Гүлзаир Сагынова, ырчы: “ЫРЧЫЛЫККА ТАБИТИМ ӨЗГӨРДҮ, БУГА КӨПТӨР ТАҢ КАЛЫШУУДА”

Ырчы Гүлзаир Сагынова 3-4 жылдык тыныгуудан кийин кайрадан чыгармачылыкка билек түрө киришип жаткан учуру. Эстрада сүйүүчүлөрү үчүн да, фольклор жаатында да сапаттуу музыка тартуулайм деген ырчы жеке жашоосундагы жаңылыктар, шоу-бизнеске болгон көз карашынын өзгөрүшү тууралуу кызыктарды айтып берди.

– Гүлзаир, куш келипсиз. Жаңылыктар көп деп калдыңыз...

– Ооба, чыгармачылыкта көптөгөн пландарды коюп жатабыз. Жаңы ырлар жазылып, клиптер тартылып жатат. Күркүрөгөн күздө билек түрө киришип жаткан убагыбыз. Жеке жашоомдо да жакшы жаңылык болду, быйыл жайында кыздуу болдук. Кызыбызды торолтуп алып, кайра ишке кириштим. Аял киши баарына жетишет экен да, жеке ишкерлик менен да алектенем. Биринчи кесибим ырчылык болсо, экинчиси – менеджмент. Бул дипломду да жөн жаткызбай жеке ишкерлик кылып жүрөм. Балдарды окутуу борборун ачканыма 3 жыл болуп калды. Орусиядан франшиза сатып алгам.

– Мынчалык амбиция, чоң максаттар каяктан?

– Кичинемден эле чоң максаттарым бар. Ырчылыкты кесип же хобби дебейм, музыкадан өзүмдү бөлүп карай албайм. Муну менен катар мектепте жакшы окугам. Кичинемден өзүмдүн жеке бизнесим болсун деген максатым бар болчу. Ошондуктан Эл аралык университеттин менеджмент факультетин бүтүргөм.

– Билишимче, “Ордо сахнада” да иштегенсиз?

– Ооба, “Устат-шакиртте”, “Ордо сахнада”, Улуттук филармонияда иштедим. Өзүм “Устат-шакирт” салттуу музыка борборунан тарбияланып чыккам. Кийин өзүм да сабак берип калдым. Бул жерлерде иштөө мен үчүн чоң тажрыйба болду. Улуу инсандар менен табакташ болдум, эл-жер кыдырдым, баарына ыраазымын.

– Чыгармачылыкта тыныгуу алганыңызга эмне себеп болду?

– “Выгорание” дейт го, ошондой болду. Бир учурда 2 университетте окуп, көп жерде иштеп, көп жерге гастролго барчумун. 4-5 жылдай суткасына 3-4 сааттан гана уктап жашаптырмын. Бирок иштегеним өзүмө ушунчалык жаккандыктан аны сезбептирмин. Жан дүйнөм тыныгууну талап кылды. Кыңылдап да ырдабай калгам. Тыныгуу 3-4 жылга созулду. Бул убакта көп нерсени түшүндүм. Чыгармачылыкка башкача көз караш менен карап калдым, мамилем өзгөрдү.

– Кандай максаттар менен кириштиңиз?

– Чыгармачылыгымды жандандыруу. Мен ырчылыкка капысынан келип калган адам эмесмин. 7 жашымдан колума комуз кармап, професcионалдуу түрдө вокал менен машыгып, Кыргыз улуттук консерваториясын бүтүргөм. Профессионал музыкант болгондуктан кесибимди татыктуу түрдө алып кеткенге аракет кылам. Фольклорго да, эстрадага да көңүл бурам. 5-10 жыл мурдагыдан көз карашым, табитим такыр башкача. Көптөр түшүнбөй “мындай ыр ырдачу эмес элең”, “минтип жүрчү эмес элең”, “табитиң башкача эле” деп жатышат. Табит, көз караш өзгөрөт экен. Негизгиси татыктуу, сапаттуу музыканы элге жеткирүүнү гана максат кылам.

– Тыныгууда шоу-бизнеске сырттан карап көрдүңүз да, эмнелер көрүндү?

– Мурда көп нерсени кабыл албай, сындай берчүмүн, азыр баарына көз карашым түз. Ырчыбы, бийчиби чыгармачылыкта жүргөн адам өзү каалагандай иштейт. Эч кимге эч кандай сын айтпайм, өз чыгармачылыгым менен жан дүйнөмдү чагылдырганга аракет кылам. Жаңы жүздөр, мурунку жылдарга салыштырмалуу профессионал вокалисттер, билимге умтулгандар көбөйүүдө. Бул мени кубандырат.

– Үнү жок, фонограмма менен ырдайт деп да сындабайсызбы?

– Ал ырчынын тандоосу да. Ал өзү ошондон ырахат алат, угуп жаткан адам да ошону уккусу келет, ырахат алат. Ырдаба десек эле ырдабай койбойт да. Антип айтып жан дүйнөсүн оорутуп алышыбыз мүмкүн. Бул жашоодо бири-бирибизди сыйлап, көңүлүбүздү оорутпай жашаганга эмне жетсин. Ырдаган адамдын да, уккан адамдын да өз тандоосу.

– Акыркы чыгармаңыз “Гүл эне” ыры болду, ушул ыр тууралуу айтсаңыз...

– Бул мен үчүн өзгөчө чыгарма болду. Ырды алганыма көп болгон. Сөзү Каныбек Иманалиевдики, обону Майрамбек Осмоновдуку. Майрамбек байкенин концерттеринде ырдап жүрчүмүн. Ошол ырды жаңылап жаздырып, апамды клипке тартканбыз. Ошол учур өзүм эне болгон убакытка туура келди. Жаңы төрөп үйгө келгенде клиптин бет ачарын кылдык. Калп айтпайын, 2 жума ошол клипти көрүп ыйлап жүрдүм. Орусиядан төрөп келдим. Энемден алыс болгонго, өзүм да эне статусуна ээ болгонго бул мен үчүн өзгөчө чыгарма болду.

– Жолдошуңуз тууралуу айтсаңыз, кайдан табыштыңыздар, ал киши чыгармачылыгыңызга кандай мамиле кылат?

– Жолдошум чыгармачыл чөйрөдөн алыс, бирок жан дүйнөсү чыгармачылыкка жакын. Экөөбүз тойдон таанышканбыз. Мен ырдап барган тойго ал конок болуп барыптыр. Турмуш курганыбызга 4 жыл болду, менин эң чоң колдоочум – жолдошум. Чыгармачылыкка да жаңы дем менен киришип жатканыма да жолдошум түрткү болду. Отуруп алып “5 жыл музыкалык мектепте окугам. 7 жашымдан баштап комуз чертем. Консерваторияны бүтүргөм. Жалпысынан 12 жылдык өмүрүмдү арнаптырмын” деп мактанып айтып жатсам, “12 жыл окудум дейсиң, кана жыйынтык?” деди. Бул сөз мени намыстантты. Чын эле жыйынтык жок болсо, дипломум менен эмнеге мактанып жатам дедим.

– Кызыңызга 3 ай болуптур, жумушка эрте чыгып алдым деген ой болгон жокпу?

– Өзүбүздүн тандообуз да. Үйдө отура албайм, аял төрөгөндөн кийин бала менен үйдө отуруп калбаш керек. Өсүш керек. Убакыт өтүп жатат, кайрылып келбейт. Болуп-толуп турган убакта адам иштеп алышы шарт. Албетте, балага да татыктуу тарбия, мээрим берүү кажет. Бала багам деп үйдөн чыкпай отуруп алуу мага ылайык эмес.

– Баарына кантип жетишип жатасыз?

– Негизгиси жолдошумдун колдоосу. Жаныңда колдоп турган адамдар болсо оор болбойт экен. Ата-энем, бир туугандарымдын да колдоосу чоң. Ушул суроону көп берип жатышат. Мага оор болгон жок, тескерисинче, кызым мага мотивация берет. Кызым кийин мени менен сыймыктанса дейм, жакшы тарбия бере алсам деп ойлоном. Балдар бизди карап өсүшөт да. Өзүмдү бактылуу алып жүрсөм, улам өнүгүп, билим алып турсам, балдарым да ошондой бактылуу, билимге умтулуп чоңоюшат. Баладан мурун өзүбүздү тарбиялашыбыз керек.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1034, 30-сентябрь-6-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан