жумушчу болсо деле тил билбей келгендер абдан кыйналышат. Бул жакта карыларды карай тургандар, почта, медицина кызматкерлери, ширетүүчү, электрик, курулушчулар жетишсиз.

«ЖУМУШТАР АЯЛДЫКЫ ЖЕ ЭРКЕКТИКИ ДЕП БӨЛҮНБӨЙТ»

– Немистер менен кыргыздардын менталитети, жашоо образы асман менен жердей. Бул жактан көп нерсени көрдүм, үйрөндүм. Бул жакта жумуштар аялдыкы же эркектики деп бөлүнбөйт, бардык ишти бирдей жасай беришет. Үй-бүлөгө өтө бекем болушат экен, ажырашуу жокко эсе. Бирөөнү аялдыкка алдыбы, жоопкерчиликтүү мамиле кылышат. Бул жакта аборт дагы көп жасалбайт. Кудайдан коркушат. Аборт жасатам десе күйөөсүнүн, башка врачтардын уруксатын талап кылышат. Ойлон деп 3 жолу үйүнө кетирип, психологго жөнөтүшөт. Бул жакка иштегени келген кыздардан “жакшынакай немис балдар толук аялдарды жетелеп жүрө беришет экен” деген сөздөрдү көп уктум. Аларга “силер деле төрөттөн кийин толуп кетишиңер мүмкүн, анан күйөөң таштап кетсе эмне болот?” деп калам. Жекшембини үй-бүлө күнү деп коюшат. Бул күндү үй-бүлөбүз менен чогуу өткөрөбүз.

«КЕЛИН-КАЙНЕНЕ ДЕГЕН ТҮШҮНҮК ЖОК»

– Конокко барганда биринчи эч качан жолдошуң сенден озунуп ичкери кирип кетпейт, конок тосуп жаткан жак дагы биринчи аял менен учурашат, аялды төргө өткөрүшөт. Мен кайненем менен жашайм, бул жакта биздегидей келин-кайнене деген түшүнүк жок. Ар ким өзүнүн буюмун, идиш-аягын өзү жыйнайт. Туугандар болуп кайненемдин үйүнө чогулуп калганда абысыным экөөбүз төргө отурабыз, жолдошум, кайнагам апасына жардам берет. Биз аларга конокко келди дегендей түшүнүк калыптанган.

Бир жыл мурун кош бойлуу кезимде баламды жоготуп алып, катуу депрессия болдум. Ал баланы 3 жыл күткөнбүз. Эми ден соолугума байланыштуу төрөгөнгө болбой калды. Жолдошум балалуу болууну абдан самачу, азыр “сенин балдарың – менин балдарым, өзүм чоңойтком, сен оорубачы” деп калды. 27 жашымдан баштап өзүмдү бактылуу аял болдум деп эсептейм.

«ЖӨЛӨК ПУЛ БАЛАНЫН ЖАШЫ МЕНЕН ЧОГУУ ӨСҮП ТУРАТ»

– Немистер 9-10 айынан эле балдарына оюнчугун жыйнаганды, 3 жашынан тамакты өздөрү жегенге, айтор, кичинесинен өз алдынчалыкка үйрөтүшөт экен. Балдарга жөн эле акча бере беришпейт, аларга акчанын кантип келишин түшүндүрүү үчүн сөзсүз бир нерсе жасатып анан беришет. Мисалы, мен балдарым акча сураганда “бүгүн мага үй жыйнаганга жардамдаш, анан берем” дейм. Балдар дагы ошого көнгөн, жөн эле акча сурашпайт. Балдарды басынтууга жол беришпейт, мектепте окуучулардын баасын бири-бирине угузбайт. Балдар кийинки класска көчпөй калганда “бул быйылкы сабактарына убактысы аз болуп жетишпей калгандыгына байланыштуу кийинки жылы дагы бул класста окууну туура көрдү” деп гана коюшат экен. Булар эне тилине дагы абдан бекем келишет. 12 жыл жашап күнүмдүк турмушта англисче сүйлөгөн немисти көргөн жокмун.

Балага төрөлгөндөн 18 жашка чыкканча мамлекеттен берилүүчү жөлөк акчасы баланын жашы менен чогуу өсүп турат. Мисалы, 10 жаштагы балага 200-250 евро берилет. Ата-эне катары айына 20-30 миң евро киреше тапсаң деле, баланын жөлөк пулуна тиешеси жок. Жолдошум менен ажырашып, жалгыз бой эне болуп жүргөндө мага алимент да берип жатышты. Балдарымдын атасы бир да сом берип балдарына жардамдашкан эмес. Байланышкан дагы эмес.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1034, 30-сентябрь-6-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА